Коронавирустун жаңы түрлөрү жана карантинге нааразылыктар

Прагада миңдеген демонстранттар карантиндик чектөөлөргө нааразылык билдиришти. 10.1.2021.

Орусия коронавирустун Британияда алгач катталган түрү табылганын айтты. Чехтер карантиндик чектөөлөргө нааразылык билдиришти. Жапонияда бул вирустун жаңы түрү Бразилиядан келген туристтерден аныкталды.

Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы эмдөөлөр башталып жаткан чакта, бул илдеттин улам жаңы мутацияланган түрлөрү катталгандыгы жана жайылгандыгы тынчсыздануу жаратты. Бирок быйыл дүйнө коомчулугу пандемияны жеңүүнүн чечкиндүү бурулуш чекитинен өтүүсү да күтүлөт.

Коронавирустун Улуу Британияда алгач катталган жеңил жайылчу түрү Орусияда да табылгандыгы маалымдалды.

Орусиянын федералдык саламаттык сактоо (“Роспотребнадзор”) мекемесинин башчысы Анна Попованын “Россия–1” сыналгы каналына айтканына караганда, бул жаңы түр Улуу Британиядан Орусияга кайтып келген кишиден аныкталган.

Орусиянын "Роспотребнадзор" мекемесинин башчысы Анна Попова. 25.12.2020.

Попова айым бул илдет алиги кишиден качан табылгандыгы ж.б. тууралуу чоо-жайды айтып отурган жок.

Ал эми Москва шаарында мектептердин кышкы каникулу 17-январга чейин узартылды.

Коронавирустун бул жаңы түрү дүйнөдөгү он чакты өлкөдө (Кытай, Испания, Швеция, Франция, Дания, Нидерланддар, Италия, Германия ж.б.) табылды. Бирок тез жайылган менен бул түр кырдаалды көзөмөлдөн чыгарып салчудай өзгөчө коркунучтуу деп каралышы да мүмкүн эместигин адистер белгилешүүдө.

Чехияда миңдеген демонстранттар карантиндик чектөөлөргө нааразылык билдиришти. Эски шаар аянты, Прага. 2021-жылдын 10-январы


Чехиянын мурдагы өкмөт башчысы жана президенти Вацлав Клаус 10-январда өлкө борбору Прага шаарында коронавируска каршы киргизилген чектөөлөрдү токтотууну талап кылган ири нааразылык жыйынга катышты.

Клаус өз сөзүндө саламаттыгы чың кишилерди үйлөрүндө обочо кармоо таптакыр жарабаган иш деп айтты. Бул жыйынга бир нече миңдеген кишилер катышканы маалымдалууда.

Вацлав Клаус. Москва. 2014-жылдын 19-ноябры.


Саламаттык сактоо адистери кишилердин обочолонуу тактикасы өзгөчө маанилүү, ошондуктан коронавирус биротоло аныктала элек кезде бейтап киши же өзү оорубастан, вирусту алып жүргөн кишилер (алардын арасында балдар) алааматтуу вирусту дени сак кишилерге жайылтып албашы үчүн карантин шарттары бекем сакталышы керек, деп санашат.

Чехия өкмөтү былтыр 27-декабрдан тартып 22-январга чейинки мөөнөттө карантин чараларын кайрадан күчөткөн. Түнкүсүн кишилерге көчөгө чыгууга тыюу салынды, коомдук жайларда беткапчан жүрүү, үйлөнүү, сөөк коюу сыяктуу олуттуу жөрөлгөлөрдө 15 кишиден ашык чогулбоо сыяктуу талаптар киргизилди, ресторандар жана көпчүлүк дүкөндөр жабылды.

Дагы караңыз COVID-19: Мутацияланган вирус шайды оодарды


Германияда 11-январдан тартып буга чейинкиден да катаалыраак чектөөлөр күчүнө кирмекчи. Немис полициясы коомдук жайларда катаал эрежелерди сактоого көзөмөл кылуу жаатында камылгалар көрүүдө. Германияда эмдөө иш-аракети да жайбаракат жүрүп жаткандыгы, айрым дарыгерлер ыктыярдуу эмделгиси келбегендиги да кабардалды.

Дагы караңыз COVID-19: Вакцина жана Германиядагы «экинчи толкун»


Жапонияда коронавирустун мутацияланган таптакыр жаңы түрү катталды. Жапониянын Жугуштуу ооруларды иликтөө боюнча улуттук институтунун башкы директору Такаи Вакита 10-январда бул тууралуу жарыялап, таажы вирусунун жаңы түрү Токиого Бразилиядан келген төрт туристтен аныкталгандыгын айтты.

Дагы караңыз ДССУ: Жакыр өлкөлөргө вакцина жеткириле баштайт


Ал эми “Worldometers” интернет барагынын маалымдашынча, коронавирустун SARS-CoV-2 деп аталган түрү 11-январдын таңына карата дүйнө жүзүндө 90,6 миллион кишиге жуккан.

Дагы караңыз 2021: Ар бир кризистен кийин өнүгүүгө жол ачылат

Алардын ичинен 1,942,396 киши өмүрүнөн ажыраган. Жалпысынан 64,8 миллион киши айыгып чыккан. Учурда дээрлик 24 миллиондой киши бул илдеттен жапа чегүүдө.

Төгөрөктүн төрт бурчундагы коронавируска каршы жапатырмак жана байсалдуу эмдөөлөрдүн аркасында быйыл пандемияга каршы күрөштө жагымдуу бурулуш болоору күтүлүүдө.