Жохар Царнаев жана анын үй-бүлөсү

Жохар Царнаевдин бул сүрөтү АКШнын Бостондогу юстиция башкармалыгынын ага каршы далили болуп берди. 

Тамерлан Царнаев (ортодо), атасы Анзор (солдо), апасы Зубейдат жана агасы Мухамад Сулейманов (оңдо). Махачкала, Дагестан.

Царнаевдердин эжеси Патимат Сулейманова  Махачкаладагы үйүндө. 

Тамерлан (ортодо) жана Жохар (ылдыйда ортодо турат) эже-карындаштары менен Кыргызстандагы үйүндө.

Жохар Царнаев достору, казакстандык студенттер Азамат Тажаяков (солдо) жана Диас Кадырбаев (ортодо) менен Нью-Йоркто. Учурда булар да Бостондогу жардырууну иликтөөгө тоскоолдук кылганы үчүн камакта. Аларга өкүм ушул жылы чыгышы мүмкүн. 

Тамерлан Царнаев мушкердик таймаштан кийин. Солт-Лейк-Сити, Юта штаты, 2009-жыл. 

Жохар Царнаев. Массачусетс штаты. Бул сүрөт анын ишинде далил катары колдонулган.  

Жохар (оңдо) агасы Тамерлан менен Нью-Гемпширде. Бостондогу жардыруу болгонго чейин бир айдай мурда тартылган сүрөт. 

Бостондо жардыруу болгон күнү Тамерлан жана Жохар тартылган видеокадр сотто башкы далил болду. 

Жохар Царнаевдин кылмышка катышы бардыгын далилдеген видеокадр. 

Жохар Царнаев снайпердин бутасы астында полицияга колго түшүп берүүдө. 19-апрель, 2013-жыл.  

Ок тешип, канга боёлгон бул кат Бостондогу жардыруудан кийин Жохар жашынып жаткан кайыктан табылган. 
 

Журналисттер Царнаевдердин энеси - Зубейдатты ээрчип баратышат. Махачкала, Дагестан, апрель, 2013-жыл.

Царнаевдердин карындашы Айлина. Нью-Йорк. декабрь, 2014- жыл.

Бостон федералдык сотунун айыптоо өкүмүн угуп турган Жохар Царнаев. 8-апрель, 2015-жыл. 

Жохар Царнаев 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын федералдык сот арачыларынын өкүмү 2002-жылы үй-бүлөсү АКШга көчүп келген чечен жигиттин тагдырын чечкени турат.