Экологияга эл күйбөсө кырсык токтобойт

Селден кийин. Лейлек.

Кыргызстанда бир катар райондордо сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел, жер көчкү жүрүү коркунучу тууралуу азыр да эскертүүдө.

Адистер табият кырсыктарынын алдын-алуу боюнча узак мөөнөттүү саясаттын жоктугу экологиялык кырсыктарды көбөйтүп жатат деп эсептешет.

Күн жылып, жамгыр жаан күчөгөн сайын жылына сел жүрүп, жер көчө берет.

Жалал-Абад облусунун бир топ райондорунда 3-6-май күндөрү болгон сел менен мөндүрдүн чыгымы 6 млн. 307 миң сомдон ашты. Жаратылыш кырсыгынан негизинен эгин талаалары, мөмөлүү бак-дарактар, айрым турак жайлар зыянга учурап, 53 баш майда жандык кырылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги май айында күтүлүп жаткан катуу жамгырдан Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында суу кирип, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертүүдө. Ал арада короо-жайын сел алып кеткен тургундардын там-ташы мамлекеттик камсыздандырууга алынбаса кенемте төлөнбөй тургандыгы маалым болду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Лейлектеги селдин кесепети

Буга чейин бир жуманын ичинде катуу жааган жаандан Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында сел жүрүп, айдоо талааларын, турак жайларды суу каптаган. Кырсык дыйкандарды, малчыларды олуттуу чыгымга учуратты. Баткен облусу 55 млн. 276 миң сом чыгым тартканы кабарланган.

Кыргызстанда табият кырсыктарынын кесепетин гана жоюуга маани берилип, алдын-алуучу иштер тийиштүү деңгээлде жүрбөй жатканын экологдор, өлкө топурагынын кыртышын изилдеген адистер да белгилешүүдө. Бул макалада биз дал ошол адистердин көз караштары менен стратегиялык саясатка байланыштуу демилгелер тууралуу сөз кылабыз.

Азайган токойлор

Экологдор токой аянттарынын кескин азайышы да табият кырсыктарынын бирден бир себеби дешет. Жалал-Абадда 20 жылга жакын токойчу болуп иштеген Жунус карыя ийне жалбырактуу токойдун көлөмү бир учурда таптакыр жок болуп кеткенин айтты. Ал азыр жеке тараптардын, токойчулардын күчү менен кайрадан бак-дарактарды тигип жатышканын айтып, бул багыттагы түйшүктүү жагдайларды ортого салды:

«Мен иштегенден бери өзгөргөн нерсе - биринчи эле арчаны кыюуну токтоттум. «Жаңгак токойлорубуз азайып баратат» деп какшап айтып жүрүп элге жаңгак тиктирип жатып, азыр элдин алды мөмө-жемиштерин алып жей баштаганына төрт-беш жыл болду. Азыр көбүнчө биз жаңгак менен карагай токойлорун тигип жатабыз. Кыйынчылык эми мамлекеттик иштерде болуп жатат. Тендер деген балекет чыккан. Жазында сурасаң, каражатты күзүндө араң берет. Же токой эгүү убактысы өтүп кеткенде, жайында акча колго тийсе тийет, тийбесе жок. Ошондуктан мамлекетти күтүп отурбай, карыз алып, өз чөнтөгүбүздөн көчөт тигүүдөбүз. Мал чарбачылыгы да көбөйдү, тиккен көчөттөрдү коруш үчүн тикенек зым тартабыз. Аны да жарым-жартылай мамлекет каржыласа каржылайт, каржылабаса жок».

Токойчу Жунус карыянын бул кызматы үчүн мамлекет айына 8 миң сом маяна берет. Айлык акысынын көбөйгөнүнө эки-үч эле жыл болду.

Арстанбаптагы жаңгак токою.

Буга чейин үч миң сомго жетпеген акчага иштешчү. Жунус карыя токойчулардын ыйгарым укугун кеңейткен, жашыл зонаны коруган мыйзамдар күчтүү болсо иштегенге да оңой болмок деген оюн да кошумчалады.

Өлкө кыртышы «өлүүдө»

Экологиялык активисттердин айтымында, Кыргызстанда эгемендик алган алгачкы жылдары 2000-жылга чейинки аралыкта өлкөдөгү токой аянты кескин азайган. Буга элдин социалдык-экономикалык оор абалы түрткү болгон. 2000-жылдан кийин токой табигый түрдө кайра калыбына келгени менен мал көбөйгөн сайын кыртыштын сапаты начарлап, бузулуп барат.

Кыртышты оңдоо, жайыт саясатын туура жүргүзүү, суу каптоонун, жер көчкүнүн алдын алуу боюнча стратегиялык пландар азырынча ишке аша элек.

Экологиялык эксперт Гамал Соронкулов да көп жылдардан бери өлкөнүн ар кайсы аймагына токой тигүү жана бул ишти алга жылдыруу максатында жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери менен алек.

Аймактарда жамааттарды түзүп, токой тигүүнү Соронкулов Кара-Кулжадан баштап, өлкөнүн бардык аймактарына жайылтып эле тим болбой, жер кыртышын оңдош үчүн пайдалуу бак-дарактарды көбөйтүүнү да сунуш кылып келет.

Гамал Соронкулов.

«Алгач биз токой тигүүнү деле пландаган эмеспиз, - деди ал. - Кара-Кулжага барып калсак, мурдагы токойлор жок болуп, жер кыртышы бузулуп, топурактын сапаты жаман болуп калган экен. Анан кичине бак тигип көрөлүчү десек, оңолгудай. Ошол жерлерде айылдарда көчкү көп болуп, жыл сайын сел каптай берет экен. Ишибиз ошентип башталып кетти. Биз токой тиккен сайын улам бир аймакты кыдырып, ага кызыгып жатабыз. Чаткал, Талас, Жалал-Абад, айтор кайсы жерде жер кыртышы бузулса, токой тигип жатабыз. Азырынча ондогон гектарлык жерге эле бак тиктик. Жергиликтүү жамааттарды уюштуруп, элдин өзүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Маселен, Кара-Кулжада 110 гектар жерди ижарага алып, 70 гектардайына тиктик, малдын көптүгүнөн 30 гектары тебелендиде калды. Мындан тышкары Таласта, Жалал-Абадда да тигип жатабыз. Мамлекет бизге жардам бербесе да тийиштүү органдар тоскоол кылбай эле иштешибизге шарт түзсө жакшы болот эле.

Себеби, бюрократиялык ар түрдүү тоскоолдуктар баары бир болбой койбойт экен. Кыргызстанда бузулган жерди оңдош үчүн мен кыргыз бадамын тиккенди сунуш кылып, былтыртан бери ар кайсы аймакта тажрыйба жүргүзүп көрдүк. Менимче, топурактын бекем, кубаттуу болушуна бадам дарагы аябай чоң роль ойногудай. Анан калса ал кооз, оңой эле өсө берет. Мөмөсү да пайдалуу, гүлдөгөндө сакурадай гүлдөйт. Эки-үч жылдан бери бадамдын уругун токой чарбаларынан, жерди изилдеген институттардан алып, аймактарга жеткирип берип жатам. Бирок аны да малга тебелетпей курчаш керек болуп жатат».

Стратегиялык план, табиятты коргоочу саясат жок

Табигый кырсыктар катталган аймактардын топурагын изилдөө, кийинки жылга карата апааттардын алдын алыш үчүн ар түрдүү эл аралык уюмдардын жардамы менен дамба куруу сыяктуу чакан долбоорлор ишке ашууда.

Бирок адистер мындай кыска мөөнөттүү иштер баары бир оң натыйжа бербей турганын эскертишет. Кыргызстандын рельефтик, географиялык жана экологиялык өзгөчөлүгүн изилдеген окумуштуу Абдужапар Аккулов табият кырсыктарынын себептеринин алдын-алыш үчүн токой тигүүнү элге өткөрүп берип, бул тармактагы мамлекеттик органдарды жок кылуу зарыл экенин айтууда.

Себеби, анын оюнда экологияга эл өзү күймөйүнчө табигый кырсыктар улана берет.

Абдужапар Аккулов.

«Эмне кылса болот? Бул тармакты азыр түп-тамыры менен реформалаш керек болуп жатат. Бюджеттен токой, экология үчүн деп бөлүнгөн каражаттар азыр мамлекеттин пайдасыз, коррупциялашкан түзүмдөрүнө кетип, дайынсыз эле жоголууда. Биз азыр экологияны натыйжалуу башкаруу механизимдерине өтүшүбүз керек. Маселен, токой чарбаларын бүт жоюп, токойду, коруктарды жергиликтүү бийликке өткөрүп берсе болот. Себеби, жаратылышты коргоп, кырсыктардын алдын-алууда элдин жоопкерчилигин көтөрүү зарыл. Калктын аң-сезимин ойготуп, токойлорду, табиятты бирге башкарууну ишке ашырганыбыз оң. Конституцияда «Кыргызстандын жери – кыргыз элиники» деп турат го. Экологияны элден корубай, элге коруганды үйрөтсөк болмок. Мамлекеттин милдети - элге түшүндүрүү, агартуу иштери менен гана чектелип, экологиялык жаңы нормативдерди, мыйзамдарды иштеп чыгуу да. Тилекке каршы, азыр экология, токой чарба жаатындагы мамлекеттик органдар коррупцияга белчесинен батып калган», - дейт Аккулов.

Дагы караңыз Жайлоонун касиетин качырып бүттүк

Эгемендик алгандан бери сел менен жер көчкүнүн кесепеттеринин чыгымын иликтесе, бир нече миллиард сомдук сумма чыгары шексиз. Мындай чыгаша жыл сайын көбөйүп баратат. Адистер Кыргызстанда туруктуу инвестиция катары эл мал багып, мал көбөйгөн сайын биологиялык ар түрдүүлүк, флора-фауна да жабыркап, жер кыртышы эрозияга учурап жатканын белгилешет.

«Мурас» табигый улуттук өнүгүү концепциясынын негиздөөчүсү Азамат Темиркулов 2016-жылдан бери Кыргызстандын жашыл экономикалык өнүгүү моделин иштеп чыгып, бийликке сунуш кылып, колдоо таба алган эмес.

Темиркулов азыр өкмөттүк эмес уюмдар жана активисттер менен демилгесин өз алдынча улантууда. Ал жаратылыш кырсыктары, кыртыштын бузулушу тууралуу төмөндөгүдөй оюн айтты:

Азамат Темиркулов.

«Бизде азыр айыл чарбасын, малчылык менен дыйканчылыкты өзүнчө бир тармак деп, экологияны алардан бөлүп карап, токой чарбасын да таптакыр эле обчолонтуп карап жатабыз. Мындай мамиле туура эмес, себеби, жогоруда мен санаган тармактардын баары бири-бирине тиешеси бар. Туура эмес көз караштардан улам азыр биздеги мал чарбачылыктын сапаты жок. Сапатсыз, пайдасыз малга Кыргызстандын баалуу жайыттарын тепсетип, чөбүн жок кылып, жаратылышын талкалап жатабыз. Жаратылыштагы биологиялык ар түрдүүлүктүн нормасын унутуп калдык. Ушундан улам кээ бир чөптөр жоголуп, ордуна кереги жок нерселер чыгып жатат. Маселен, Суусамырды эле карагыла, мурда тикендүү өсүмдүктөр аз болчу да. Өлкөдөгү жайыт жерлер деградация болуп бүттү. Бак-дарактар жок болгон үчүн сел жүрүп жатат - Исфананы карагыла. Мунун баарын токтотуш үчүн багбанчылыкты өнүктүрүш керек, ал тургай тоолуу райондордо да бак тиккенди көбөйтүш керек. Азыр биз ансыз да бузулган жерлерибизди болушунча 100 жылдап кайра калыбына келе албагандай абалга салып жатабыз. Мындан экономикалык пайда табыш кыйын».

Жыл сайын өкмөт сел, суу ташкыны жана жер көчкү сыяктуу кырсыктардын кесепеттерин жоюуга миллиондогон сом өлчөмүндө каражат бөлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсү боюнча, 2019-жылы 14 сел катталган. Жалпы чыгым 9 миллион 976 миң сом болгон. Ал арада өлкөдө 3103 дарыя болсо, алардын 2503үнүн жээгинен сел каптай турган коркунуч бар. Министрлик селдин, жер көчкүнүн алдын алыш үчүн быйыл 73,5 гектар жерге 63 865 көчөт тигип, 10 килограммдай урук чачты.

Дагы караңыз Кайберен азайып, илбирс жоголду

Бирок бул табигый кырсыктарды жаңы технологиялык жол менен инновациялык алдын-алууну ойлоп табууга, илимий иштерди жүргүзүүгө бюджеттен акча каралганбы?

Улуттук статистика комитетинин отчёту боюнча 2018-жылга карата айлана-чөйрөнү коргоо менен байланышкан илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалуу-конструктордук иштелмелерге бир да сом бөлүнгөн эмес. Жалпы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча бюджетти алсак, эки жыл мурда 962,4 миллион сом болгон. Бул каражаттын көпчүлүгү, б.а. 245,1 миллион сому ветеринардык диагностикага, 150 миллиондон ашыгы жаныбарлардан жукчу оорулардын алдын алууга кеткен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​