Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округда мөөнөтүнөн миурда парламенттик шайлоо өткөрүүнүн чыгымы 21 миллион 748 миң сом деп белгиленди. Бул маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" тастыктады. Шайлоо 30-июнга белгиленген.
Смета шайлоо тилкелерин уюштуруу, комиссия түзүү, техникалык жабдуулар жана коопсуздукту камсыздоо чыгымдары менен эсептелди.
2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, 23-апрелде анын ыйгарым укуктары токтотулган.
Боршайком 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандатын өзү жазган арыздын негизинде алган.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Андан бери ар кандай себеп менен 20га чукул депутат мандатынан ажыратылды.
Өткөн апта соңунда Ош, Баткен, Кара-Суудагы үч округда уюштурулган кезексиз шайлоонун расмий тыянагы жарыялана элек. (SE)
Дагы караңыз
Казакстанда журналисттин соту башталдыКыргыз жарандарына зарыл болбосо Орусияга барбай туруу сунушталдыОрусияда экстремизмге айыпталган "Жахаба күбөсү" соттон акталды