Кыргыздын чыгаан журналист кыздарынын бири Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева –– биздин муунубуздагы жаркын жылдыз эле!
Ал жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгү жагынан да, адамкерчилиги жагынан да, чечкиндүүлүгү, чынчылдыгы, мээримдүүлүгү жагынан да бардыгыбызга өрнөк болчу!
Ушул армандуу сааттарда бир эки сап сөзүмдү ортого салууну эп көрдүм.
Өтө азаптуу иш –– 110 жашка чыгыңыз деп тилек кылып жаткан жаркын инсаныңыз таажы вирусунун айынан чыккан илдет араанын ачып жаткан алааматтуу кезеңде капысынан эле кайтпас жакка узаганы тура!..
Таажы вирусу элибизди тарых менен уламыш жуурулушкан байыркы топон суудан да оор жоготууларга кириптер кылып жатканын ушул арген үндүү Бүбүканыбызды капысынан колдон алдырып жибергенде ого бетер аңдайт экенбиз.
Кенедейинен эле акыйкаттыкты көксөп чоңойгон Бүбүкан 1995-жылдан тартып “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги бюросунда (азыркы “Азаттык Медиа” мекемесинде) иштей баштаган. Ал кездеги Азаттыктын” бюро башчысы –– ыраматылык Салижан Жигитов агай эле.
Ансыз да таланттуу журналист катары аты таанымал болуп, КТР (азыркы КТРК), “Сары-Өзөн-Чүй” сыяктуу сыналгы компанияларында иштеп, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика кафедрасында байсалдуу иштеп келген Бүбүкан үчүн “Азаттык” эл аралык журналистика жаатындагы жаңы турмуштук университет болду.
Акыры ал үчүн “Азаттык” өзүнүн төркүнүндөй эле болуп калды. Элибиздин тагдырындагы далай оош-кыйыш учурларды Бүбүкан 1995––2010-жылдары жана 2017––2020-жылдары ар кыл маалыматтык чөйрөдө (үналгы, сыналгы, интернет) калыс, бейтарап, ыкчам жана терң мазмундуу кылып чагылдырууга өзүнүн бараандуу салымын кошту.
Ал “Азаттыктын” мултимедиа долбоорлорун калыптандырууда саамалыкчыл жана дилгир эмгеги менен айырмаланды.
Бүбүкандын 2005-жылдагы элдик ыңкылаптын кабарын көчөдө, эл арасында жүрүп түздөн-түз кабардаганы, “Ыңгайсыз суроолор”, “Азаттык+” сыяктуу өз маалында кыргыз сыналгы журналистикасы үчүн теңдешсиз болгон берүүлөргө мыкты продюсерлик кылгандыгы азыр да күнү бүгүнкүдөй жадымда турат.
Замандаштарыбыз Бүбүкандын өмүрүнүн урунттуу жерлерин “Википедия” сыяктуу ачык интернет булактарынан окуй алышат. Анын 60 жылдык мааркесине карата жазылган макаламда да айрым өңүттөр чагылдырылган.
Ушул сааттарда Бүбүканды үй-бүлөсү, жакындары эле эмес, мүлдө калайык, анын ичинде журналисттер, маданият жана агартуу тармагында иштеген айдыңдар, көп сандаган шакирттери, үзөңгүлөштөрү жоктоп, аза күтүп жатышат.
Алдыдагы күндөрдө жана болочокто Бүбүкандын жаркын элесин эскерип, анын өрнөктүү өмүрүнүн бизге бейтааныш барактарын ачып бере ала турган даректүү, илимий жана көркөм чыгармалар жаратылаарында шек жок.
Мен Бүбүканды студент кезинен эле жакшы билсем да, аны менен “Азаттыктагы” чогуу иштешип калган жылдары анык үзөңгүлөш, шерик, дос болдук ко деп ойлойм. Үй-бүлөлөрүбүз да олуттуу учурларда бири-бири менен катышып келди. Анын, албетте, мурдатан эле ар башка чөйрөдө жүрүп тапкан эч алмашкыс мыкты курбулары бар эле, бирок аларга да, кийинчерээк кошулган бизге да, башка топтордогу жакындарына да ал бирдей жаракөр мамиле кылчу, ар биринин ачкычын тапчу.
Негизи, чыныгы жакын санаалаштар жана достор өз досу же пикирдеши башка топтор менен да жакын карым-катнашта болгонуна эч кызганыч кылышпайт эмеспи. Биз да ошондой достордон болдук. Бүбүкан өзүнчө галактика эле, бирок жарыгы кеңири мейкиндикке чачырап турчу.
Мен “Азаттыктагы” иш-аракетин кеңири айтып отурбаймын, жогоруда ал тууралуу макалама шилтеме көрсөтүлдү.
Анын принципиалдуулугун көрүп, бир ирет КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрайымдыгына сунуш кылдык. Бирок “Ак Үй” менен мышык-чычкан оюндардын айынан анын талапкерлигине Жеңишгүл Өзүбекова эжеке экөөбүз гана колдоо көрсөттүк. Кийин “силерге кошулсам болмок экен” деген пикирлер деле болду, бирок “поюз” кетип калды да...
Кийин байкасам, мурда “Ыңгайсыз суроолорду” өзү да мыкты алып баргандардын бири болгон Бүбүкан бийликтер үчүн өзү деле ыңгайсыздык жаратчу инсан катары эч ылайыксыз талапкер экен... Байкоочу кеңеш идеясы мыкты эле, бирок “тишсиздер” чогулса, анда бийлик берген каткан таттуу токочту ысык чайга шимиген бойдон эрмектеп кала беришет...
Бул –– азыркы көп партиялуулук системасындай... Партиянын дурусун тандай албай, чала сабат байларга алданып калган калайык эми катаны ошол жармач партиялардан эмес, аты бар, заты дээрлик жок системадан көрүп жатышпайбы...
Бүбүкан да атаандаш шайлоого катышып көрдү, тактап айтканда, 2015-жылы “Эмгек” партиясынын жигердүү тарапкери катары Жогорку Кеңешке депутаттыкка ат салышкан. Бирок бул партия жана анын тандеми өтпөй калды.
Атаганат, Бүбүкан депутат болгондо, анын орду, ары дегенде, Жогорку Кеңештин төрайымы кызматы болмок, ал көшөкөр болмок эмес, “балп этмелерге” жол бермек эмес деп ойлойм... Авторитардык коңшулардын мыйзамдарын уялбастан көчүрүп алып отурган, сүйлөй албай эжелеген жана көөнү эч мекенчил эмес кээ бир “эл өкүлдөрүн” көрүп, уялгандан башымды жерге салам... Бүбүкан ошолордун онуна жарайт эле го, аттиң!..
Албетте, “беш манжа тең эмес” дегендей, Бүбүкан Досалиева Роза Отунбаева эже мамлекетти башкарып турган чакта “Ак Үйгө” да чакырылып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын Жооптуу катчысы да болуп иштеген. Роза эже Бүбүканды атайын “Азаттыктан” “калыс бол” деп чакырып кеткенде, албетте, ал ишеничти актап, жумушун так, калыс иштеп, жүзү жарык болгон эле.
Көп тарамдуу инсан болгон Бүбүкан чарчадым, чаалыктым деп бир ишти эч айланчыктай бербестен, саясат таануу тармагы боюнча да илимий эмгектер жазып, кандидаттык диссертациясын коргоого жетишкени да анын бейнесине кошумча штрих жаратты.
Мен билгенден, курбулары да айтып жүргөндөй, Бүбүкан жакындарына тээк боло алды (кыргыздын миллиондогон чыгаан кыздары 1990––2020-жылдар ичинде дал ушундай эрдикти эч шардана кылбай эле жасап келишет, алардын дагы бир татыктуусу –– Бүбүкан болду).
Бүбүкандын шакирттери жети дубанда эле эмес, башка мамлекеттерде да байырлашаарын ушул кайгылуу кабар таркалган сааттарда ого бетер аңдадык. Ошондуктан анын айдыңдык жарыгы өтө кеңири жайылганын баса белгиледик.
Сөзүм кургак болбосун үчүн Бүбүкандын бай тажрыйбасынан таалим алган журналист жана депутат Жанар Акаевдин “Фейсбук” барагындагы көңүл айтуу жарыясын эскерте кетейин.
Маркумдун башка да замандаштары өксүп ыйлап жатышат. “Азаттыктын” Прагадагы баш кеңсесиде да бул оор кабарга терең кайгырып жатышканына күбө болдум.
Кайыр кош, кесиптеш жана жандай дос Бүбүкан айым!
Өмүрлүк жолдошуң Абдыкалык агабызга, уул-кыздарыңа, жакындарыңа көңүл айтабыз, азаларын бөлүшөбүз. Кайрат кылыңыздар! Жазмыш ушул тура...
Жылдыз өчпөйт, жылдыз өлбөйт. Жаркын элесиң, рухуң ар дайым жүрөгүбүздө сакталып кала берет, Бүбүкан!