"Эл үмүтү": 50 миң долларлык стипендия кимдерге берилет?

Президент Садыр Жапаров эң мыкты студенттерге президенттик стипендияларды тапшырды.

4-августта “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына тандап алуу башталды. Бирок анын шарттары, акча төлөп берүү системасы боюнча талаштар чыгууда. Стипендия боюнча жарлыкка Садыр Жапаров май айында кол коюп, анын жол-жобосу дээрлик үч айга жакын аралыкта иштелип чыккан.

Кочкордун тургуну, 26 жаштагы Мээрим Нурланбекова ушул жылдын февраль айында АКШдагы Стэнфорд окуу жайына магистратурага өткөн. Университеттин «Дизайн жана технологиялар» адистиги боюнча анын бир жылдык окуу акысы 65 миң долларды түзөт. Олчойгон акчаны өз алдынча таба албаган Мээрим май айында жарыяланган “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы тууралуу угуп, кубанып отурат. Бирок ага кабыл алуу маселеси бир кылка эмес экенин белгиледи:

"Ал стипендия боюнча 50 миң доллар акча берилет экен. Бул мен үчүн чоң жардам болмок. Негизи мен бул стипендияга абдан ыраазымын. Бирок кабыл алуу жолдорун чар-жайыт кылбай, так жасалса деген эле ой. Бул стипендияны ушунча ай күтүп отуруп, окууга жетишпей каламбы деп коркуп жатам".

Мээрим мамлекеттик стипендияга талап кылынган документтердин көбүн тапшырган экен.

“Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендия программасы боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров 10-майда кол койгон. Ага ылайык, стипендия берүүнүн жол-жобосу бир айда иштелип чыкмак. Бирок ал документ 29-июлда гана жарыяланып, кабыл алуу 4-августта башталган.

“Эл үмүтү” жана ага кабыл алуунун шарттары тууралуу маалымат Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жайгашкан. Ага ылайык, дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка стипендия берилет. Программада берилчү акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары, анын көлөмү 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени белгиленген.

Документке ылайык, техникалык жана инженердик багыттарга артыкчылык берилет. Ошондой эле экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырса болот. Илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө он стипендия бөлүнөт.

Дагы караңыз ЖОЖго бир жылда эки жолу тапшырууга жол ачылат


Стипендиянын жол-жобосу менен таанышып чыккан Алина Алымкулова айрым талаптарга нааразылыгын билдирди.

"Негизи стипендия болгону жакшы. Бирок мени бир аз жол-жобосу таң калтырды. Техникалык багыттагы кесиптерге көбүрөөк басым жасалганы да кызык. Себеби, көбүнесе эркектерге мүмкүнчүлүк түзүлүп калышы мүмкүн. Ошол эле кезде PHD даражасы боюнча да стипендия берилет деп жазылыптыр. Бул жогорку даража болгондуктан, катардагы билим алам деген студент тапшырышы күмөн".

Президент Жапаров "Эл үмүтү" стипендиясы боюнча жарлыкка кол койгон соң мамлекет жаштардын потенциалын ачууга басым жасай турганын жана башка долбоорлор аркылуу да студенттердин четке чыгуусуна шарттарды түзүү караларын белгилеген.

"Адам ресурстарына инвестиция жасоо — биздин ийгиликтерибиздин башкы ачкычы. Бул сөзүмдү кайталагандан эч тажабайм. Жаштар — элдин үмүтү жана ишеничи. Биздин жаштарды эң негизги ресурсубуз жана бөксөргүс байлыгыбыз деп билем. Президенттик стипендиянын жаңы программасынан сырткары менин тапшырмам боюнча өкмөт дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен эки тараптуу келишимдерди иштеп чыгууга киришти. Ал окуу жайларга да биздин студенттер жөнөтүлөт", - деп президент социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Дагы караңыз Чет өлкөдө кантип акысыз окуса болот?

Стипения алууга талапкерлерден чогулган документтерди Билим берүү жана илим министрлиги кабыл алып, катышуучуларды атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссия иргеп чыгат. Аталган министрликтин башкы адиси Дамира Алибаеванын айтымында, стипендиялык каражат президенттик фонддон төлөнөт.

"Билим берүү министрлиги документтерди кабыл алуу гана ишин аткарат. Ушул тапта онго жакын адам тапшырды. Алардын документтерин бир ай ичинде өкмөттүк комиссия карап, жообун берет. Каражат президенттик фонддон төлөнөт. Акча канча убакатта жана кандай жол менен түшөрүн биз билбейбиз".

Стипендия алгысы келген адамдын тек-жайын тастыктаган документтерден тышкары, чет өлкөлүк ЖОЖ тарабынан берилген документ, дипломдор, илим-изилдөө иштеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтар керек. Сынак эки тур менен өтөт. Биринчисинде документтер кабыл алынып, Билим берүү жана илим министрлигинде текшерилсе, экинчисинде "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссияда каралат. Стипендия берип-бербөөнү ошол комиссиянын курамындагы мамлекеттик органдын өкүлдөрү, көрүнүктүү коомдук ишмерлер аныктайт.

Окууга өткөндөр, мындан тышкары, жыл сайын окуудагы жетишкендигин тастыктаган кагаздарды министрликке алып келип турат. Ошонун негизинде жаңы окуу жылына каржылоо берилет.

Дагы караңыз "Эл үмүтү" стипендиясын берүүнүн эрежелери талкууланды

Кыргызстанда 1995-жылы да чет өлкөдө окуй тургандарды каржылаган "21-кылымдын кадрлары" стипендиялык долбоору иштей баштаган. Ага ылайык, окуу акысын мамлекет төлөп берген студенттер университетти бүтүргөн соң Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик мекемелерде иштеши керек болчу. Бирок кийин бул долбоорду каржылоо жана уюштуруу иштери аксап, өз максатына жетпей калган.

Жаңы башталып жаткан "Эл үмүтүн" да ошол "21-кылымдын кадрлары" долбооруна окшоштургандар бар. Бирок мындагы шарттар андан кыйла айырмаланып, сырттан билим алып келген кыргызстандыктарга мамлекеттик кызматта же Кыргызстанда гана иштөө милдеттендирилбейт.

Активист, жакында эле Корея өкмөтүнүн стипендиясын утуп, илимдин доктору даражасында окууга өткөн Нурсултан Алтыбаев "Эл үмүтү" стипендиясын алгандарды көзөмөлдөө керек деген ойдо:

"Мен бул стипендияны бир аз популисттик деп атайт элем. Анткени бул жерде анын иштөө механизми түшүнүксүз. Азыр окуу жайга тапшыруудан да анда окуп кете алабы деген суроо маанилүү. Мисалы, магистратура адатта эки жыл болот. Өкмөт анын эки жылын тең төлөйбү же бир эле жылдыбы? Андан кийин ал акчаны алып окуган жаштар кара келип мамлекетке кызмат кылат деген кепилдик барбы? Муну кантип ишке ашыра алышат? Буга чейинки 21-кылымдын кадрлары” программасы ушундай чыр менен коштолбоду беле. Менимче, ушул тапта окуп жаткан студенттерди деле колдосо жакшы болмок."

Дагы караңыз Жаштар үчүн “Эл үмүтү” эл аралык стипендиялар программасы ачылды

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов стипендиянын тегерегиндеги талаш-тартыш тууралуу "Азаттыкка" буларды билдирди:

"Кыргызстанда 2050-60-жылдары ким иштейт, элге ким кызмат кылат" деген максат менен ушул стипендия программасын баштаганбыз. Бирок 50 студентти каржылап берели деп жатсак, азыр дүйнөдөгү мыкты университеттерге 3-4 эле адам тапшырыптыр. Алар дагы көбүнчө социалдык, гуманитардык адистиктерди тандагандар болуп жатат. Биз инженерлер, технологдор чыксын деп ойлогонбуз. Анын үстүнө дүйнөдөгү 100 мыкты университетке тапшырган болуш керек деп чекти өтө эле бийик коюп алыптырбыз. Сөздүн ачыгы, ошого билим сапатыбыздын төмөндүгүнөнбү же пандемиянын таасириби, өткөн студенттер өтө эле аз экен. Келерки жылдары биз мунун үстүнөн дагы иштейбиз. Окуу жайлар менен да өзүнчө сүйлөшүп, кыска мөөнөттөгү окуулар, даярдык жана курстарга жөнөтүү жагын да карайбыз. Биз секирик жасайбыз десек, ондогон эмес, миңдеген жаштарыбыз чет өлкөдөн окуп келип, ушул жерде өнүктүргөнгө биз дагы шарт түзүп беришибиз керек".

Билим берүү боюнча эксперт Асылбек Мадалиев кандай талкууланган чакта да бул стипендия жаштар үчүн чоң мотивация экенин белгиледи:

"Жакшы демилге, ал жаштарга жакшы дем болот. Дүйнөдөгү мыкты окуу жайларды тандап, ал жакта окууга жакшы мүмкүнчүлүк. Бирок 50 адам жөнөтүү аз болуп калат. Ошондуктан өкмөт эми андан ары катышуучулардын санын балким көбөйтүүнү же дагы ушул өндүү чет өлкөдө окуп келүү боюнча башка дагы шарттарды түзүп берүүгө аракет кылышы керек".

Жылда өлкөдө 150 миңдей улан-кыз мектепти аяктайт. Кыргызстанда 70тен ашуун жогорку окуу жайы бар. Мындан тышкары кыргызстандык жаштар чет өлкөлүк окуу жайларга тапшырып, бекер жана акы төлөп окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.