Апрелде жааган кар алма-өрүктү үшүттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

9-10-апрель күндөрү кар жаап, үшүк жүргөнү дыйкандарды бир топ чыгымга учуратты. Эрте айдалган жазгы эгиндер жана гүлүн төгүп, мөмө байлап калган бактарды үшүк алып, чыгымдарды эсептөө боюнча жер-жерлерде комиссия түзүлдү. Баткенде алдын ала эсептөөдө мөмөлүү бактардан эки миң гектардай аянт түшүмсүз калып, жарым миллиард сомго жакын чыгымга учураганы аныкталды.