"Кыргыз акындары тагдырды ырга айлантат"

Кыргыз-Түрк Манас университетинин доценти, акын Гүлзада Станалиева, Жазуучулар кошуунунун мүчөсү, акын Нуриза Өмүрбаева жана Венера Сагындык кызы. 24-июль, 2024-жыл. Прага шаары

Кыргыз акындары Гүлзада Станалиева жана Нуриза Өмүрбаева 20-21-июлда Берлиндеги Поэзия үйүндө өткөн чыгармачыл кечеге катышты. Ага улай кыргыз-немис адабият алакалары, немис тилине которулуп жаткан ырлары, жалпы поэзия жанрындагы жаңылануу-изденүүлөр тууралуу "Азаттыкка" маек курушту.

- Кош келипсиңер биздин Прагадагы студиябызга. Бүгүн биз поэзия, аялдар поэзиясы, кыргыз адабиятындагы жаңылыктар, жаңы толкундар жөнүндө аңгеме куралы деп турабыз. Германияга барып, поэзия кечесине катышып, немис угармандарына, көрөрмандарына ырларыңарды кыргызча окуп бергениңерди интернеттен көрдүк. Кээ бир ырларыӊар немисчеге которулуп аудио, жыйнак түрүндө чыгып жатыптыр. Ошол сапарыңар жөнүндө айтып берсеңер. Гүлзада, сизден баштайлы.

Гүлзада Станалиева: Саламатсыздарбы. Чакырганыңыздарга чоң рахмат. Эки жыл мурун Гёте институтунун өкүлдөрү “Борбор Азия жана Германия” деген долбоордун алкагында кыргызстандык беш акындын ырларын немисчеге, немис акындарыныкын Борбор Азия элдеринин тилдерине которушкан. Ошондон бери байланыштар уланып келе жатат. 20-21-июлда Берлинге XXV Поэзия фестивалына барып катыштык. Нуриза Өмүрбаева экөөбүз буга чейин которулган, жыйнак болуп чыккан ырларыбызды окудук. Немисчеге оодарылганын дагы котормочулар окуп беришти. Ага чейин бир күн мурун бизди Берлиндеги поэзия үйүнө чакырып, студиядан үндөрүбүздү Гёте институтунун сайтына жаздырып алышты. Биздин ырларыбызды немис тилиндегиси менен аудио түрүндө интернет барагына жайгаштырмак болушту. Негизинен Нарсулуу Гургубаеванын, Нуриза Өмүрбаеванын, Махабат Касеинованын, менин жана Алиман Абдыкеримованын ырларын которушкан. Бирден-экиден чакырылып, ушундай иш-чараларга катышып жатабыз.

- Германияда кыргыз адабиятына илгертен эле кызыгуу жогору эмеспи. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары көп жолу басылып чыкканын билебиз. Силердин ырларды немис угармандары кандай кабыл алды? Кайсы темадагы ырларга көбүрөөк кызыгат экен?

Гүлзада Станалиева: Жогоруда аталган беш акындын ырлары былтыр Орто Азиянын жаштар поэзиясынын “Зымырык куш” деген аталыштагы жыйнагына кирген. Башка ырларыбыз которулбаганы үчүн биз ошол жыйнактагы беш ырды окудук. Биздеги адабий кечелерге атайын чакырылып, көӊүлүӊдү кыя албай эле келген угармандар болот. Берлинде андай болгон жок. Чыныгы поэзиянын күйөрмандарын көрдүм деп айта алам. Аябай жакшы кабыл алышты. Негизи Америкадан келген жаш немис акындары катышты. Биздин ырлардын котормосун Айгүл Адисова окуп берди. Чогулгандар ырды чындап сүйгөнүн, эмне жөнүндө окуп жатат деп кызыгып турганы көздөрүнөн байкалып турду.

- Мен соцтармактарда жарыяланган видеолорду көрдүм. Сиздер окурмандарга котормосуз жеткидей деңгээлде, эмоционалдуу, ички туюм сезимиңерди билдирип окудуңуздар. Ошондо сиз, Гүлзада, жалпы кыргыз адабиятына, поэзиясына өзүӊүз дагы сереп салып жүрөсүз, филология боюнча көп идеяларды, демилгелерди көтөрүп жатасыз. Германияга сапарыңар кыргыз поэзиясындагы жаңы окуя, жаңы бир көрүнүш деп айтсак болобу?

Гүлзада Станалиева: Албетте, мындай мүмкүнчүлүк чыгармачыл адамдарга чоң түрткү берет, жаңы бир дүйнөнү ачат. Буга чейин кыргыз акындары которгон азыркы күндөгү жаш (элүү жашка чейинки) америкалык немис акындарын карасак, алардын тематикалык диапазону, идеялары башка экен. Алар, мисалы, экология сыяктуу жалпы адамзаттык маселелер жөнүндө көбүрөөк жазышарын көрдүм. Ал эми формалык жактан дагы ак ырга, эркин ырларга, проза менен лириканы айкалыштырган изденүүлөргө басым жасашат экен. Ал эми бизде адам тагдыры биринчи орунда турат. Бизде адамдын бактысы, бактысыздыгы, кубанычы, кайгысы – көбүнчө ушулар ырга салынат.

- Азыр жалпы дүйнөдө, биз жашап жаткан чөлкөмдө да абал тынч эмес. Евразияда согуш болуп жатат. Мындай согуштарды кинодон эле көрөбүз деп ойлочубуз. Согуштан аялдар, балдар каза болуп жатышат. Адамдардын жан дүйнөсү жабыркап тургандай, жалпылап караганда. Ошондой жагдайда поэзия элдин жан дүйнөсүн бир аз дарылай турган дабадай кабыл алынып жатат. Нуриза, кыргыз поэзиясындагы мигранттардын жан дүйнөсүн чагылдырган акындардын бирисиз. Өз жеринен алыста жүргөн мекендештердин жашоосу кандай болуп жатат?

Нуриза Өмүрбаева: Мигрант болуу оңой эмес. Мигрант акын болуу андан кыйын. Анткени чоочун жерде жашап, ыр жазуу, поэзиянын жүгүн аркалап кетиш оңой эмес. Дегеле биздин миграцияда кыргыз эли, айрыкча кыздар күчтүү мүнөзгө ээ болду деп ойлойм. Өздөрүнө кам көрүп, ошол эле учурда миграцияда жүрүп чыгармачылыгын да улантып, барган элдин акындарынын, жазуучуларынын чыгармаларын которуп жатышат, ыр жазып жатышат. Мигрант акындар, мисалы, Түркиядан үйгө акча жөнөтүп эле калбастан, ай сайын чогулуп ырларын окушуп, талкуулап, поэзия кечелерин өткөрүшөт.

- Түрк поэзиясы менен бизде айкалыша турган нерселер бар бекен?

Нуриза Өмүрбаева: Түрк поэзиясы такыр башкача. Аябай күчтүү акындар көп. Кээде ошолорду которуш керек деп ойлойм. Бирок түрк тилинин ыргагынан чыкпай туруп кантип которсом деп ойлой берем. Жакшы акын гана жакшы которот деп коюшат го. Мен котормого батынып тиш сала албай жүрөм.

- Гүлзада, биз жакшыраак таанып билген орус адабиятын алсак, Осип Мандельштам, Марина Цветаева, Анна Ахматовадай жүз жылдан бери аты өчпөй келе жаткан атактуу акындар бар. Булар жашоодо далай азап-тозокту көрүп, өзү жашаган коомго сыйбай, атүгүл жектелип, кыйналып жашаган. Ушундай бир өлбөс-өчпөс чыгармаларды жаратышыптыр, азыр да актуалдуулугу азайган жок. Дүйнөлүк акын болуш үчүн ошондой жашоону баштан өткөрүш керекпи? Курсагы ток, санаасы жок адам нукура көркөм чыгарма жарата албайбы?

Гүлзада Станалиева: Акындын тагдыры болушу керек. Кыргыз адабияты, поэзиясында миграция поэзиясы азыр өзгөчө үн менен чыкпадыбы. Ал жерде чоӊ тагдыр жатат. Бир эле адамдын эмес, өлкөнүн сарсанаасы, кыйынчылыгы, мигранттардын тагдыры жатат. Бул бизге 21-кылымда жаңы бир тема болуп кирди. Сарсанаасы жок, тагдыр күтпөй акын болуш кыйын. Бирок ошол эле кезде изденүү да керек. Чөйрө да керек. Миграциядагы акындардын уюмдарды түзүп, сүйлөшүп, интернет аркылуу Кыргызстандагы акын, жазуучулар менен тыгыз байланышта болуп, сүйлөшүп тургандыгы, соцтармактардан адабий процесс жөнүндө маалымат алып тургандыгы миграцияда жүргөн калемгерлерге чоң дем, күч болуп жатат десем болот.

Мен өзүм дагы башыман бир нерсе өтмөйүнчө, жашоомдогу окуялар таасир этмейинчө көбүнчө ыр жаза албайм. Арноо ырларын же жаӊы обонума ыр жазып койчу дегендерге жазып бере албайм. Эч кимге айтпаган, ал тургай мойнуңа алгың келбеген өзүңдүн жүрөгүңдөгү нерсени ырың аркылуу бүт дүйнөгө жар салып айтып ийесиӊ. Кээде анын азабын да тартасың. Тескерисинче, өзүӊдү дүйнөдөгү эң бактылуу адам деп сезген учурлар да болот.

– “Көчөдөгү бир күтүү” деген ырыңызды сүрөтчү тартып жаткан картинадай көз алдыма элестетип угуп отурдум. Ошону окуп бербейсизби азыр?

Гүлзада Станалиева: Бул илгери жазылган ыр. Өзүмө да жагат.

КҮТҮҮ

Көчөдөн өттү топ караан,

Көлөкө тушта олтургам.

Көчөдөн өттү бир караан

Бирөөнү күтүп олтургам.

Кыз өттү кызыл көйнөкчөн,

Таякчан шашпай чал өттү.

Жаш балдар топ кууп өтүштү.

Чаң каптап турду көчөнү.

Бир келин өттү шамдагай

Тыпыйган сумка көтөргөн.

Бир киши өттү сумсайып

Жупуну эски күрмөчөн.

Колдорун бекем кармашып

Кыз-жигит өттү капарсыз.

Жол четин бүтүн шимшилеп

Жолбун ит өттү. Көчө суз.

Күн өттү ушул көчөдөн,

Күбүрөп өттү күүгүм да.

Баары өттү ушул көчөдөн,

Күткөнүм гана өтпөдү.

Күүгүмдөп барып, түн кирди.

Күткөнүм менин чыкпады.

Үргүлөп кетти дарактар,

Көчө да тынчып уктады.

- Рахмат. Нуриза, миграциядагы аялдын акыбалын, ойлорун чагылдырган ырыңыз болсо окуп бериңизчи?

Нуриза Өмүрбаева:

– Ушул ырды окуп берейин:

Жай узады. Шамал уруп, жаан тийип,

жалбырагын төгүп бүттү дарактар.

Чоочун мага өз өмүрүм баш ийип,

чоочун жолдун жетегинде бараткан.

Күз да келди. Күүгүм термеп жаш Айды.

Да бир жылдын учун кармап турамын.

Учпай калган жүрөк узак жашайбы?..

Кайкып учкан канаттуудан сурадым.

Куштар мага жооп узатып ыраактан,

өз тилинде үн салгандай болушту.

Куштун тилин, куштун жолун бирок да,

жылдар мага унуткарып коюшту.

Кээде гана буюктурат бир санаа,

ушул аалам жаралгансып кусадан.

Канаттуулар жер которуп учсаңар,

коштоп учпай улутунуп узатам.

Күндү беттеп, күздү таштап бараарың,

жаздыр жашыл жака-бели кештелүү.

Мекен кылган бир сүйүүнүн караанын,

менин эрким, мейкиндигим чектелүү.

Жетээр жерге жетип эсен. Күн кармап,

кайтсаң экен адаштырбай ай-жылды.

Мен да алысты көксөп учуп ызгаарда,

узак жолдо канаттарым кайрылды.

Узадыңар көккө сиңип күүгүмдөп.

Бир күүгүмдө мен да алыска кетти элем.

Кайра кайтып келээриңди ким билет?..

Канаттуунун Мекени жок дешти эле.

Кайра кайтып келээриңди ким билет?..

Канаттуунун Мекени жок дешчү эле.

- Рахмат. Баягүнү окуп калдым, Болотбек Таштаналиев деген бизде жакшы сынчы, журналист замандашыбыз бар эмеспи, ыраматылык Жолдошбек Зарлыкбековдун чыгармачылыгы жөнүндө жазыптыр: “Ырларын элге окуп бергенден же жарыялагандан уялып, “мен ушул ырды дагы ийине жеткиришим керек, дагы иштешим керек” деп сөздөрүн алмаштырып, эки-үч жылдап катып, кыйналып жазчу”. Чыныгы ырдын эмне сыйкыры бар, Гүлзада?

Гүлзада Станалиева: Менимче, жүрөктөн чыккан ырлар түбөлүктүү болсо керек. Ырды техникалык жактан кынаптап койсо болот. Жанагы жасалма интеллект деле ырларды жасап жатпайбы? Айрыкча тажрыйбалуу акындар ыр жазуу техникасын мыкты билип калат да, куюлуштуруп эле жазып коёт кааласа. Карасаң, баары сонун, бирок жүрөккө жетпейт, сыйгаланып түшүп калат. Кээ бир ырлар бар, адыр-бүдүр, уйкаштыгы анча эмес, техникасы анча жакшы эмес, формалык жактан дагы иштей тургандай. Бирок бир сабы же эки сабы жүрөктөн түнөк таап, кайра-кайра кайрыла бересиң.

Сагын эже менин “Иңир” деген китебиме баш сөзүндө минтип жазыптыр: “Поэзия деген оттой, суудай. От менен сууну тиктегенден тажабайсың, Чыныгы поэзия деген ошондой”. Бүт жан дилиӊ, ар бир клеткаң менен, жан дүйнөң менен, жүрөгүң менен эзилип туруп жазылган ырдын энергетикасы башкача болот. Ошол демди окурманга жеткире алсаң – бул жакшы жазылгандын белгиси деп ойлойм.

- Нуриза, аялдар поэзиясы жөнүндө айта кетели. Акыркы жылдары күн алыс, же жума сайын эле жаш келин өзүнүн күйөөсүнүн колунан каза тапты, же болбосо ойдо жок жерден кырсыктап каза болду деп угабыз, окуйбуз. Зордук-зомбулук көбөйүп, кыз-келиндердин абалы ойлондурбай койбойт. Коомубузда кандайдыр өзгөрүүлөр, радикалдашуу кайсы бир катмарларда болуп жатат. Ушуларды кыргыз аялдар поэзиясы кандай чагылдырып жатат?

Нуриза Өмүрбаева: Тилекке каршы, зордук-зомбулук көрсөтүп жаткандар ыр угуп, ойлонуп, анан кадам таштай турган адамдар эмес. Эгер ошондой адамдар болсо, мыкаачылыкка барбайт болчу. Буга бир мамлекеттик программа керек окшойт. Баарыбыз биз жапатырмак кирише турган аябай чоң маселе. Мен азыр “Зордук-зомбулукка кабылып, тагдыры талкаланган секелектерге” арналган ырымды окуп берейин:

Жамандыгы кубалашып жарышкан...

Апаат дүйнө, дагы кайда барасың?

Айрылганда адам абийир намыстан,

балдар гана тартат экен жазасын.

Жан алгычтар жомокто деп түшүнүп,

ишендиңер, жерде жок деп алдаса.

Пенделерди тааныбаган үчүнбү,

дүйнө сага таза эле, таптаза.

Бантигиңдей бажырайган ыйбалуу,

секелегим, балалыгы жайраган.

Кучагында куурчагы бар кыздарды,

куурчак кылып ойной алат кандай жан?!

Бала дүйнөң талкаланып, таланып,

өмүр бою өчпөй турган из калды.

Көпөлөк кууп ойноп жүргөн балалык,

көпөлөктүн өмүрүндөй кыскарды.

Кечиргиле, секелектер, ак гүлдөр,

ар бирибиз айыптуубуз алдыңда.

Жаман болбо деп силерге, а бирок

жамандыктан коруй албай калдык да.

...Кыздар барбай адыр-жондор томсорот,

ак гүлдөрү, көк гүлдөрү терилбей.

Тагдыр сенин куурчагыңдай болсо го,

бүлүнгөндө бүтүн сатып бергидей.

Тагдыр сенин куурчагыңдай болсо го,

бүлүнгөндө бүтүн сатып бергидей.

Дагы караңыз Деңиз жээгинде тоолорду сагынган Нуриза акын

- Гүлзада, азыр Нуриза “акындардын үнү калың элге жетпейт, жеткириш кыйын экен” деп айтып кетти. Мен мектепте ал кездеги Фрунзеде окугам. Мектепке жылына төрт-беш жолу атактуу жазуучулар, акындар келип турчу. Түгөлбай Сыдыкбеков, Муса Жангазиев, Аалы Токомбаевди көрүп калдым. Биз аларга кызыл жагоо тагып, алар бизге чыгармачылыгы, өмүр баяны жөнүндө айтып берчү. Азыр акындардын үнүн жеткирүүгө платформалар барбы? Мисалы, Нарсулуу, Нуриза, Гүлзада дагы башка акындар кошулуп айылдардагы мектептерге барып, элеттик кыздар менен байланышсаңар болобу, ырларды окуп берип?

Гүлзада Станалиева: Азыр “Поэзия кербени” деп Жазуучулар союзу жүргүзүп жатат. Баткенден чыккан калемгерлерди кошуп, мектептерге, окурмандарга барышкан. Бул жакшы, бирок өтө аз, жетишсиз. Ошондой жолугушуулар уюштурулса жакшы болот эле. Азыр социалдык тармактарды колдонсок болот. Биздин акындардын ырларын катталуучусу көп блогерлер окуп чыкса болот.

- Биздин кесиптешибиз Төрөкул Дооров окуп жатат, сиз да окуп жатасыз, Гүлзада.

Гүлзада Станалиева: Мен YouTube каналга ыр окуп жүктөйм. Тилекке каршы, поэзия сүйүүчүлөрү азыраак. Элдин оозунда спортсмендер, блогерлер, күчтүү саясатчылар. Эгер мамлекеттик кызматкерлер окуса, ушундай бир иш-аракеттерди жүргүзсөк жакшы болот эле. Мына азыр Нуризанын жазганы эмне деген жүрөк титиреткен ыр. Мисалы, Мурза Гапаровдун чыгармачылыгында зомбулукка каршы ачык айткан ойлору жок. Бирок ушунчалык баамчыл, күйүмдүү болгондуктан, адамдын жандүйнөсүн, ички абалын абдан таасирдүү чагылдырган. Айтматовдун чыгармаларынын да негизги идеясы ошол. Менимче, окуу китептерде ар бир чыгармадан кийин ой жүгүртүүгө багыттаган суроолорду түзсө, зомбулуксуз жашоого багыт берген сабак болмок деп ойлойм. Жазуучулар союзу же башка уюмдар колго алса, маданият үйлөрүнө элди чакырып уюштурсак жакшы болмок. Кечээ Берлиндеги элчибиз Өмүрбек Текебаевге кирдик, жолугушуу болду. Ал: “Көбүнчө ырчылар келет, улуу муундар төкмө акындарды сурашат. Бирок акындар келе элек. Былтыр Махабат Касеинова келди эле, быйыл силер келдиңер”, – деди. Жалаң эле эстрада ырчыларын эмес, акындарды да кошуп чакырышса жакшы болчудай.

- “Азаттыкта” иштешип калган маркум Зайырбек Ажыматов менен кат жазышып турчубуз. Бир ирет минтип жазганы бар: “Мен жашыраак кезде пафос ырларды жаза бериптирмин, биз кыйынбыз, баатырбыз, укмушпуз деп. Ошолорду уккандан өзүм уялам. Азыр андай ырларды жазгым келбейт”. Биз жашап жаткан Чехияда адабиятта өзүн өзү сындоо, кемчиликтерин ачып көргөзүү, керек болсо өзүн өзү какшыктоо салты аябай күчтүү. Азыр бизде кайсы темалар басымдуулук кылып жатат, Нуриза?

Нуриза Өмүрбаева: Элдин табитин бузуп алдык го деп ойлойм. Бизди жөн эле коёлу, азырынча жашпыз. Чоӊ акындар бар да, ошолорду чыгарсак болот. Мисалы, Карбалас Бакировду, Сагын Акматбекованы алып чыга албай жатабыз. Элчиликтер уюштурса болмок.

- Гүлзада, сиз университетте окутуучусуз. Кыргыз тил, адабиятын кесип катары окуйм, ошого өмүрүмдү арнайм деген жаштар көбөйүп жатабы?

Гүлзада Станалиева: Улуттук университетте филология факультети бар. Кезинде акын-жазуучулар ошол жерде окушкан. Азыр бул жакка тапшырган эркек балдар жокко эсе экен, жалаң кыздар окуп калыптыр. ЖРТдан жогору балл алгандар да кыргыз филологиясына барбайт экен. Ага карабай, жаш жазуучу, акындар көп. Өкүнүчтүүсү, анча-мынча уйкашса эле поэзия деп ойлошот. Соцтармактарга чыгарса, өздөрүнүн достору мактап, андан от алып, укмуш жазып жаткан турбаймынбы деп ээлигип кеткен жаштарыбыз да бар. Изденүү болбогондугу, жана Нуриза айткандай, элдин табитин бузуп алганыбыз өтө коркунучтуу. Анткени Сагын Акматбековадай акындарыбыздын интеллектуалдык поэзиясын, бийик эстетикалык поэзияны кабылдай албай калышат адамдар. Жөнөкөй жеңил-желпи ырларга ыктап калышат. Түркиянын, Орусиянын YouTube каналдарында адабий сереп жасаган блогерлер бар. Кыргыздарда ушул да жок. Кыргыз тилинде жакшы ыр, чыныгы көркөм адабият кандай болорун ачып берген блогдор жок болуп жатат.

Ырас, кыргыз радиосунда көп берилет, “Азаттыкта” да аңгемелер чыгып калат. Социалдык медиада дагы ошондой контенттерди көбөйтүш керек. Мына, университеттеги мугалимдер өзү сабак берген жер менен эле чектелип жатат. “Азыркы адабиятта, поэзияда кандай жаңылыктар болуп жатат? Бул же тигил акындын чыгармачылыгындагы негизги өзгөчөлүктөр кайсылар?” деп сереп салган, анализдеген контенттерди даярдашыбыз керек, менимче. Мага мугалимдер айтып калышат: “Биз сюжетин эле айтып беребиз. Өзүбүз талдай албайбыз, окуучуларга аларды талдап берген китептерди каяктан алсак болот?” – дешет. Бул жерде адабият методикасы боюнча сөз болуп жатат.

- Гүлзада, биз дүйнөлүк темаларды жаза турган акындарды чыгарыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

Гүлзада Станалиева: Ар бир акын издениши керек. Ураан-чакырыктуу ырлар менен элдин көӊүлүн буруу оӊой да. Салижан агай бизди сындаганда жаман көрчүбүз кээде. Мына ошондой өзүбүзгө өзүбүз сергек карай билишибиз керек. Көбүрөөк чет өлкөлөргө чыгыш керек, башка маданияттар менен байланыш керек, тилдерди өздөштүрүүбүз керек, башка адабияттарды окуш керек, башка элдердин өкүлдөрү менен таанышып, жеке кызматташууларды жүргүзүшүбүз керек. Өзүбүздү сырттан караган учурда гана ким экенибизди көрө алабыз. Канчалык дүйнөгө ачык болсок, көп тилдерди билип ынтызар болсок, ошончолук дүйнө тааным, глобалдык маселелерди жүрөгүбүздөн өткөрө турган бир деңгээлге жетет элек.

- Ошондой кадамдар башталып жатыптыр, мына силердин Германияга келип ыр окуп бергениңер ошондой көрүнүштөрдүн бири. Ыраматылык Салижан Жигитов бир жолу айткан эле, жазуучулар “Арашан” чыгармачыл үйүнө барып китеп жазып жатам деп айлап эс алышчу. Бизде акындар көп. Ошол акындарды ташка чегип жазгыла десе көрөт элем канчасы кыйналып жазарын” деп. Анын сыңарындай, мен миграцияда жүрүп чыгармачылыгын уланткан силердей акындарды ташка чегип жазган акындар катары кабылдап жатам. Эч ким бөпөлөп бакпайт, жазганга шарт түзүп бербейт. Кайда жүрсөӊөр да аман болгула. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Элге үнүңөр, добушуңар жете берсин.