Египет: Президенттин жардыгы чуу жаратты

Египеттин борбору Каирде коопсуздук чаралары күчөтүлүп, мамлекеттик маанилүү институттардын айланасында аскер жана коопсуздук күчтөр жайгаштырылды.
Мындай чара борбордо кечээ болгон атаандаш демонстрациялардан кийин көрүлүп жатат. Өлкө президенти Мохаммед Мурсинин өз ыйгарым укуктарын кеңейтиши оппозициянын жана реформачылардын кескин нааразылыгын жараткан эле.

Президент Мурсинин египеттиктерге 22-ноябрда кечинде шардана кылынган жардыгына ылайык, мындан ары президенттин чечимдерин эч ким талаша албайт, атүгүл сот чечими менен да өзгөртүү мүмкүн эмес.

Башкача айтканда, “президенттин чечимдери, мыйзамдары, жардыктары эң акыркы деп эсептелет жана даттанууга жатпайт". Мамлекет башчысы "улуттук биримдикти, улуттук коопсуздукту коргоо үчүн кандай чара талап кылынса, ага аткарууга уруксат берүү" укугуна ээ.

Египеттин бийликке шайлоо аркылуу келген алгачкы президенти анын жактоочулары бул чечимди эл талабын орундатуу, конституциялык демократияга өтүү жараяны кабылган туңгуюктан чыгуу, ыңкылаптын жетишкендиктерин коргоо аракети деп сыпатташканы менен бийликтин күтүүсүздөн кеңейтилиши, өлкө кайрадан баарын жеке бийлеген президентке ээ болобу деген кооптонууларды жаратты.

Өзүнө алган жаңы ыйгарым укуктардын негизинде Мурси Египеттин башкы прокурорун дароо алмаштырып, мурдагы режимдин өкүлдөрү үстүнөн ачылган кылмыш иштерди кайра кароону буйруган.

Президенттин басма сөз катчысы Ясир Али сыналгыдан жардыкты окуп жатып буларды айтты:

- Мурдагы режимде саясий жана жетекчи кызматты ээлегендердин, демонстранттарды өлтүргөндүгү, демонстранттарга кылмыш жасаганы үчүн айыпталгандардын баарынын кылмыш иштери, соттору кайра жанданат. Бул башка мыйзамдар менен бирге ыңкылапты коргоо мыйзамына ылайык ишке ашырылат.

Буга чейинки соттордун натыйжасында, мурдагы президент, 84 жаштагы Хосни Мубарак өмүр бою түрмөгө кесилген.

Мурсинин жардыгы элге жарыяланганга чейин эле Мурсинин колдоочулары Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын сыртына жыйналышып, бул институттар эски режимге байланышы бар адамдардан тазалануусун талап кылышты. Президентти жактагандардын бири Ахмед Авад мындай дейт:

- Бул чечим мурда эле бышып-жетилген болчу. Биз баарыбыз билгендей, башкы прокурор, соттор саясатка аралашпоосу абзел. Эгер сот саясатка аралашса, анын чечимдери жабыркайт.

Анткен менен президент Мурсинин өз ыйгарым укуктарын кеңейткен жардыгы өлкөнүн болочок өнүгүү багыты боюнча египеттиктер арасындагы ажырымды дагы күчөтчүдөй.

Жардык боюнча азыр Конституция долбоорун жазып жаткан ассамблеяны эч ким, анын ичинде сот да тарата албайт. Курамында Мурсинин “Мусулман агаиндер” кыймылынан чыккан исламчыл өнөктөштөрү үстөмдүк кылган ассамблеяга долбоорду даярдоо үчүн берилген мөөнөт эки айга узартылды.

Президенттин жардыгы артынан реформачыл активисттер да демонстрацияга чыгышып, Мурсини өзүнө диктаторлук бийлик ыйгарып алганы, былтыркы ыңкылаптын идеалдарына кол салганы үчүн айыпташты.

Алардын бири Ала Хамди:

- Бул чечим биздин ыңкылап “Мусулман агаиндер” кыймылынын колуна түштү дегенди билдирет. Мурсинин жасап жаткандары мыйзамсыз жана ыңкылапка каршы кетип жатат. Мен эми ыңкылапчылар алдыда камоолорго кабылабы деп чочулайм. Анткени Башкы прокуратуранын алдына чыккандар, чечим тууралуу ал жарыялана электе эле күн мурунтан билишкен. Бул жакынкы келечекте анын кайсы чечимине болбосун каршы чыккандар камалат же жазаланат дегенди туюндурат.

Реформачыл саясатчы, МАГАТЭнин мурдагы башчысы Мохаммед
эл-Барадейи болсо Мурсинин чечимин өзүн Египеттин “жаңы фарону” кылып дайындоо деп мүнөздөдү. Барадейинин пикиринде, Мурси мамлекеттик бийликти “узурпациялап” алды.

Маалыматтарга караганда, Мурсинин мамлекет башчы катары өз ыйгарым укуктарын өзү кеңейткен жардыгы бери дегенде Египеттин жаңы Баш мыйзамы референдум аркылуу кабыл алынып, жаңы парламент шайланганга чейин күчүндө болот.

Белгилей кетүүчү жагдай, Мурси мындай кадамды анын Израил менен палестиндердин ХАМАС кыймылы ок атышууну токтотууга ортомчулук кылышы эл аралык мактоого арзыгандан кийин жасады.