"Эки кызы жетим калды". Ур-токмоктон каза тапкан Айкыз

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

23 жашында күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан Айкыз Калмурза кызынын иши боюнча Кадамжай райондук сотунун өкүмүнө жакындары нааразылык билдирүүдө. Райондук сот мындан эки аптадай мурда маркумдун жолдошун 13 жылга эркинен ажыраткан.

Жыл башында Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында 23 жаштагы биринчи топтогу майыптыгы бар келин көчөдөн кызынын көзүнчө күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан.