"Эл эстегидей иш жасайлы дечү". Бүбүкан Досалиеваны эскерүү

Маркум Бүбүкан Досалиева

1-ноябрь Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, таланттуу журналист, окумуштуу Бүбүкан Досалиеванын туулган күнү. Ал 2020-жылы коронавирустан каза болгон. Бүбүкан Досалиеваны жакындан билгендер анын журналистиканын бийик идеяларына талбай кызмат өтөгөнүн, адам катары мыкты сапаттарга ээ болгонун эскеришет.

Барбыз кээбиз, жокпуз айрым кимибиз,

Билгендерди эскерели тирүүбүз.

Бул дүйнөнүн көчү токтоп калганча

Бирибизге эстеликпиз бирибиз.

Бүбүкан Досалиева төгөрөгү төп келген аялзатындай сезилчү. Муну аны жакындан билгендердин баары баса белгилеп айта турган. Эжеде табият берген өң-келбеттен тышкары зирек акыл, талбаган эмгекчилдик, алдыга умтулуу, өзүнө койгон зор талап, билим жана тажрыйба да бар эле. Ал аялзатынын эталону, үлгүсүндөй сезилчү. Мунусун ал иштеген ишинде да, үй-бүлөсүндө да, курбу-туугандарынын арасында да дайыма көрсөтүп келген, аны далилдеп да зарылдыгы жоктой эле.

Көп жылдар бою чогуу окуп, иштеп, жакындан сырдаш жүргөн журналист, акын Бурулкан Турдубек кызы курбусун мындайча эскерет:

“Бүбүкандын акыркы жылдардагы «көрсө, эртеңди күтпөй, бүгүн, мына азыр жашаш керек экен» деген өкүтү ошол. Анткен менен, күрөшчүл аял, нарктуу эне, ишине берилген адис, жоопкерчиликтүү жаран катары жашап, артында жаркыраган из калтырды. Кесибине «журналистика – менин дүйнөм, өмүрүм, сабагым, тарбиячым» деген ураан менен жан-алы калбай кызмат кылды. «Академик болом» деген балалык кыялынын өтөсүнө чыккысы келип, илимге жол чапты, коомдук иштер аркылуу таанылды. Телегейи тегиз жаралган жан эле. Анын татынакай дидары менен акылы, тетиктиги, курчтугу айланасындагыларды өзүнө тартып да, сүрдөтүп да турчу”.

Бүбүкан Досалиева жана Бурулкан Турдубек кызы студенттик кезде. 1970-жылдардын аягы

Бурулкан Турдубек кызы белгилегендей, маркум илим жаатында да өзүнүн күчүн сынап, саясий илимдердин кандидаты наамын жактап, студенттерге билимин бөлүшүп, агартуу тармагынын ардактуу илимпозу болууга да жетишкен.

Аны менен чогуу иштеп, жолун улап, билим-илимин, таалим-тарбиясын алып калган журналист Али Токтакунов: “Бүбүкан эже сулуу эле: келбети, жүрүм-туруму, жасаган жумуштары, өнөрү, бардык жагынан... Жумушка талапты бекем койгон, ошол эле учурда мээримдүү, мамилечил инсан эле…”, - деп эскерди.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист, жазуучу Курманбек Рыспаев курсташы катары Бүбүкан Досалиеваны мындай эскерет:

“Ажары ачык, маңдайы жарык, абдан түшүнүктүү, жароокер, адамкерчилиги бийик, теңтушчулукка бекем, мыкты курсташыбыз эле. Качан да болсо жамаатка жакшы аура тартуулап турар эле. Курсташтардын арасында жарык жылдыздай күйүп турчу.”

Дагы караңыз Элдин эсиндесиң, Бүбүш!


«Көзүң күлүп, көкүрөгүң күйүп тургандан өткөн азап жок» деген эле бир ирет Бүбүкан эже. «Биз өлгөндө эл эстегидей иш жасайлы» деген да болчу. «Журналисттик кесип жүрөк ооруга кабылтат» деп айткан.

“ПолитКлиника” медиасынын башкы редакторунун орун басары Айгүл Бакеева Бүбүкан Досалиева Бүбүсара, Таттыбүбү сыяктуу атактуу, таланттуу кыргыз кыздарынын көчүн улады дейт:

“Кыргыздын келишимдүү Бүбүсара, Таттыбүбү сындуу кыздарынын жолун улай Бүбүкан Досалиева чыгармачылыкка, сулуулукка, ишмердикке, мекенге ак кызмат кылууга, чынчылдыкка, адамгерчилик сапаттарга өзүнчө чыйыр салып кетти. Бүбүкандын артынан дагы далай чыгармачыл, кыйын кыздар чыгаар. Алар сулуулук чыгармачылыкка, адамгерчиликке айкалышып турганда, инсан кандай бийиктикке көтөрүлөрүн аңдап билишээр, сабак алышаар. Бүбүкан дагы далай ийгиликтерди жаратаар эле, эгер ажал эрте алып кетпесе... 60 жылдык тоюн белгилеп жатып, Бүбүкан "Мен сени сүйөм, өмүр!" деп кыпкызыл көйнөк кийип ырдап турганы ар убак элестей берет. Өмүрдү мынчалык сүйүп, мынчалык барктаган адамдын өмүрү кыска болуп калды, аттиң...”

Менин эсимде, 2002-жылы Аксы окуясы, 2005-жылдагы парламенттик шайлоо, Март окуясы, анан андан кийинки Бакиевдин тушундагы басма сөзгө, эркин сөзгө болгон кысымдардын бардыгын биз «Азаттыкта» Бүбүкан Досалиева менен чогуу баштан кечирдик. Бүбүкан эженин эң чоң чеберчилиги, касиети ошондой учурда терең билими, азыр айтылган теориялык мыкты даярдыгы менен бир да жолу, бир дагы жерден жаза басып, ката кетиргенин көргөн жокпуз. Бирок ошол эле учурда элдин көз кырында турган, коррупцияга тиешелүү курч, өтө орчундуу маселелерди көтөрүп жүрдү.

Мен ошол жакка келгенден кийинки теледолбоорлор боюнча айткым келет: 2005-жылы Тынчтыкбек Чоротегин жетекчилик кылып турганда, Венера Сагындык кызы «Азаттык плюс» программасынын командасын түздү. Кыяс Молдокасымов болуп, «Азаттык +», «Ыңгайсыз суроолор» телепрограммаларын эфирге чыгарабыз деп КТРК менен ошондо жаңыдан келишимдерди түзө баштадык.

Бүбүкан Досалиева "Азаттыктын" Раззаков көчөсүндөгү мурдагы кеңсесинде, иш ордунда.

Тынчтыкбек Чоротегин, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын мурдагы жетекчиси, тарыхчы-окумуштуу, журналист маркумду мыкты продюсер катары эскерди:

«Ал «Азаттыктын» мультимедиа долбоорлорун калыптандырууда саамалыкчыл жана дилгир эмгеги менен айырмаланды. Бүбүкандын 2005-жылдагы элдик ыңкылаптын кабарын көчөдө, эл арасында жүрүп түздөн-түз кабарлап турганы, «Ыңгайсыз суроолор», «Азаттык+» сыяктуу өз маалында кыргыз сыналгы журналистикасы үчүн теңдешсиз болгон берүүлөргө мыкты продюсерлик кылганы күнү бүгүнкүдөй жадымда турат».

1990-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика бөлүмүнө тапшырып, окуп калдым. Романтикага бай студенттик күндөрдө өз сабагын мыкты деӊгээлде окуткан саналуу эле окутуучу болду.

Ошентип, студенттер Бүбүкан Досалиева менен тааныштык. Талапты коё билген, зирек, акылдуу, жаңычыл мугалим. Убакыт өз ордунда турабы – мезгил сызып, студенттер ар кимибиз ар жакка тарадык. Жети жылдан кийин туз буйруп «Азаттыкта» иштеп калдым. Келсем Бүбүкан Досалиева эжем алдыңкы саптагы журналист катары баягы теорияда айткандарын иш жүзүндө тыным албай далилдеп жүргөн кези экен. «Ала-Тоо жаӊылыктары» деп коёр элек – эки журналист таӊ эрте окуялар болгон жерге өздөрү чаап барып, ар кайсы жерден бал чогулткан аарыдай маалымат топтоп келишет. Анан аны түш оой компьютерге түшүрүп, кечки алтыдан тарта угармандарга кыраатын келтире окуп, жеткирет.

Дагы караңыз Кайталанган "каралуу июль"

Интернет деле эми араӊ ишке киргени менен, сайттар дээрлик жокко эсе. Мамлекеттик мекеме-ишканалардын тыӊдары факс менен маалымат жөнөтөт, жибербегени маалымат таратуу, пресс-релиз дегенди деле билишпейт.

Фейсбук, Инстаграм, Тик-Ток дегендин аты-жыты жок убак. Мына ушундай маалда «Азаттыктын» кабарчылары элди маалымат менен камсыздап, мамлекетте болуп жаткан урунттуу окуяларга баасын берип, угармандарына сөз эркиндиги, демократия, билим, адам укуктары деген баалуулуктарды таратып, өз миссиясын аткарып жатты.

Мына ушул иштердин башында Бүбүкан Досалиева да турду. Жоопкерчиликтүү, так, сергек, билимдүү, жаӊы нерселерди тез өздөштүрө билген сапаттары бар. Анан адамдар менен мамиле түзө билген, ал мамилени багып, барктай билген дипломат эле. Телефондун «кулагын» бурап, Ак үй, көк үйдөгү тааныш, курсташ, кесиптештерине өзүнө таандык шыңгыр күлкүсү, тамашасы менен сөз баштап, керектүү маалыматын тез эле тактап, тез эле ишин шакылдатып бүтүрө салат. Анан мамлекет үчүн, эл үчүн, коом үчүн кадимкидей күйөт. Терс окуяларга, көрүнүштөргө, адамдардын эки жүздүүлүгүнө, караңгылыгына кадимкидей кейип, капа болот. Ишин жакшы билбей туруп, тааныш-тунуштун, кошоматтын аркасы менен бийликтин бийик сересине жетип алып, өзүн татыксыз алып жүргөн караӊгы чиновниктердин деӊгээлине, тар түшүнүгүнө аябай жийиркенип, «бир байкуш пенде турбайбы, тфу!» деп такасы бар туфлиси менен жерди катуу тээп алаар эле. Бул анын назик жан дүйнөсүнүн караӊгылыкка, коррупцияга, ыпластыкка жасаган элдешкис протести. Анан ушуга эле байланыштуу «ай, болбойт да андай!» деген фразасы бар эле.

"Теледен чыкса үнү шаң, баарына тегиз Бүбүкан"

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки жылдары улам алмашкан сайын эженин «ай, болбойт да андай!» деген протести улам көбөйө баштады. Мамлекеттин барган сайын ошончолук терс көрүнүш, маргиналдашуу, караӊгылык, экономикалык, саясий кризиси тереӊдей берди. Анан жан дүйнөнүн кризиси...

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Сагындык кызы Досалиева өз ишин мыкты билген адис болгонун айтты:

«Эч убакта «менин тажрыйбам жетиштүү, кыйналбай эле алып барып койом, жаза салам» дегенин көргөнүм жок. ТВда, радиодо, сайтта болсун, кандай материал чыгара турган болсо да, далай саат казып окуп, айрыкча «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүн алып барып жүргөндө элдин баары тарагандан кийин да келер коногунун ага чейин айткан-дегендерин издеп, топтоп отурганына көп эле күбө болдум. Мага окшогон жашы кичүү редактор, же башка жетекчилерге эч убакта кыр көрсөтүп, мен силерден улуумун дегендей мамиле кылган жок. Тескерисинче, кандай кылалы деп дайыма кеңешип, баарыбыздын пикирибизди сурап билгенге ашыгып турчу. Азыр эженин ушул сапаттарынын баары канчалык сейрек, баалуу болгонун сезип, жоктоп отурабыз».

Бүбүкан Досалиева – жан дүйнө сулуулугунун эталону эле. Жан дүйнө сулуулугуна анын келбети да келишчү. Ичи-тышына, тышы ичине жарашкан миллион учурдун бир үлгүсү эле. Ошол жан дүйнө сулуулугу ал ырдаганда көркөм бир сүрөт тартылгандай ажайып жактарга чакырып, жан дүйнө майрамы салтанат куруп, бир келээр-кетээр дүйнөнүн арманы менен жеӊиши, кайгысы менен каткырыгы, сулуулугу менен куниктиги, мээрими менен ач көздүгү, ысыгы менен суугу, рахаты менен тозогу аралашып, бирин бири жипкире кармашып, бир татаал симфонияга чумкуп чыгаар эле. Анын ыры махабат обонундай арман, сүйүү, кайгы, кубанычка толуп, уккан жандын жүрөгүнө бир башкача бүлүк салаар эле.

Дагы караңыз Жылаажын аваз жылдызыбыз 60та

Өзү айтып калчу «опера ырчысы болмокмун, Кубат, бирок, журналистиканы тандап кетпедимби» деп. Эже 60 жылдыгын өткөрүп калды, ал жерде «Өмүр» деген ырды бир башкача созолонткон эле. Анда да аны урматтап, барктап, сыйлап келген коноктору ал ырды кунт коё угуп, зал бир сырдуу аурага толгон. Азыр мен ошол ыр башталганда эле кулагымды жапырам – жүрөк канайт, эжени эстейм...

«Азаттыктын» жетекчилиги, жалпы редакциялык саясаты элдин видеого көӊүлү ооп баратканын байкап, теледолбоор ачууну демилгелеп калышты. Прагадан Тынчтыкбек Чоротегин, Венера Сагындык кызы, Бишкектен Кыяс Молдокасымов баштап, КТРК менен сүйлөшүп, «Ыӊгайсыз суроолор», «Азаттык+» деген эки программа ачылмак болду. Биринчиси саясий, экономикалык, социалдык багыттагы долбоор, экинчиси жаштарга арналмакчы. Команданы карасак, баарыбыз эле гезит-журналда, радиодо иштегендер болуп чыктык.

Бир эле Бүбүкан Досалиеванын теле жаатында тажрыйбасы бар экен. Өз учурунда КТРКда Абды Сатаров менен көрсөтүүлөрдү алып чыга баштаганда интрига жүрүп кетип, Бүбүкан Досалиеваны жаӊылыктар тургай, катардагы көрсөтүүлөргө жолотпой, каналдан сүрүп чыгышкан.

Болбосо Бүбүкан Досалиевада ажарлуу өӊ-түс, билим, үн, талант, эмгекчилдик – айтор, дикторлукка тиешелүү сапаттардын баары бар эле. КТРКдан антип жолун буушкан соӊ, эже Чүй облустук телекомпаниясына барып, далай мыкты программаларды чыгарган.

Ошентип, Бүбүкан эже менен бирге КТРКда долбоор чыгарып жүрдүк. Каналдын коридорун жыртып, кабинеттеринин эшигин тындырбай, декорациясына, команда куроого, сеткасына, жарык, үн, камера – деги программаны эфирге алып чыгуунун көшөгө артындагы майда-барат ыпыр-сыпырына далай ирет чуркадык. Теле долбоор чыгарыш оӊойбу. Ошондо Бүбүкан Досалиеванын продюсер катары, теле адис катары тажрыйба, билими муз жарган кемедей ишке жарап берди. «Ыӊгайсыз суроолор» дагы, «Азаттык+» дагы эл оозуна алынган, популярдуу, алдыӊкы рейтингдеги көрсөтүүлөргө айланды.

«Азаттыктын» Бишкек бюросун жетектеген маалда Бүбүкан Досалиевадан тышкары Жаркын Суран кызы Темирбаева, Бурулкан Турдубек кызы Сарыгулова, Шайлообек Дүйшеев, Эсенбай Нурушев, Амирбек Азам уулу, Жаӊыл Жусупжан, Айнура Жекше кызы, Улан Алымкул уулу, Бекташ Шамшиев, Аман Жапаров, Айданбек Акматов, Кубат Чекиров, Чолпон Орозобекова, Бакыт Аманбаев, Азиза Турдуева, Аида Касымалиева, Айзада Касмалиева, Султан Каназаров сыяктуу бир катар журналисттер менен иштешип калдым. Ушулардын арасынан Бүбүкан, Бурул, Жаркын эжекелердин достугу жамаат арасында аӊыз эле.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эркин микрофонду эңсеп жашаган Бүбүкан

«Үч мушкетёр» деп койчубуз, себеби, үчөө басса-турса дагы ээрчишип, бир башкача ынак эле, бир башкача жакын эле.

Иштен тышкары да жашоо бар да. Андайда да калгандарыбызга эне ордуна эне, эже ордуна эже. Жол баштооч ак элечек акылмандарыбыз. Нарк, салт, жөн билгиликтин үлгүсү. Ошол салт, аруулуктун, эмгектин, акыйкаттын көчү улансын, учугу үзүлбөсүн...

Түркиядагы “Кыргызстан достук жана маданият коомунун" төрагасы, жеке ишкер Айбек Сарыгул Досалиеваны адамгерчилиги менен кесипкөйлүгү төп келген жан эле деп эскерди:

«Бүбүкан эжекебиз ченеми жок жакшы инсан эле. Адамгерчилиги, кесипкөйлүгү, жашоого көз карашы, достукка болгон мамилеси өтө жогору болчу деп билем. Көп узак тааныш, жакын боло албадым, бирок өмүрүмдө Бүбүкан эже менен таанышып, аз да болсо чайлашып калганым үчүн ыраазымын. Жакшы адамдар чанда кездешет чынында. Ыйманы саламат болсун, жараткан бейишинен жай берсин».

Азыр «Азаттыктын» Ютубдагы каналында эки миллион катталуучу бар. «Азаттык» бүгүн жөн гана радио эмес, ал интернет сайты, социалдык тармактарда популярдуу барактары бар, анан эӊ негизгиси, «Ыӊгайсыз суроолор», «Азаттык+» баштаган бир катар күчтүү телекөрсөтүүлөрдүн ордосу. «Азаттык» - азыр мултиплатформалардын ар түрдүү продуктыларын чыгарган таасирлүү маалымат булагы. Азыр өз иш ордунда телефондон интервью алып, анысын дароо компьютерине параллель жаздырып отурган кийинки муундагы журналист ини-карындаштарды карайм да, 5 килограмм салмагы бар кара калдайган чемодан-диктофонду көтөрүп, ар кайсы жакка чуркап жүргөн Бүбүкан Досалиеваларды эстейм. Эволюциялык өнүгүүлөр ушул күнгө жеткенче андай асыл адамдардын канча убакыт, мээнети, эмгеги кетти. Бир өмүр ошентип өттү. Бүбүкан Досалиеванын өрнөктүү, башкаларга үлгү тута турган жаркын өмүрү...

Бүбүкан Досалиева – бул сулуулуктун, наздуулуктун гана эталону эмес, бийик адамгерчиликтин, мекенди сүйүүнүн да эталону эле да. “Мекен” дегенде өзүн унутуп койгон, “эл-жер” дегенде, “Кыргызстан” дегенде ичкен ашын жерге койгон мыкты патриот инсан эле.

...Ыр менен баштадым эле, баянымды ыр менен чекиттейин...

БҮБҮКАН ДОСАЛИЕВАГА

Канаты сынган каркыра,

Катардан калбас жан тура.

Катарда сизди жок десе

Каламын дайым жанчыла.

Боруму көркөм Бүбүкан,

Бозоргон кара түнү таӊ.

Ботодой жашын куюлтуп

Боздоду калбай тирүү жан.

Кейиштүү жүрөк канаткан,

Келсе деп кайра саматкан.

Кайтпаска карап кеттиӊиз,

Кайыр кош, жаны жаннаттан.