"Электр өчкөндө тамак ичпей калдык". Майыптыгы барларды кыйнаган кыш

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү жашаган батирлерде бир апта бою свет өчүп жатат. Көк-Жар жаңы конушундагы көп кабаттуу үйлөрдө газ киргизүүгө уруксат берилген эмес. Ушундан улам майыптыгы бар тургундар кыштын ызгаарында кыйналганын айтышууда. Азиздер жана дүлөйлөр коомунун маселеси 19-январда Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, энергетика министри жарыкты маал-маалы менен өчүрүүгө аргасыз экенин билдирген.