Элмирбек деген ким эле, Элмирбек сөздүн пири эле...

Чыгаан акын Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 13-14 жашынан баштап колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган. 

Акын менен коштошуу үчүн жакындары, кесиптештери, күйөрмандары келди. 

Кыргыз менен казакка таанымал төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Садык Шер-Нияз: Элмирбек деген ким эле? Элмирбек ырдын пири эле, Элмирбек сөздүн гүлү эле... Манасчы десең манасчы, Санатчы десең санатчы, Акын десең акын...

Жеңишбек Жумакадыр:
Алыстап бизден бекиндиң досум,
Арманга салып эзилдиң досум.
Айтышарга жанымда сен жок,
Азыр сен билсең, жетиммин досум.

Султан Раев:  Үч күндөн бери Элмирбектин ырларын окуп отурам. Ушунчалык терең, өзүнүн тагдырын өзү жазып койгондой. Мындай терең акындар чанда туулат. Сөздүн тулпары, ойдун тулпары. Сөздү жөн эле айтчу эмес. 

Ак таңдай акын 42 гана жашта болчу.

Акындын өлүмү анын жакындары жана күйөрмандары үчүн күтүүсүз сокку болду. Жамы журт сыздап, сөз баккан адамдардын ичи ачышып турган кез.

Акындын артында үч кызы, үч уулу калды.​

Жамгырбек Бөкөшов: Кыргыз эли жашап турганда элдин сырдын сырдашар, муңун муңдашар дагы далай акын чыгар. Бирок Элмирбектин ордун ким толтурат? Ушунчалык карапайым, ак жүрөк, суроо берсең күлмүңдөп жооп узаткан жан эле

Азамат Болгонбаев: Сиз өмүрдө коркуп жашабай, толкуп жашадыңыз. Сиз өмүрдө жалкып жашабай, бүтүндөй ааламга сыйбас океандай чалкып жашадыңыз. Кечээ сүрөттөрүңүздү карап отурсам, баарында күлүп түшкөн экенсиз, демек сиз асмандагы Күндөй баарына тийип жашадыңыз. Сиз кумурскадан тартып, Кудайга чейин сүйүп жашадыңыз. Демек сиз аздектеген, өзүңүз туулган Ала Тоодон да бийик жашадыңыз. 

Таалай Керималиев: Бүгүн элде "Элмирбек эмнеден өлдү?" деген суроо турат. Элмирбек чоң кайгыдан өлдү. Отуз жылдан бери кыргыз эли тартып жаткан азап-кайгыны көтөрө албады. Элмирбек мансап, бийликтин азабынан өлгөн жок! Элмирбек бийлик үчүн, мансап үчүн бирин-бирин, элин, жерин сатып жүргөндөрдүн азабынан өлдү. 

Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу анын Бишкектин Туңгуч районунда жайгашкан үйүнүн алдында өттү.