Туу - башка элдердей , мамлекеттердей эле кыргыздарда да маанилүү мамлекеттик символ катары бардык мезгилдерде өзгөчө кастарланып, көзөмөлдө болуп келген. Кыргыз эли тууну мамлекеттик өзгөчө белги катары баалап, мамлекеттин негизги белгилеринин катарында сактап келген.
Алардын катарында кыргыз урууларынын, уруктарынын коопсуз карым-катнаштарын камсыз кылуучу бирдиктүү аймак, бардыгына таандык бирдиктүү экономикалык тартип, бирдиктүү тил (же тилдер), бирдиктүү маданият, салт-санаа, үрп-адат, жалпыга таандык бирдиктүү администрациялык-аймактык башкаруу ыкмасы, мамлекеттик символдор: туу, тамга (герб), мамлекет башчысынын ордосу ж.б. нерселерди атоого болот.
Демек, жогорудагылардын негизинде кыргыздар, өз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү доорлорунун бардык мезгилдеринде, доорлорунда тууну негизги символ катары аздектеп, өзгөчө сактап келгенин баамдоого болот. Бул тарыхый чындыкты эске алуу керек.
Туулар ата-бабалардан кийинки муундарга мурас катары өткөрүлүп, ага болгон ишеним башкача болгон. Мамлекеттин, анын башчысынын өзгөчө белгиси катары каралган туулар мыктылардын мыктысы, баатыр жигиттер тарабынан өзгөчө кайтарууда болгон.
Тынчтык кезде да, согуш учурунда да туу өзгөчө көзөмөлдө болуп, аздектелип сакталган. Согуш мезгилинде жоокерлердин катуу сыноолордон өткөн, эр жүрөк, тайманбастарына, керек болсо туу, өз эли, жери, мамлекети үчүн жанын кыюуга даяр, эч нерсеге карабай тууну көздүн карегиндей сактоого жөндөмдүү жигиттерге гана ишеним көрсөтүлүп, туу башы же тууну алып жүрүүчү катары дайындалган. Анткени башка чыгыш элдериндей эле туунун жыгылганы, душмандын колуна түшкөнү, ал тараптын жеңилгенине тете болгон. Ошондуктан тууга болгон мамиленин өзгөчөлүгү да ушунда. “Манаста” тегин жерден “Туу түбүндө турушуп, туубуз качпай турат деп, кубат кылып урушуп...” деп айтылбаса керек.
Байыркы доордогу туулар
Кыргыздардын туулары жөнүндө маалыматтар "Манас" эпосунда да, байыркы кытай жазма булактарында, орто кылымдардагы араб жазма булактарында да кездешет. Мамлекеттин, анын башчысы ажонун туусу, ар бир ири кол башчылардын тууларына кыргыздарда өзгөчө маани-маңызга ээ болгон сыймыктуу символ болгон.
Баса, мамлекеттин да, анын башкаруучусунун да символу болгон туу ар түрдүү аталышта да колдонулуп келгени маалым. Кыргыз элинде бул көрүнүш бир катар синонимдерде - байрак, асаба, желек, туу деп аталып келген. Бул орус тилинде деле флаг деген түшүнүк башка – стяг, полотнище, знамя сыяктуу түшүнүктөрдө колдонулуп келгендей эле көрүнүш.
"Манас" эпосунда: "Желке ылдый жол менен, жети миң кол менен; ак асаба, кызыл туу, айгайлаган ызы-чуу; көк асаба, кызыл туу, көк жаңырган ызы-чуу. Алты жүз миң аскерибиз, алты тууга бөлүндү. Туу жыгылды, хан өлдү, тутушкандын баарысы, туш-тушка качып жөнөдү",-деп айтылат эмеспи.
"Манас" эпосунда кыргыздардын тууларынын төрт түсү айтылат: көк түс – көк асман, көк теңирдин түсү; ак – ыйык түс, сакралдык мааниге ээ түс; жашыл – жашоонун белгиси, түсү; кара – азанын белгиси. Мындай туулар аза күтүү учурунда пайдаланылганы кабарланат.
Кыргыз элинин, алардын мамлекет башчысынын тээ байыртадан эле өз туусу болгону тууралуу маалыматтар байыркы кытай жазма булактарында да айтылат. Бүт дүйнөгө белгилүү синолог, окумуштуу Н.Я. Бичуриндин (Иакинф) эмгектеринен биз төмөнкү маалыматтарды окуйбуз: "Хакяньсы-Хагас (кыргыздар).
Хагас бул байыркы Гяньгундар мамлекети. …Мамлекет башчысы "Ажо" деп аталат, башкалар да аны "Ажо" деп аташат. Анын эшигинде туу орнотулган".
Андан кем эмес мааниге ээ байыркы кытай маалыматтары экинчи бир окумуштуу И.В.Кюннердин эмгектеринде кездешет: "…(алардын) (кыргыздардын – авт.) байрактары жана туулары бар. Алардын ажосу дагы бир штандартын орнотту, анын төмөн жагы толук кызыл".
Кыргыздардын тарыхында, тууларында араб доору да өз изин калтырган. Белгилүү окумуштуу, профессор Ө.Караевдин билдирүүсүндө, таанымал араб окумуштуусу Абу Дулафтын чыгармасында: "Хирхиздер (кыргыздар – авт.) – түрк уруулары… Алардын мамлекет башчысы бар, баары ага баш ийет… Алардын туусу жашыл түстө, аны майрам күндөрү илишет", - деген маалыматтарды окуйбуз.
Бул маалымат араб доору кыргыздардын туусунда да из калтырганы тууралуу кабар берет. Дал ушул эле араб авторунун маалыматын дүйнөгө атагы чыккан, таанымал чыгыш таануучу В.В.Бартольд да өз эмгектеринде пайдаланган. Демек, жогорудагыларды эске алсак, кыргыз тарыхынын ислам доорунун кээ бир мезгилинде кыргыздардын туусу жашыл түстө болгонун кабарлайт. Бирок, эске алчу жагдай бул араб маалыматы, кыргыздардын туусу жашыл болгондугу тууралуу жалгыз гана маалымат экендигинде. Башка араб-перс булактарынан мындай маалыматтарды таба албайсыздар.
Туу мамлекеттик символ катары
Туу бүгүнкү түшүнүктөгү мамлекеттик символ катары бизде ХХ кылымдын башында, Кеңеш өкмөтүнүн алгачкы жылдары пайда болгон саясий маданият. Алгач кыргыздардын өзүнүн туусу болгон эмес. Кыргыз эли биринчи кезекте Туркестан АССРинин, кийин РСФСРдин туусу алдында жүргөн. Кийин, ХХ кылымдын 20-жылдарынын акырында гана биз өз туубузга ээ болдук.
Биринчи жолу кыргыз элинин мамлекеттик туусу 1929-жылы кабыл алынган Кыргыз АССРинин Конституциясында бекитилген. Маалым болгондой, 1927-жылы 7-мартта Кыргызстан Кеңештеринин I уюштуруучу курултайы өтүп, анда Кыргыз Советтик Социалисттик Автономиялуу Республикасы түзүлгөндүгү тууралуу декларация кабыл алынган.
Бирок бул курултайда бир катар себептерден улам Конституция кабыл алынган эмес. Кийин гана, 1929-жылы 30-апрелде Кеңештердин II Бүткүл кыргыз курултайы Кыргыз АССРинин Конституциясын кабыл алган. Ошол биринчи Конституцияда XVI баптын, VII бөлүгүнүн 96-беренесинде мамлекеттик туунун сүрөттөмөсү жазылган. Анда: "Кыргыз Советтик Социалисттик Автономиялуу Республикасынын туусу кызыл түстөгү чарчы байрактан туруп, анын сол жагындагы жогорку бурчуна орок балканын сүрөтү жайгашып, анын астында кыргыз, орус тилдеринде “Кырг. А.С.С.Р. – Кирг. А.С.С.Р." деген жазуу жайгаштырылат" деп айтылган.
Бул жерде эске алчу жагдай, туунун жогорку сол бурчундагы "Кырг. АССР" жазуусу латын алфавитинде жазылган. Анткени, 1928-жылы кыргыз жазуусу араб графикасынан латын алфавитине өткөрүлгөн. Ал кезде кыргыз жазуусу кирилицага өтө элек кези болгон. Ошондуктан бир тууда "Кырг. АССРи" деген жазуу эки графикада же алфавитте жазылып калган.
Биз дал ошол биринчи Конституцияга ылайык, биринчи мамлекеттик туубуздун сүрөтүн таап, сиздердин назарыңыздарга сунуш кылып жатабыз.
Кийинки биздин мамлекеттик туубуз Кыргыз АССРинин Кыргыз ССРи болуп кайрадан түзүлгөндүгүнө байланыштуу пайда болгон. 1937-жылы 23-мартта Кезексиз чакырылган Кыргыз ССРинин Кеңештеринин V курултайы Кыргыз ССРинин жаңы Конституциясын – Баш мыйзамын бекиткен. Ошол эле курултайда Конституцияга мамлекеттик герб, туу, борбор тууралуу атайын бөлүк жана беренелер киргизилген.
Жаңы шарттарга, саясий өзгөрүүлөргө ылайык Кыргыз ССРинин жаңы мамлекеттик туусу бекитилген. Ошол 1937-жылдагы жаңы Конституцияда Х баптын 116-беренесинде төмөнкүдөй маалыматтар камтылган: Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик туусу кызыл түстөн туруп, анын сол жактагы жогорку бурчуна алтын тамгалар менен үстүндө кыргызча “Кыргыз ССР” деп, астында орусчасы жазылат. Туунун туурасы бир метр, узуну эки метр – деп белгиленген.
Бул жерде да эске алчу жагдай 1937-40-жылдарга таандык мамлекеттик туудагы жазуу эки башка арибде - алфавитте жазылган. Анткени 1940-жылга чейин Кыргызстанда латын графикасы колдонулуп келсе, ошол жылдан баштап республиканын иш кагаздары орус алфавитине, кириллицага өткөн. Ошондуктан 1937-40-жылдары колдонулган мамлекеттик тууда эки башка алфавитте жазылган жазуу камтылган.
Демек, 1937-жылы бекитилген мамлекеттик тууда кыргыз тилинде "QЬRGЬZ SSR" жана орус тилинде "КИРГИЗСКАЯ ССР" деген чоң тамгалар менен жазуулар болгону анык.
1940-жылы кыргыз жазуусу толугу менен орус алфавитине өткөндүгүнө байланыштуу жазма маданиятыбызга толук өзгөрүү кирген. Ошол өзгөртүүлөрдүн натыйжасында Кыргыз ССРинин туусуна да өзгөрүүлөр киргизилген.
Демек, жаңы жазма маданияттын киргизилгенине байланыштуу 1940-жылдан баштап биздин мамлекеттик туубузга да өзгөрүү киргизилип, эми республиканын расмий аталышы туунун сол жак жогорку бурчуна кыргыз тилинде чоң тамгалар менен “КЫРГЫЗ ССР” жана орус тилинде жазылган.
Үч түстүү мамлекеттик туубуз 1952-жылдын 22-декабрында кайрадан бекитилген. Дал ошол көркөмдүү да, кооз да Кыргыз ССРинин мамлекеттик туусу көптөгөн улуу муундардын эсинде калган. Ошентип, 1952-жылдын 22-декабрында жарык көргөн Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Указына мамлекеттик тууга ылайык төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилген: Кыргыз ССРинин мамлекеттик туусуна өзгөртүүлөр киргизүү менен Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик туусу кызыл тукабадан жасалып, так ортосунан өткөн, туунун үчтөн бир бөлүгүн камтыган көк түстөгү сызык камтылат. Көк түстөгү сызыктын дал ортосунан, туунун жыйырмадан бир бөлүгүн камтыган ак сызык өтөт. Туунун сол жактагы жогорку бөлүгүнө алтындан орок жана балка, анын үстүндө беш жылдыз түшүрүлөт. Туунун туурасы бир метр, узуну эки метр.
Дал ошол туунун алдында кыргыз элинин бир катар муундары өсүп, ар түрдүү ийгиликтерге жетип, республикабыздын туусун желбиреткен.
Мамлекеттик тууга кийинки кээ бир өзгөртүүлөр 1956-жылдын 14-январында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин президиумунун указына ылайык киргизилген. Эскерте кетчү нерсе, биринчи жолу мамлекеттик туунун автору, дал ушул өзгөртүүлөрдү киргизген эскиздин автору катары Трусковский Лев Гавриловичтин аты аталат. Бул мамлекеттик туунун автору катары биринчи жолу анын эскизинин автору жарыяланган алгачкы учур.
Кыргыз ССРинин мамлекеттик туусуна кезектеги ондоп-түзөтүүлөр 1981-жылдын 2-июнунда киргизилген. Дал ошол күнү кабыл алынган (№1475-Х) Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Указына ылайык, “Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик туусу тууралуу жобонун” жаңы редакциясы кабыл алынган. Анда мамлекеттик туунун негизи мурдагы боюнча калып, бирок кээ бир графикалык өзгөртүүлөр киргизилген. Мурдагыдан айырмаланып бул жолку өзгөртүүдө Кыргыз ССРинин мамлекеттик туусунан беш жылдыздын, орок менен балканын сүрөтү алып салынган.
Дал ушул мамлекеттик туу менен биз эгемендүүлүккө жана көз каранды эместикке жетиштик. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары да дал ушул туу менен башталганы тарыхый чындык.
Эгемендүү Кыргызстандын мамлекеттик туусу
Эгемендүү жана көз карандысыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу мындан чейрек кылым мурда 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Ага байланыштуу жаңы Конституцияда да мамлекеттик символдор тууралуу атайын берене кабыл алынган.
Алгач Коснтитуциялык берене тууралуу сөз кылалы. 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган жаңы, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын "Жалпы принциптерин" камтыган биринчи баптын 6-беренесинде "Кыргыз Республикасы мамлекеттик ыйык белгилери – туусу, герби, гимни бар. Кыргыз Республикасынын борбору - Бишкек шаары" деп жазылган.
Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынып, ал мамлекеттик ыйык белги катары “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамы” менен бекемделген жана корголгон. Аталган мыйзам Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу палатасы тарабынан 2004-жылы 17-июлунда (№ 91) кабыл алынган. Дал ошол мыйзамга ылайык мамлекеттик ыйык белгилер, алардын аталышы, сүрөттөмөлөрү, расмий колдонулушу бекитилген.
Ал мыйзамдын 3-беренесинде: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар" деп айтылган.
Мамлекеттик туубуз 1992-жылы 5-март күнү азыркы Өкмөт үйүнүн - Ак үйдүн үстүнө желбиреп көтөрүлгөн. Бул тарыхый күн көпчүлүктүн эсинде калды. Анткени, азыркы туубуз мамлекеттик символдор тууралуу кароо-сынакка, конкурска сунушталган көптөгөн эскиздерден, үлгүлөрдөн атайын комиссиянын чечимине ылайык тандалып, Жогорку Кеңеште талкууланып, андан кийин гана кабыл алынган. Ошентип азыркы мамлекеттик туубуз Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков сыяктуу авторлор тобунун эмгегинин натыйжасы болду.
Туунун бир түстүү кызылдыгы - эрдикти жана тайманбастыктын белгисин туюндурат. Туунун ортосунда күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү чагылдырылган. Түндүк - ата үйүнүн, үй кутунун, кыргыз элинин жана өлкөдө жашап жаткан бардык элдердин биримдигинин, бакубатчылыктын, ааламдын же төгөрөктүн төрт бурчунун белгиси.
Сөзүбүздүн акырында калыстык үчүн айтыла турган дагы бир сөз. Биздин учурдагы мамлекеттик туубуз оңой эле өз ордун таба койгон жок. Бүгүнкү күндө да бул туубузду жактырбаган кээ бир мекендештерибиз жок эмес. Эгемендүүлүк жана көз каранды эместик жылдарында мамлекеттик символубуз – туубуз тууралуу талаш-тартыш токтолбой эле келе жатканы да чындык. Биздин Жогорку Кеңештин өзүндө эле акыркы 25 жыл ичинде эки жолу мамлекеттик туубузду алмаштыруу, өзгөртүү боюнча маселе көтөрүлүп, бирок өз тыянагын берген жок. Коомчулук, көпчүлүк азыркы туубузду сактап калды. Ал эми тууну өзгөртүү боюнча демилгечилер ар түрдүү дооматтарды коюп келишүүдө. Алар туунун түсүнөн баштап, андагы чагылдырылган символдордун элесине чейин өзгөртүүнү айтышып, айрымдары мамлекеттик туу боюнча өз варианттарын да сунуштап келишет. Бирок күндөлүк турмуш, коомдук турмуш көрсөткөндөй алардын айткандары азыркы күнгө чейин сунуш, пикир бойдон эле калып келет.
Байболот Абытов, тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМЮИнин проректору
P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.