Египет: чуулуу жардык жокко чыгарылды

Египеттин президенти Мухаммед Мурси

Египеттин президенти Мухаммед Мурси өз укуктарын кеңейткен жардыгын жокко чыгарды.
Мындай чечим ишембинин кечинде Мурсинин саясий лидерлер менен жолугушуусунан кийин кабыл алынды.

Президенттин басма сөз катчысынын билдиришинче, Мурси Конституциянын жаңы долбоору боюнча 15-декабрга белгиленген референдумду жылдырбай турган болду. Мурсинин оппоненттери президенттин өзүнө дээрлик чексиз бийлик алган жардыгына жана исламчылар көзөмөлдөгөн парламентте жетиштүү коомдук талкуусуз эле Конституциянын жаңы долбоору жактырылганына нааразы болуп, бир канча күндөн бери массалык демонстрацияларды уюштуруп келишкен.

Мурси оппозицияны диалогго чакырганы менен негизги оппозициялык партиялар бул сунушту четке кагышкан.

22-ноябрда Мурси өз укуктарын кеңейткенден бери Египетте нааразылык акциялары өтүп келет. Оппозиция исламчылар басымдуулук кылган ассамблея жактырган Конституциянын долбооруна да каршы чыгууда. Каирдеги президенттик резиденциянын алдындагы Мурсинин тарапкерлери менен каршылаштарынын тирешүүлөрүнөн кеминде жети адам набыт болуп, жүздөй адам жаракат алды.