Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:31

"Жакшы сөздү издеп кетти дегиле..."


Бурулкан Карагулова.
Бурулкан Карагулова.

“Кыял кемеси”, “Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө”, “Көкүрөгүң жыттап алдым билгизбей”, “Селсаяк” баштаган бир нече лирикалык китептердин жана аңгемелер топтомунун автору, калемгер Бурулкан Карагулова менен маек.

Башка акындардан шар мүнөзү, ары назик, ары сезимдерин ачык жазган саптары менен айырмаланган Карагулованын жакын арада дагы бир поэтикалык китеби жарык көрдү.

- Арыбаңыз. Калемгердин эң чоң сүйүнүчү да, жаңылыгы да кезектеги жаңы чыгармасы эмеспи. Жакын арада жаңы эмгегиңиз жарык көрүптүр. Кепти ушундан баштабайлыбы?

- Бар бол. Бул поэтикалык китебим “Жакшы сөздү сууруп алам жүрөктөн” деген аталыш менен чыкты.

Негизи “Чаңдашкан барак” болчу аты, анан көбү эле кадимки чаңды түшүнүп алат экен. Кийин “Чаңдашкан ыр барак” деп койдум. Өзүмө ушул аты жакты эле. Анан “Улуу тоолор” басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыров, тааныштар, калемдештер баары эле азыркы атын жактырып туруп алышты. Баса, анан бул эмгегим кезексиз эле чыгып кетти. Буга чейин аңгемелеримдин топтомун чыгарайын деп жаткам. Китепти чыгаруу максатым – эл мени унутпасын дегеним да. Эки күн мурда кечем өттү. Алдыда Жумадин чоң кечемди өткөрөм деп жатат. Ага чейин Жалал-Абадга да чакырып жатышат. Барып окурмандарга төгүлүп, ыр окуп келейин деп жатам.

- Сизди рамкага сыйбаган калемгер деп айтып калышат. Окурмандарыңыз бу китебиңизден кандай жаңылыктарды таба алат?

- Мени жакындан билгендер бүт эле “жашыңыз алтымыштан өтүп жетимишке таяды, жалаң эле сүйүүнү жаза бересизби, токтотпойсузбу” деп жатышат. Анан элди угуп көрөйүн деп граждандык лирикага өтүп да көрдүм. Бирок болбой эле сүйүү темасынан алыс кете албайт экем. Анан саясат тууралуу жазылган ырлар бар.

Бурулкан Карагулова жаңы жарык көргөн ыр китеби.
Бурулкан Карагулова жаңы жарык көргөн ыр китеби.

- Сизден анда бир ыр угуп анан кепти уланталы.

Ойлорумду эркин жайып өрүшкө,

Сөз данегин көкүрөккө түнөткөм.

Чагылгандай чарт жарылып чачырап,

Жакшы сөздү сууруп алам жүрөктөн.

Ойдун түбүн таба албадым, тырмыштым,

Сүзүп келдим жээгинде турмуштун.

Топту буздум, тоого чыктым, жармаштым,

Канатынан кармаймын деп алп куштун.

Күчтүү чыкты ичимдеги эркиндик,

Сөз куралым демди кошот демиме.

Бул ордумдан эгер таппай калсаңар,

Жакшы сөздү издеп кетти дегиле.

- Албетте акындарга качан ыр жазып калганы тууралуу суроо кайталанып эле берилип келет. Бирок ошол эле маалда шар мүнөзү, сахнада ыр окуганы менен башкалардан айырмаланып турган, өзүнчө дүйнөсү бар Бурулкан Карагулованын ыр дүйнө менен тагдырлаш болуп калганы кызык.

- Мен айтылуу Токтогул Сатылгановдун уруулашы - сарттарданмын. Бала кезде эле “Токтогулуңар залкар талант эле, түкүргөн түкүрүгү жерге түшчү эмес, ошонун урпагысыңар, силер неге ыр жазбайсыңар” дей беришчү. Мектепте окуп жүргөндө болгон дептерлеримдин баарына ыр жазып салып эле эжейлеримден таяк жей берчүмүн. Ошентип 5-классты бүткөндөн кийин ден соолугума байланыштуу Токтогулдан Ноокатка кетип калдым. Ал жактан да жазып жүрдүм. Бир күнү Омар Хаямдын ырларын өзбек тилинен окуп калдым да акындын чыгармачылыгы менен ооруп калдым. Жетинчи класска чейин Алыкул деп дем алып, Алыкул деп жашап жүрсөм, Омар Хаям кошулду. Ошентип эки кесел бир келип, мен ырсыз жашай албай калдым.

Алыкулду, Хаямды окуганда,

Дем алганды унутуп калат элем.

Акыл таппай аскага көп камалып,

Өмүр сүрдүм аялуу жараат менен.

Экөөңөрдөй даанышман жолукпаган,

Адилеттүү сөз чыкпай калыстардан.

Айыгышкан күч алып талаш-тартыш,

Шамал болуп отумду жагышпаган.

Качан болсо өчүрүп келатышат,

Алар менен арыкта агышпагам.

Чоң дайрага боюмду таштап салып,

Күркүрөгөн ачуулуу доубштаймын, - деп жазганым бар.

Ошентип Омар акын тууралуу катуу таасирленип, көп жаздым. 16-17 жаштарымда бир куплеттик ырларга өтүп кеттим. Ноокаттагы курбалдаштар, кийин Жалал-Абадда бирге окуган чөйрөм ошондой бир куплет ырларым аркылуу тааныды. Аскердеги балдар менен ыр кат жазышып калдым. Башка кыздар эки бала менен сүйлөшүп, бирин жашырып жүрсө, мен жүздөй бала менен сүйлөшчүмүн. Ошол кезде баары эле поэзияга кызыкчу беле, айтор, мен баарына ыр менен кат жазчумун. Кийин Бишкекке келсем мени шылдыңдап Хаям деп атап алышты. Ушундан кийин бир куплет ыр жазганды коюп калдым.

Бурулкан Карагулова.
Бурулкан Карагулова.

- Мен белгилүү акындар менен маектешип калганда бир тобу “поэзия жаштыктын иши экен, жакшы ырлар жаш кезде жазылат экен” деп айтып калышчу. Сүйүүнү эле жаза берет экем деп калбадыңызбы, ушундан улам бир суроо жаралды да. Акындар жаштык доордон өтүп калгандан кийин баягы жаш кездегидей оттуу ырларды жарата береби? Же акыл менен тажрыйбага таянып жазып калышабы?

- Эми жаш кезде чын эле сүйүп жазасың да. Кийин көп болсо бир-экөөнү сүйүп бир-эки ыр жазасың, анан бүттү. Ошондуктан жүрөк дегенди тирүү жашатып, сүйө бериш керек. Маселен, селсаякты да сүйгөндү үйрөнүш керек, ал деле кезинде жакшы бир адам болгон. Болгону турмуш кыйнап койгон. Дегеле адамзаттын баарын сүйүш керек. Мен троллейбуста, маршруткада көп жүрөм. Анан Ак-Өргөдөн барып келгиче бир топ убакыт өтөт. Жол катар ыр жазып барам. 7-8-троллейбустар менен, 216-маршрутка менен ыр жазган уяма айланган. Ошол коомдук автоунаада баратып эки адам сүйлөшүп калат, жаштар сырдашат, анан жакшы сөздөрдү кулакка илип калам. Азыр жакшы сөздөр чанда сүйлөнүп калган доордо жашап жатабыз. Бири-бирин көралбай, бири-бирин кемситкендер көбөйгөнү өкүндүрөт.

- Колуңуздагы жаңы эмгекте граждандык лирикага да басым жасадым деп калдыңыз. Эмесе ушул темадагы ырыңыздан да угалы.

Түбөлүктүү, жашыруун сыр жазылып,

Эки асканын ортосунда бар катың.

Өз айлыма окшоштуруп сүйгөнмүн,

Токтогулдун көчүрмөсү – Ноокатым.

Күңгүрөгөн кууш ноого жашырган,

Ал катыңды моюн созуп карагам.

Адыгине ордосу бар Ноокатта,

Мен да ошол кан атамдан тарагам.

Демек биздин байыркы жер Ноокат да,

Не катылган аскадагы ал катта?

Кыбырамдын кыбырасы келет деп,

Балким мага сыр жазылган ал жакта.

Эч ким чыгып жете албаптыр аскаңа,

Ошол катты ноодон эч ким ачпаган.

Ордолуу шаар, ооматы бар, Ноокатым,

Мен да сенин бутагыңда шактагам.

- Бурулкан эже, бирөөлөр чыгармачыл адамдар коомдук турмушка, саясатка аралашпай эле чыгармасын жазып эле жүрбөйбү деп сындап калат. Дагы бири, тескерисинче, дал ушул адамдар кайнаган турмушка карата өзүнүн ой-пикирин айтып турушу керек дешет. Соңку учурлардагы өлкөдө орун алган орчундуу окуялар сиздин чыгармачылыгыңызда кандай чагылды?

- Менин ушул китебимде “Саясатты жазбайм, бирок кайра эле жаздырдыңар” деген маанидеги ырым бар. Мен элге окшоп саясаттагы окуяларды тымызын жаза албайт экем. Шар эле сөгүп кирем. Анан көп учурда тил угуп калам, жаман көрүнөм. Жакшы сүйлөп койгондор шагыратып эле наам алышат. Элдин баары эле сага “Эл акыны наамы бериле элекпи десе уялып кетем, мага ардак грамота да бериле элек”. Анан “тикенектер” бир иш-чараларга “наамы барларды чакыргыла” дешет. Алар менин алдымда ким эле, мейличи, бул убактылуу да деп коём өзүмө.

Ушул темадагы бир ырымды окуй кетейинчи:

Көп сөздөрдү шыпырып айдап келдим,

Кулагына сыр салып байлап келдим.

Сөздөр менин байлыгым – тийбегиле,

Бир сөз үчүн бүт өмүр кайнап келдим.

Ооздон чыккан жалынды чачылтайын,

Сөздүн гүлүн ысытып ачылтайын.

Кенен ачтым жүрөктүн кең талаасын,

Кайрылып өт окурман, асылтайым.

Ардак наамы жок дешип чапкылашты,

Арты-алдымды булгабай качкылачы.

Ушакчылар биригип бүт баарыңар,

Бурулкандын бир ырын жазгылачы.

“Бурулканбы? Койчу аның жинди” дейсиң,

Соо сенсиңби, ушунча ириңдейсиң.

Бүт дүйнөнү өзгөрткөн кеменгерлер,

Жиндилерден турарын не билбейсиң.

Кичинекей үйүмө аалам батат,

Коюнумда толтура алтын жатат.

Аны билбей ойготуп албагыла,

Тар үйүндө акындын алпы жатат.

Бурулкан Карагулова.
Бурулкан Карагулова.

- Азыр китеп окулбай калды деп эле чуу салгандар арбын го. Калемгерлер китебин кантип сатып, кантип элге жеткирип жатышат?

- Нурлан Калыбеков менен Абдымамбет Сариев деген акындар “Нурборбор” чыгармачыл академиясынан мыкты балдарды тарбиялап чыгышты. Айтматов айткандай таланттар ушинтип дүңүнөн чыгат экен. Ошолордун китептерин эл сурап, өтүп жатканын көрөм. Демек жакшы жазгандардын китептери окулуп жатат. Анан азыр заманбап жашоодо чыгармачыл адамдар социалдык тармактарда активдүү болушу керек.

- Сизди калемгер катары учурда дагы эмнелер көбүрөөк түйшөлтөт?

- Менин жүрөгүмдү абдан ооруткан маселе – Кыргызстандын 30 жылдан берки абалы. Жүрөгүм жөн оорубай, ийне менен сайгандай сыздап ооруйт. Өлкөбүздү 30 жылда эмес үч айда эле өнүктүрсө болот. Кандай сонун табиятыбыз бар, таза сууларыбыз бар. Көлүбүз менен эле миллиарддарды тапса болот. Уран казабыз десе оорулар көбөйөт деп тынчсыздангандар көп. Ошону элге зыян кылбай турган кылып пайдаланса болчудай нерселерди ойлоп табышса. Мен аял катары айтайын, эл башында болсом өлкөгө жок дегенде асма көпүрөлөрдөн онду салып коймокмун. Чоңдор канчалаган байлыкты тоношту, сатышты. Азыр да ташып чыкканга даяр тургандар бардыр. Өлкөнү жегенди токтотуп, элге-жерге сарптасак эле өнүкмөкпүз. Кыргызстан гүл өрөөн болмок.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

Тектеш

XS
SM
MD
LG