Беш жүз жыл жашаган акула

Грендланд акуласы

Гренланд акуласы беш кылым жашайт. Мюнхенде дүйнөдөгү эң үнөмдүү электрокөлүк жасалды. Болочоктогу компьютерлер дененин кыймылы менен башкарылат. Азербайжанда Сасаниддер доорундагы турак жай табылды.

500 жыл жашаган деңиз жандыгы

Грендланд акуласы беш кылымга жакын жашайт. Анын ургаачысы 150 жашка толгондо гана жыныстык катнашка же тукум улаганга даяр болуп жетилет. Копенгаген университетинин (Дания) биологдору берегидей тыянакты грендланд акуласынын (Somniosus microcephalus) 28 ургаачысын изилдегенден кийин жасашты. Бул түркүмдөгү акулалардын мындай узак жашаганы, даниялык адис-физиолог Майкл Оэлеманн (Michael Oellermann) айткандай, “таң каларлык”. "Анткени бул балык жашаган океандын түп жагында түрдүү жырткычтар көп, азык-түлүк тартыш", - дейт Оэлеман.

Грендланд акуласы 400 жылдан узак жашарын биринчи болуп жергиликтүү биологдор 1930-жылдары айтышып, бирок далилдей алышкан эмес. Копенгаген университетинин деңиз биологу Жон Стеффенсен (John Steffensen) жана анын шакирти Жулиус Нильсен (Julius Nielsen) грендланд акуласынын эң кары ургаачысынын жаш курагын көздүн ядросундагы хрусталына радиоуглероддук анализ жасап аныкташкан.

Бул түркүмдөгү жаңы туулган акуланын бою демейде 42 сантиметр болот жана жылына 1 сантиметрге өсүп турат. Эң узун деп катталган гренланд акуласы 6.4 метр. Илимпоздор радиуглероддук анализге таянып, эң кары ургаачы акула 392 плюс же минус 120 жыл жашайт деп бүтүм чыгарышкан. Буга чейинки рекордсмен 211 жыл жашаган грендланд кити эсептелчү. Бою 4 метрге жакын гренлданд акуласынын кош кабат ургаачысы кеминде 150 жашта экени жогорудагы жол менен аныкталган.

Грендланд акуласы Атлантика океанын түндүк бөлүгүндө 2200 метрге чейин тереңдикте байырлайт. Жайкысын 180-550 метр тереңде кездешет. Алар жашаган жерлерде суунун температурасы 0.6-12 градус болот. Грендланд акуласы башка тукумдаштарына караганда, алда канча жай сүзөт: орточо ылдамдыгы 1.6 км/cаат, эң ылдам дегенде 2.7 км/cаат ылдамдыкта сүзөт. Тюленден эки эсе жай кыймылдайт. Грендланд акуласынын эти уулуу болгондуктан аны боорунун майын алуу үчүн гана кармашат. (Кошумча маалымат үчүн караңыз ww.sciencemag.org, http://www.livescience.com, https://www.theguardian.com)

Үнөмдүү электромобил

Мюнхен техникалык университетинин (TUM) студенттери дүйнөдөгү эң үнөмдүү электромобилди жасашты. Алар "eLi14" электромобилинин дизайнын да иштеп чыгышкан. Ойлоп тапкыч студенттердин тобу TUfast Eco Team деп аталат. Алар жасаган электромобилди Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китеби “Эң эффективдүү электромобил” деп каттады. Сынак учурунда "eLi14" 25 кмилометр аралыкка 78.79 кДж (килоджоул) энергия жумшаган. Бул 1232.2 километрге 1 киловатт/саат энергия коротту же 10957.02 км аралыкка 1 литр бензин сарптайт дегенди билдирет.

Студенттердин TUfast деген ат менен белгилүү бул тобу энергияны үнөмдүү (эффективдүү) пайдаланган автокөлүктөрдүн жыл сайын өтчү мелдешине катышуу максатында түзүлгөн. Топтун жаңы мүчөлөрү "eLi14" электромобилинин дизайнын 2014-жылы иштеп чыгышкан. Анын салмагын алгачкы прототипке салыштырганда 20 килограммга жеңилдетишип, тулкусун мурдагыдан да жумуру кылып, аэродинамикалык сапатын жакшыртышкан. “Биз жасаган электромобилибиздин потенциалы чоң экенине ишенебиз”, - дейт топтун башчысы Лиза Куглер (Lisa Kugler). Дүйнөдөгү эң экономдуу электрокөлүктү жасаган топко университеттин сегиз бүтүрүүчүсү жана бир студенти кирет.

TUfast Eco Team жасаган береги электрокөлүк жыл башында болочок инженерлердин Францияда өткөн сынагында (EduEco Challenge) электр батареясы менен жүрчү автокөлүктөр категориясында (Battery Electric Prototype Category) баш байгени уткан, ошондой эле бардык категория боюнча эң мыкты автомобилге ыйгарылчу Grand Prix de vehicules Prototypes сыйлыгын жеңген. (Булагы: http://tufast-eco.de, http://www.ceramicspeed.com.)

Дене кыймылы менен башкарылчу компьютер

Келечектеги компьютерлер клавиатурасы жана томпойу (mouse) жок болот.

Microsoft компаниясынын изилдөөчүлөрүнүн жаңы концепциясына ылайык, болочокто зымсыз клавиатура жана томпой ордуна компьютерге зарыл маалыматты киргизүү же андагы маалыматтарды каалаган баштыкка жылдыруу үчүн зымсыз клавиатура менен томпойлордун кереги жок. Ал үчүн экрандын бетиндеги тийиштүү белгинин же сүрөттүн тушунда колду кыймылдатып жана компьютердин керектүү топчусун басып, зарыл болгон иштерди бүткөрө бересиз.

Karmon деп аталган жаңы системанын үстүнөн Microsoft компаниясынын Кэмбридж шаарындагы Изилдөө борборунун адистери Кфир Кармон (Kfir Karmon), Жейми Шоттон (Jamie Shotton) жана Хрвое Бенко (Hrvoje Benko) бир нече жылдан бери иштешүүдө.

"Биз реалдуу дүйнөдө объекттерди колубуз менен кармап жылдырабыз, көтөрөбүз, манжаларыбыз менен аларды сылап көрөбүз. Азыр биз бул жана башка жумуштарды виртуалдык объекттер менен адам өзү көнгөн табигый жол менен жасагандай кыла алабыз,” - дейт Борбордун изилдөөчүсү Жейми Шоттон. Анын айтканына караганда, изилдөөчүлөр азыр адамды компьютерге ылайыкташканга эмес, тескерисинче, компьютерди адамга ылайыкташтырган технологиянын үстүнөн иштешүүдө. Бул технология ишке ашса, адамдар компьютерди көзү, үнү, дене боюнун кыймылы жана башка жолдор менен башкара алышат. Ал үчүн компьютер адамдын колунун ишарасын жана дененин кыймылдарын жазбай байкап турган абалга жетишүү абзел. Ошондо адам виртуалдык колду өз колу сыңары сезет жана өз колундай башкарып калат.

(Булагы: https://www.microsoft.com, http://www.hardocp.com)

Азербайжанда байыркы шаар табылды

АКШда чыкчу Popular Archaeology журналынын акыркы санына жарыяланган макалада көрсөтүлгөндөй, биздин замандын III жана IV кылымдарына караштуу шаарчаны Азербайжан Илимдер академиясынын Археология жана этнография институтунун Агсу археологиялык экспедициясы алгач 2014-жылдын баш ченинде тапкан.

Макалада айтылгандай, 2000 чарчы метр аянттагы кыртыш 2.5-3 метр казылганда, топурактын астынан байыркы турак үйлөрдүн жана административдик имараттардын дубалдары, таш жана такта төшөлгөн жол, ошондой эле чоподон жасалган чоң кумуралар чыккан. Андан башка да Рим, Сасанид жана Византия мамлекеттеринин жез жана күмүш тыйындары, коло жана агаттан жасалган мөөрлөр, чопо идиштер, үлүл формасындагы карапалар, алтын зер буюмдар, бычак менен кестиктин түрлөрү жана башка нерселер табылган. Археологиялык изилдөө 12 гектар аянттагы шаардын чеби Сасаниддер доорунда кам кирпичтен жасалган дубал менен курчалганын, калаадагы бардык курулуштар бышпаган кыштан тургузулганын аныктаган. Бышкан кыш анда-санда үстүңкү катмардагы материалдарда пайдаланылган.

байыркы ассириялыктардын Нимруд шаары. Ирак

Эстеликке сактоо (консервациялоо) үчүн табылгалар ушу тапта Италиянын Калабрия университетинде анализден өтүүдө.

Тарыхчылар Агсу шаарчасында табылган байыркы шаардын чалдыбарын тарыхый булактарда айтылган Мехраван сепили деп аныкташкан. Мехраван сепили-тарыхый Кавказдагы Албан мамлекетинин кемелине жетип турган кезде мехраниддердин аскерий-административдик борбору болгон. Сасанид мамлекети 224-651-жылдары өкүм сүргөн ирандыктардын акыркы империясы.

Азербайжан окумуштууларынын жазышынча, 1735-жылы Ирандын падышасы Надир Шах Шамахи шаарын кыйратканда, анын тургундары Агсуга көчүрүлгөн.

(Караңыз: http://popular-archaeology.com, http://www.heritageportal.eu)