Эл үнү: Анализ көйгөйү ишкердин колун байлады

Коронавирус илдетин аныктоо үчүн адамдын мурун көңдөйүнөн анализ алуу.

Өлкөдө өзгөчө абал алынып, жашоо кадимки ыргагына түшө баштаганы менен дагы эле жардам сурагандар арбын. “Эл үнүнө” кайрылган ишкер "карантин бүттү дегени менен фирмаларды тоноо болуп жатат" деп даттанды.

Рахат Досматова, жети баланын энеси, Бишкектин тургуну:

- “Аз камсыз болгондорго, майып баласы барларга жардам берилип жатат” деп телевизордон айтышууда. Бирок биз эч бир жерден жардам алган жокпуз. Менин бир балам майып. Күйөөм күнүмдүк жумушка чыкчу эле, эми ал да жок үйдө. Аз камсыз болгон үйбүлөдөнбүз.

Айгүл, Бишкектин тургуну:

- Жалгыз бой энемин. Мындан үч жыл мурун күйөөм ВИЧ-СПИД илдетинен каза болуп калган. Анан тогуз жаштагы уулум чарчап калды. Азыр сегиз жаштагы уулум менен жашайм. Өзүм ВИЧ-оорулуумун. Дары менен жашайм. Боорум дагы ооруйт. Дүкөн, бакчалар жабылгандыктан, ишсиз калдым. Мурда үйдөн таттуу токоч бышырып, дүкөндөргө тапшырып иштечүмүн. Азыр жардамга аябай муктажмын. Дары-дармекке, батир акысына акчам жок. Мүмкүнчүлүк болсо кыргыз элимен жардам сурайм.

Коронавируска тест тапшыруунун түйшүгү

Субан Тынчтыкбек уулу, Нарын облусунун Оттук айылынын тургуну:

- Кара-Көл шаарындагы “Жагалмай” деген укугу чектелген компанияда инженер болуп иштейм. Жалал-Абадда карантин бүткөндүгүнө байланыштуу жумушчуларды Нарынга алып келип, иш баштоо үчүн ар бир жумушчудан 2500 сомдон алып, коронавируска тест тапшыруу керек экен.

Ал тестти Жалал-Абаддан, Кара-Көлдөн, Аксыдан да албайт. Вирус жуккан бирөө менен байланышта болсо же жугузуп алса ошол жерден гана тест тапшырат дешти. Биздин жумушчулар карантинде жаткан, эч кандай оорусу жок адамдар. Эми анализ алууга аларды Бишкекке алып баруу керек экен. Аксы менен Жалал-Абаддан Бишкекке алып барып, анализ тапшыртып, ага төлөп, анан жол киреси менен чыгым абдан эле көп болуп кетет экен. Карантин бүттү дегени менен фирмаларды тоноо болуп жатат. Нарын облусунун губернатору Эмил Алымкуловго чалсам, ал дагы “тест тапшырмайынча, эч кимди киргизгенге болбойт” деди. Кытайлык фирмаларда иштегендерди мамлекет тесттен акысыз өткөрүп жатат. Ал эмне үчүн кыргызстандык компаниялардын жумушчуларын тесттен өткөрүп беришпейт?

Коронавируска каршы күрөш боюнча Республикалык штабга бул суроого жооп алуу үчүн кайрылдык. “Ар бир кызматкердин текшерүүдөн өтүшү талап кылынат жана эч бир ишкана, мекемеге эч кандай жеңилдик берилген жок” деген оозеки жооп алдык.

Сел каптоо, чек арада чыккан чыр

Аты-жөнүн атабаган жаран:

- Ушундай кыйын маалда элдин акыбалын карабаган кандай? Депутаттар ушинтип отуруп алып эле бири-бири менен кармашып, кыйын болуп жатышат. Андан көрө сел алган жакта элдин абалы кандай экенин көрүп, =эмне барышпайт? Мына өзбек президенти Шавкат Мирзиёев эки саатка жетпей эле суу каптаган жерге жетип барды. Эми ал жердеги элге там кура башташты. Ал эми биздин жетекчилер эмне кылып жатат? Элге чыгып, элге кандай жардам берип жатышканын айтышпайбы? Кыйналып жаткан элди ушундай маалда колдобогондо качан колдойт? Эл шайлоодо эле керекпи? Чоңдор элдин эсебинен жашап жатышат да. Мисалы үчүн биз дүкөнгө барып соода кылганда эле салык төлөйбүз. Биздин салыктын эсебинен депутатка айлык төлөнөт. Бир жагынан коронавирус каптап, эл кыйналып турат.

Жаз жарышта суу тартыш

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районундагы Тепке айылынын тургуну:

- Ак-Суу районундагы Тепке айыл өкмөтүнө үч айыл кирет. Үч айылдын талаасына эмдигиче суу кирбей, айдаган жерибиз кургап жатат. Айылдын киреше булагы жер менен байланыштуу. Дыйкандар анын зыянын тартып калышы мүмкүн. Канал какшып турат, бир тамчы суу жок. Бул эмнеден экени да белгисиз.

Ак-Суу районунун администрация башчысы Акылбек Түкебаев жооп берди:

- Тепке айылына суу Жыргалаң дарыясынан алынат. Айылга чейин 30 километр канал менен жетет. Сууну эрте, 15-апрелден тартып бере баштаганбыз. Май айы жаңыргандан бери Жыргалаңда суу тартылып кетти. Тепке айыл өкмөтүнө чейин ортодо дагы үч айыл өкмөтү: Ак-Чий, Отрадное, Каракол бар. Андан кийин гана Тепкеге жетет. Суу азайып кеткенине байланыштуу суу пайдалануучулар макулдашып, сууну кезектешип алып жатышат. Айыл өкмөттөрүнүн ар бири үч күндүк кезек менен алат. Тепкеде дагы насостук станция бар, ошол жерде сууну насос менен чыгарып берет. Кара-Жал айыл өкмөтү суу ичет, андан ары Түп районуна кетет. Эки күндөн бери насос иштей баштады. Дарыянын башында суу көтөрүлсө насосту токтотуп, буруп эле берсек болот.

Айылдагы жер талаш

Москва районундагы Беловодское айылынын атын жашыруун калтыргысы келген тургуну:

- Мен Киров көчөсүндө жашайм. Канча жылдан бери таштанды басып жаткан жаткан жерди тазалап, жашылдандырып, бак-дарак тигип койгонбуз. “Биз таштандыга ууланып жашап жатабыз, эмнеге акыр-чикир төктүрөсүңөр, ушул жерди карабайсыңарбы?”, – дегенбиз. “Анда ошол жерди карап, бул жердин кароолу менмин” деп айткыла дешкен. Анан таштанды баскан беш сотых жердин тегерегин тосуп туруп, мына бул көчөттүн баарын сатып алып отургуздук. Бак-дарактын арасына арпа-беде сээп, сонун болуп өсүп калган. Анан айыл өкмөтү “Эмне үчүн бул жерге бак-дарак тигесиңер, 60 миң сом айып пул” дептир. Буга чейин таштанды басып жатканда карап койбогон айыл өкмөтү эми карантинде кыйналып турган карапайым элден акча алып жатат. Акыр-чикирден арылтып, тазалап, ушунча мээнет кылган биз айыл өкмөтүнө 60 миң сом беребизби? Эмне деген уятсыздык?

Москва районундагы Беловодское айыл өкмөт башчысы Кубанычбек Эшалиев бул дооматка мындай жооп берди:

- Ал жерде “айып пул, аны муну” деген сөз болгон эмес. Ал жер мамлекеттик жер, жайыт жер деп белгиленген. Ага “каттап берүүгө болбойт, мамлекеттин жери, мыйзамсыз болуп калат” деп айтканбыз. Көчөт отургузуп салыптыр, “Азыр аны казганда сизге зыян болуп калат, эмки жылы жазга чейин тура турсун, анан башка жерге көчүрүп алыңыз. Бул жер мыйзамсыз болуп калат” деп түшүндүргөнбүз. Сиздерге туура эмес маалымат берип коюптур. “60 миң айып пул” дегени туура эмес. Жер мамлекеттин жери.

“Жалдын” тургундарын чочуткан темир такта

Аты-жөнүн айтпаган жаран:

- “Жалдагы” жарнама илинген тактанын түбүн сүрүп салышкан. Түбү канча бекем экенин ким билет. Бирок шамал болсо эмне болот?

Бишкектин “Жашылдандыруу” чарба ишканасынын жетекчиси Элнура Жолдошова мындай жооп берди:

- Тыналиев көчөсүндө биздин ишкана жерди түздөп, жашылдандыруу иштерин аткарып жаткан. Анткени эки-үч жыл мурда ошол жерде жол оңдолгон, жаңы жол салынган. Ошондо курулуш материалдарынын калдыктарын жол боюндагы көк майсанга таштап коюшкан. Азыр аны алып чыгып, ордуна таза топурак төгөбүз. Ал жерге көк майсаң жасап, ар кандай бактарды отургузабыз. Негизи жерди түздөө ишибиз ирригациялык каналдын деңгээлине тууралап жатабыз. Ал жарнамалык такта мурда эле бар экен. Арматура менен бекитилип, пайдубалы цементтелген. Ага биз тийген жокпуз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​