Бүгүн Мисирдин Синай жарым аралында жерге кулап түшкөн учактагы 144 жүргүнчүнүн сөөгүн жүктөгөн Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы Санкт-Петербургга конду. Калган сөөктөр дагы жакын арада алып келинет.
Кырсыктан көз жумган жүргүнчүлөрдүн сөөктөрү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлдү. Андан соң сөөктөрдү таануу процедурасы башталат.
3-ноябрда Санкт-Петербургга авиакырсыктын курмандыктарынын сөөгүн жүктөгөн экинчи учактын келери күтүлүүдө.
Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербургга учкан «Когалымавиа» компаниясынын учагы 31-октябрда кыйроого учурап, борттогу 224 адамдын бардыгы мүрт кеткен.
Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев соңку жагдай тууралуу буларды айтты:
- Окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар министри иштеп жатат. Мен бир аз мурун аны менен байланыштым. Министр ал жактагы куткаруучулардын ишмердигин координациялап турат. Учурда издөө иштери уланууда. Азыр эми окуя болгон жерде иш алып баруудан башка эң негизги маселе – бул тиешелүү экспертизаларды өткөрүү жана тергөө иштерин жүргүзүү. Бул иштерге биздин адистер жана Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун жобосуна ылайык, сырттан башка эл аралык эксперттер дагы тартылат.
Учак кыйроосунун болжолдуу үч себеби
Мисирдин Авиация кызматы учактын техникалык абалын кырсыктын болжолдуу себеби болушу мүмкүн деп эсептөөдө. Учак кыйраган жерди карап чыккан мамлекеттер аралык авиациялык комиссиянын аткаруучу директору Виктор Сороченко лайнердин сыныктарынын жерге түшкөн аянтына караганда, учак абада кыйраган деп жыйынтык чыгарууга болорун билдирди.
Ошол эле учурда орусиялык «Когалымавиа» компаниясынын жетекчи орун басары Александр Смирнов учактын кыйрашына сырткы фактордун таасири болушу мүмкүн деп божомолдоду: - Биз кырсык аба кемесинин техникалык абалынан улам болду деген версияны жокко чыгарабыз. Ошондой эле биз учкучтун жаңылыштыгы же экипаждын катачылыгы сыяктуу адам факторун дагы жокко чыгарабыз.
«Коммерсант» басылмасы эксперттер лайнердин абада кыйроосунун үч версиясын аташканын жазып чыкты. Алардын айтымында, лайнер жүк бөлүмүнө катылган бомбанын жарылуусунун жыйынтыгында, жогорку бийиктиктеги басымдын кескин төмөндөп кетишинен улам кыйрашы мүмкүн.
Кыйроонун башка бир себеби катары эксперттер 2001-жылы Каирдин аэропортундагы авариядан кийин толук жөнгө салынбай калган учактын түзүмүнүн бузулушун айтышууда.
Кырсыктын үчүнчү бир себеби катары кыймылдаткычтын иштен чыгышы болушу мүмкүн. Анткен менен авиакырсыктын расмий себептери азырынча аныктала элек. Орусиялык жана мисирлик адистер окуя болгон жерден табылган "кара кутудагы" үн жазгычтарды изилдешүүдө. Борттун эки "кара кутусу" тең калыбына келтирилип, үн жазгычтар экспертизага жөнөтүлгөн. Бирок учактын жагымдуу аба ырайынын шартында кырсыкка учурашы эмнегедир белгисиз бойдон калууда.
Учактын кыйроосу Орусиянын аскер аба күчтөрүнүн Сириядагы Башар Асаддын каршылаштарына абадан соккуларды баштоонун бир айлыгына туура келди. Ошондон улам «Ислам мамлекети» террорчул уюму Синай жарым аралындагы авиакырсык үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган билдирүү тараткан болчу. Бирок эксперттерге шилтеме келтирген Батыш маалымат агенттиктери «Ислам мамлекети» террордук тобунун мына ошондой бийиктиктен учакты атып түшүрүүгө жөндөмдүү ракеталары ал жерде болушу мүмкүн эмес деген жыйынтык чыгарышты. Анткени Мисирдин жарандык авиациясынын маалыматы боюнча, учак окуянын алдында 9400 метр бийиктикте учуп бараткан.
«Россавиация» учактын кыйроосуна негиз болчу анын техникалык абалы, экипаждын катачылыгы же атайылап жардыруу сыяктуу үч версиянын бирөөнө дагы далилдер азырынча жок экенин белгилеген.