"Эл менен эсептешкиле". Тууну өзгөртүү жана референдум сунушу

Инаугурация маалында президент Садыр Жапаров тууну өөп жаткан учур. 2021-жыл.

Мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. Документ эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

28-ноябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов өкмөт долбоорду колдой турганын билдирди.

“Мыйзамды кабыл алып берсеңер биз аткарабыз. Мыйзамга ушул пункт киргизилсе бюджеттен көп каражат талап кылынбайт. Талап кылынса да ар бир министрлик, мамлекеттик мекеме иш аткарат”, - деди Абытов.

Желекти өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюлган. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

“Бул өтө маанилүү маселе. Бирок биз бул өзгөртүүнү жасайбыз”, - деген Нурланбек Шакиев.

Ал эми депутат Улан Примовдун айтымында, мыйзам долбоорун сунуштоого желектеги күндүн нурун "күнкарама" деп атаган түрдүү сөздөр себеп болгон.

Улан Примов.

"2004-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Анын үчүнчү беренесинде тууну сүрөттөө бөлүгү келтирилип, анын түсү жана схематикалык чагылдырылышы тиркелген. Бул мыйзам долбоору 2004-жылы кабыл алынгандан кийин ондон ашуун оңдоолор жана түзөтүүлөр киргизилген. Тактап айтканда, техникалык жактан оңдоолор болгон маселен, тууда техникалык маселелер болгон. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурунун көрүнүшүн кабыл алууда күнкараманын гүлү же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы дилемма пайда болгондуктан, мындай көп варианттагы маанини жоюп, бир түз маанидеги гана туюнткан сүрөттөлүшкө жетүү үчүн чараларды көрүү убактысы келди деп эсептейбиз".

Депутат Мейкинбек Абдалиев демилгечилер элге желекти өзгөртүүнүн маанисин түшүндүрө албай жатканын айтып, "туу күнкарамага окшошуп калганы үчүн Кыргызстандын карыздан башы чыкпай келет" деген ойду ачык айтууга чакырды.

"Тууну өзгөртүү менен ырым, жакшы ниет кылып атабыз. Күнкарамага туубуз окшоп калганы үчүн биз да күнкарамага окшоп ар мамлекеттен карызга алып жашап жүрөбүз бүгүнкү күндө. Ушуну негиз келтирсеңер мен ишенет элем. Мына, караңыздар, канча жылдан бери секирик жасай албай, мамлекетибиздин экономикасын көтөрө албай атабыз деп айтсаңар болмок. Биз бир гана ушул мааниде коомчулукка айта алабыз, күнкарамага окшоп калган үчүн өзгөртөбүз деп. Кыргыз ырымга жакынбыз, ушуну эгер оңдосок, мамлекетибиз оңолуп кетет деген мааниде болсо коомчулук да туура түшүнүп, биз да муну колдойбуз", - деди Абдалиев.

Бүгүнкү талкууда депутат Дастанбек Жумабеков желекти өзгөртүү Кыргызстандагы ар бир адамга тиешелүү экенин айтып, бул маселе боюнча референдум өткөрүү сунушун берди.

Дастан Жумабеков.

“Физика же геометрияда күндүн нуру силер көрсөткөндөй түз, тик тиет деген далил барбы? Азыркы желектин нурун күнгө салыштырып, "күндүн нуру андай тийбейт" дедиңиз, Улан мырза. Азыр сиздер көрсөтүп аткан вариантта күндүн нуру тик тиет дегендей айтып атасыз. Азыр буга бир далил барбы? "Тууну өзгөрткөн жокпуз" деп атасыз. Бирок өзгөрүү 30-40 пайызга чейин бар экен. Мисалы, түндүк үч жыгачтан турат, силердики төрт экен. Демек туунун түпкүлүгү өзгөрүүдө. Биз боз үйдө жатканда ушу түндүктү көрөбүз да. Үчөө турса силер төрт кылып койдуңар. Күндүн нуру тик берилет деп атасыңар, бул чоң өзгөрүш. Урматтуу депутаттар, туу мындан 32 жыл мурда кандай кабыл алынса, элге ошол бойдон сиңген. Биз эл аркылуу шайланып келип, ушу жерде отурабыз. Биз элге тийиштүү болгон мыйзамды элдин пикирин эске албай туруп кабыл алганыбызда кандай болуп калат? "Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка маселелер референдумга коюлушу мүмкүн жана анын тартиби конституциялык мыйзам менен белгиленет" деп Баш мыйзамда жазылган. Референдум өткөрүү сунушун президентке Жогорку Кеңеш киргизе алат. Мамлекеттик маанидеги маселени таразага салып, көпчүлүктүн колдоосуна жараша ошол жакка кадам шилтейли. Конституцияга таянып бул маселени референдумга алып чыксак ашыкча болбойт".

1-сүрөттө Кыргызстандын азыркы желеги, 2-сүрөттө депутаттар сунуштаган долбоор, 3-сүрөттө иштелип чыккан вариант.

Буга чейин президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде азыркы туу боюнча коомчулукта “күн карамага окшоштурган, андан улам мамлекет өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалында болуп келатат деген пикирлер айтылып келгенин” белгилеген.

"Эми чынын айтсак, эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келбедикпи. Ошондуктан туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келгендей. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик тууларынын элементтерин өзгөрткөн өлкөлөр жок эмес, мындай учурлар болуп келген", - деген президент.

Ушундай эле пикирин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев да Фейсбуктагы баракчасына жазган.

“Менин пикирим боюнча өзгөртүшүбүз керек. Туубузга карап түздөлөбүз, урматтайбыз, мамлекетибизди туу аркылуу таанышат. Демек, күнкарама болбостон тике тийген, күндөй жаркыраган белги берилиши керек”.

Бирок коомчулукта тууну өзгөртүү сунушу катуу сынга алынган. Медиа эксперт Миржан Балыбаев коомчулук мындай реакция кылып атканда, бийлик элдин пикири менен эсептеши керек деген пикирде.

"Бирөөлөргө күнкарама көрүнсө эле өзгөртө беришеби? Максатка ылайыктуу деп айтканы менен андай болбой жатат. Азыр өмүрү саясатка кызыкпаган, жазбагандар да "желекти өзгөртпөгүлө" деп жатат. Мындай активдүүлүккө мен да таң калдым. Элдин пикири менен эсептешүү керек го. Эгер өз билгенин кыла берсе, элде бийликке болгон ишеним да төмөндөйт".

Жогорку Кеңештин сессиясында бул идеяны сынга алган депутат Мирлан Самыйкожо тууну өзгөртүүгө эмнеге каршы экенин мындайча түшүндүргөн.

"Байрак качан алмашат? Согуштук учурлар болгондо, бир республиканы башка республика кошуп атканда өзгөрөт. Тууну ким саясат? Эркиндиги, эгемендиги бар Эл саят. Сайылган тууну душман түшүрөт. Күндүн нуру деп жатабыз. Биз аны түз кабыл албашыбыз керек. Ошол кезде аны кыргыздын интеллигенциясы, улут каймактары кабыл алган. Биз андан кемчилик издебей эле койсок болмок. Ал күнкарама эмес, коломто деп жатат. Коломтонун оту өчпөсүн, эне бар жерде жылуулук бар деген маани болгон анда. Эне дегендин философиялык терең мааниси бар, наристелердин пири умай эненин эн тамгасынан алынган".

Ал эми туунун авторлорунун бири, Эл сүрөтчүсү Бек Жайчыбеков "Азаттыкка" курган маегинде күнкарама деген пикирге кошулбай турганын айткан.

"Туу кабыл алынган күндөн эле шылдыңдагандар көп болду. Депутаттар көп эле өз идеяларын айтып жатышты. Көлдү, тоону кошкула дегендер болду. Ар бир айтылган сунушту жасап көрсөтүп турганбыз. Алар көргөндөн кийин унчукпай калышкан. Мен жолдон өтүп баратканда желектен күндүн нуру эле көрүнөт".

Тууну өзгөртүү демилгеси 2011-жылы Жогорку Кеңеште айрым депутаттар тарабынан көтөрүлүп, депутаттык комиссия түзүлгөн. Бирок колдоо тапкан эмес.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Мамлекеттик туу күнү жыл сайын 5-мартта белгиленип жүрөт.