Илон Маск быйыл төгөрөктүн төрт бурчуна Интернет жеткирмекчи

Илон Масктын “SpaceX” компаниясынын “Falcon 9” ракетасы “Starlink” интернет желеси үчүн жабдуу ташып, төртүнчү ирет учурулган кез. 2020-жылдын 29-январы.

Илон Масктын “SpaceX” компаниясы 24-январда орбитага 10 жандоочуну жана 133 жабдууну жеткирди. Дүйнөдөгү эң бай киши болуп калган миллиардер Маск 2021-жылы жер жүзүн интернет менен камсыз кылуу кыялын ишке ашырууга талаптанууда.

Илон Маск "Falcon 9" ракетасы ийгиликтүү учурулгандан кийин. 2019-жылдын 2-марты.

Орбитага баалуу жүктөр жеткирилди

Айтылуу ишкер Илон Маск негиздеген “SpaceX” компаниясы жакынкы болочокто бүткүл жер жүзүн интернет желеси менен камсыздоону мүдөө кылган “Starlink” илимий-өндүрүштүк долбооруна ылайык, жекшембиде “Falcon 9” ракетасы аркылуу космостук орбитага жеке менчик жана өкмөттүк 133 космостук жабдууну жана жердин 10 жасалма жандоочусун чыгарды.

Дагы караңыз Эл аралык космос бекетинин өткөөлүнөн сызылып чыккан абанын олуттуу коркунучу жок


Оор жүк ташууга жөндөмдүү “Falcon 9” ракетасы “Transporter-1” программасынын алкагында орбитага рекорддук сандагы жүктү жеткиргендиги тууралуу 24-январда “SpaceX” компаниясынын маалымат кызматы шардана кылды.

Ракета 24-январда АКШнын Чыгыш жээгинин убакыты боюнча саат 10:00до (Бишкекте саат 21:00де) Флорида штатындагы Канаверал тумшугунан учурулган.

Ракетанын көп баскычтуу жабдуусунун биринчи жабдуусу ракетадан жөн гана ажырап тим болбостон, Атлантика океанында жайгашкан деңиздеги автоматтык түрдө башкарылган пайдубалга кондурулган. “Албетте, мен сени дагы эле сүйөм” (“Of Course I Still Love You”) деп аталган бул деңиздеги платформа Канаверал тумшугунан 533 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

"SpaceX" компаниясынын орбитадагы "Starlink 5" жасалма жандоочулары Даниянын асманында көрүнүп турат. 2020-жылдын 21-апрели.


Жер жүзү интернетке каныгабы?

2021-жылы 20-январда “Falcon 9” ракетасы Жердин орбитасынын төмөнүрөөк сересине чакан 60 жасалма жандоочуну жеткирген болчу. Ага чейин мындан башка да ар кыл жабдууларды жеткирген учуулар 16 жолу жүзөгө ашырылган.

Болочокто “SpaceX” компаниясы “Starlink” интернет желесинин 30 миңдей жабдуусун орбитага тизип, төгөрөктүн төрт бурчундагы калктарды интернет байланышы менен камсыз кылуу үчүн эбегейсиз зор санариптик маалымат таркатуу чынжырын калыптандырат.

Оболу Түндүк Америка аймагы интернет желеси менен камсыздалат. 2021-жылдын соңуна чейин бүт дүйнө жүзү интернет байланышы менен космостон жабдылат.

Адамзаттын маалыматты эркин алышы үчүн өзгөчө зарыл бул заманбап долбоор 10 миллиард доллардык капиталдык салымды талап кылаары алдын-ала эсептелген.

Илон Маск 7 астронавтты сала алчу жаңы "Dragon V2" космос кемеси тууралуу маалымат берүүдө. 2014-жылдын 29-майы.


Илон Масктын башка саамалыктары

Илон Маск электромобилдерди чыгарчу «Tesla» компаниясын жана космоско туристтерди ташуучу «SpaceX» компаниясын негиздеген.

2020-жылы май айында «SpaceX» компаниясы эки астронавт менен учурган «Крю Дрэгон» кемеси Эл аралык космос бекетине келип жалгашкан. Ошентип, адамзат тарыхында биринчи жолу жеке ишкердин компаниясы чыгарган космостук кеме менен астронавттар орбитага чыгарылган.

Дагы караңыз Адамдын мээсин башкаруу мүмкүнбү?


2020-жылы августта америкалык миллиардер Илон Маск илимий чөйрөдө дагы бир чоң саамалык жасады.

Эки айдан бери мээсине орнотулган чип менен жашап жүргөн чочкону көрсөтүп, «мына, Гертруда, ден соолугу чың, бактылуу, жашоону сүйгөн чочко» деген Маск жакын арада жасалма акыл чиптерин адамда да сынап көрүүгө мүмкүн болорун былтыр августта кабарлады.

Мээге орнотулчу мындай имплантат омурткасы сынып, шал болуп калгандарга, сүйлөө, басуу жөндөмүнөн ажырагандарга, Альцгеймер оорусу сыяктуу эстутуму начарлап, акыл-эс ооруларына чалдыккандарга жардам бере алат. Имплант бейтаптын оюн окуп, телефондогу, смартфондогу атайын программага чыгарат.

Маск мырза жасалма акыл чиптерди ойлоп табууга 100 миллион доллардык инвестиция салып, бир нече өлкөдөн жүздөгөн окумуштууларды ишке тарткан.

Илон Маск "Cybertruck" деп аталган кубаттуу электр унаасынын жанында. Лос-Анжелес. 2019-жылдын 21-ноябры.

«Тесла» компаниясынын жетекчиси Маск үч жыл ичинде электромобилдерди эки эсе арзандатып, 25 миң долларга чейин түшүрүүгө убада берди. Ошол эле учурда автоунаанын электр кубаты топтолгон батареясынын кубаты жогорулай турганын ал 2020-жылы 23-сентябрда компаниянын баалуу кагаздарынын ээлеринин жылдык жыйынында жарыялады. Учурда «Тесланын» эң арзан «Model 3» электр унаасы 38 миң доллар турат.

2021-жылдын 7-январында Илон Маск дүйнөдөгү эң бай ишкер болуп калды. Анын байлыгы 185 миллиард АКШ долларына тете деп жарыяланды.