Ооруканага айланган жатакана, Токтогулда азайган суу

Жугуштуу оорулар ооруканасына ылайыкташтырылган жатакана. Кара-Суу району, Ош облусу. 5-август, 2020-жыл.

«Азаттык» аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.

Ош

Ош шаарынын 24 жаштагы тургуну Алия Рысбекова жасалма интеллектти изилдеген "DeepMind" компаниясына ишке өттү. Башталгыч классты Өзгөндө окуп, Түркиядагы Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин компьютердик инженерия бөлүмүн аяктаган соң IT тармагындагы бир топ ишканаларда тажрыйба топтогон. Алия жакында "Google" компаниясынын бир бөлүгү болгон "DeepMind" компаниясы менен эмгек келишимин түздү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Рысбекова: IT - аялдарга эң ылайык кесип

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылында жайгашкан №59 кесиптик лицейдин жатаканасы жугуштуу оорулар ооруканасына ылайыкташтырылып оңдолуп жатат. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү "Фейсбуктагы" баракчасына иштин жүрүшүнөн тартылган сүрөттөрдү жүктөдү.

Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү.

Жалал-Абад

Кыргызстандагы «Таза Кол» коомдук уюму Токтогул станциясында (ГЭС) суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышта жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эскертти.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кышында жарык өчөбү?

Ысык-Көл

Ысык-Көл облусунда Үркүн окуясынын курмандыктары эскерилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө таандык кызматтык автоунаалардын бирин сатып же алмашып, Каракол шаарындагы ооруканага "Тез жардам" автоунаасын алып бермей болду.

24.kg маалымат агенттиги жазган кабарды Түлөбаев өзү дагы "Фейсбуктагы" баракчасына бөлүштү. Маалыматка караганда бир автомобиль кызматтык автоунаа катары калат. Ал аталган агенттикке биринчи орун басарынын машинесин сатуу же алмашуу маселесинин мыйзамдуулугу каралып жаткандыгын, түшкөн акчага "Тез жардам" автоунаасы сатылып алынары пландалганын айтып берген.

“Быйылкы жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн режиминде жүргүзүлүүдө. Бул процессти уюштуруу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыкты”, - деп билдирди билим жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров.

Бишкек

Бишкектеги №1 оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев кызматтан кетти.

Бишкек шаарындагы №1 клиникалык оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев иштен алынганын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 5-августтагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, №1 оорукана боюнча дооматты Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия териштирип, ушундай чечим чыкты.

Жети стационар консервацияга алынды

Бишкек шаарында коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптарды кабыл алган күндүзгү стационарлардын жетөө убактылуу ишин токтотту. Шаардык мэрия консервацияга алынган стационарлардын тизмесин жазып, жарандарды өз алдынча дарылануудан оолак болууга чакырды. Маалыматка караганда шаар тургундарын тейлөө үчүн эртең мененки 8ден кечки 8ге чейин жети стационар иштейт. Түнкүсүн эки стационар бейтаптарды кабыл алат. Медициналык жардамга муктаж жарандар 118 түз байланыш номерине кайрылса болот.

Боронов: Абал оор

Кыргызстанда коронавирус боюнча абал жалпысынан оор. Бул тууралуу 5-августта премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Өкмөт башчы айыккандар көбөйүп, жаңы катталгандар азайып баратканын жакшы көрүнүш катары баалап, бирок оорунун экинчи толкуну келбесине эч ким кепилдик бере албай турганын айтты. Эгерде Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну болсо дарыгерлер жетишпей калышы ыктымалдыгын эскертти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​