“Күлкү кербендин” кезктеги чыгарылышында өнөрпоз Асылбек Өзүбеков айткан азилдердин бирин сунуштайбыз.
Сексендин чайын ичип жаткан эки аксакал шаардагы гүлбакчада аркы-теркини кеп кылып отурганда, бири айтып калыптыр:
- Атаңдык көрү, дүнүйө! Он сегиз жаш тагдырда бир гана жолу келгени жаман экен!
Анда экинчиси камаарабастан:
- Эмнесин айтасың! Бирок сексен жаш дегениң келбей да коюшу мүмкүн... – дептир.
(TT)