Египетте өзгөчө кырдаал жарыяланды

Александрия чиркөөсүндөгү жардыруудан кийинки абал, 9-апрель 2017-жыл.

Египетте христиандарды бутага алган кандуу чабуулдардан көп өтпөй президенти Абдел Фаттах ал-Сиси өлкөгө үч айлык чукул кырдаал киргизилерин жарыялады.

Танта жана Александрия шаарларындагы эки чиркөөнү бутага алган удаалаш бомба жардырууларынан көп өтпөй президент ал-Сиси өлкөгө үч айлык өзгөчө кырдаал киргизүүнү чечти. Анын чечими парламентте колдоо тапса, коопсуздук күчтөрү соттун өкүмү жок эле тинтүү жана кармоолорду жүргүзө алат.

Андан мурдараак президент жарандык полиция кызматкерлерине жардам берүү үчүн өлкөнүн бардык провинцияларына аскер бөлүктөрүн жөнөтүүнү буюрган.

9-апрелде Улуттук коргонуу кеңешинин жыйынында сүйлөгөн ал-Сиси өзгөчө кырдаал киргизүү үчүн өз жүйөөсүн түшүндүрдү:

- Бир нече кадамдар жасалды. Алардын биринчиси - мыйзамдык жана конституциялык процедуралар бүткөндөн кийин Египетте үч айга өзгөчө кырдаал киргизүү чечими. Өз өлкөбүздү коргоо жана коопсуздукка шек келтирүүчү коркунучтарды алдын алуу үчүн мындай бүтүмгө келдик.

Абдел Фаттах ал-Сиси

Президент жекшембидеги кандуу чабуулдан кийинки билдирүүсүндө улутту биримдикке чакырды. Өлкөнүн эки ири шаарындагы чиркөөлөргө багытталган бомба жардыруулары кеминде 44 адамдын өмүрүн алды. Жүздөн ашык киши жаракат алды.

Бул жардыруулар Египеттеги копт христиандары Ыйса пайгамбардын Иерусалимге киришин белгилөө үчүн чиркөөлөрдөгү сыйынуу иш-чараларына чогулган учурда орун алды. Биринчи бомба Александрия шаарындагы чиркөөнүн сыртында, экинчиси Танта шаарындагы копт чиркөөсүнүн ичинде жарылган.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу чабуулга жоопкерчиликти алып, эки жанкечтиси өздөрүн жардырып жибергенин, келечекте да кол салуулар болушу мүмкүндүгүн кабарлады. Бул кол салууну Рим папасы, Бириккен Улуттар Уюму жана АКШнын мамлекеттик департаменти айыптап чыгышты. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды:

- Мындай ырайымсыздыкты баштан өткөрүү өтө кейиштүү. Биз менен бир өлкөдө чогуу жашап жаткан, биз достой мамиле кылган адамдардан мындайды күткөн эмеспиз,-деди Тантадагы поп Тофик Кобейш.

Танта чиркөөсүндөгү жардыруу

Египет калкынын 10 пайызын түзгөн христиандар тез-тезден исламчыл экстремисттердин чабуулдарына кабылып келет. Декабрь айында Каирдеги дагы бир копт чиркөөсүндөгү жардыруу 25 адамдын өмүрүн алган.

Өлкө мындай кандуу кол салууларды алдын ала турган чараларга муктаж болгону менен өзгөчө кырдаал режими укук коргоочулардын тынчсыздануусун жаратышы мүмкүн. Эл аралык укук коргоо уюмдары Египеттин азыркы президенти, мурдагы армия башчысы ал-Сисини жарандык жана саясий укуктарды чектейт деп сындап келишет.

Буга чейин "Хьюман Райтс Уотч" уюму өлкөдө сынчыл көз караштагы он миңдеген адамдар куугунтукка кабылганын, коопсуздук күчтөрү кыйноолорго, өкүмсүз киши өлтүрүүлөргө жол бергенин билдирген. Бирок сындарды четке каккан президент ал-Сиси соңку чечими өлкөнүн коопсуздугу үчүн зарыл деп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.