Режиссер Аманбек Жапаровдун бул жолку блогу кыргыз драматургиясынын абалы тууралуу болмокчу. Автордун жазуу стили сакталганын жана пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эске салмакчыбыз.
Жакында Жалал-Абаддагы курсташым Абдырашид "балдар үчүн жазылган, мектеп балдарына ылайыктуу пьеса болсо таап бер" деп кайрылды. Анын айтымында, советтик драматургдардын пьесалары актуалдуулугун жоготуп, учурга ылайыксыз болуп калган экен. Кээ бир пьесалардын мазмуну азыркы муундун аң-сезимин ойгото албай турганына кейиди.
Ушундан кийин Бишкектеги китеп дүкөндөрдөн караштырып, драмалар жыйнагын таппай койдум. Маданият министрлигиндеги тиешелүү адиске байланышканымда атайын мектептерге ылайыктуу пьесалар жыйнагы жоктугун, мурдагыдай гонорар маселеси чечилбегени үчүн драма жазгандар дээрлик азайганын айтты.
Пьесаны интернет аркылуу тапсаңыз болот деп кеңеш берди, жаштар арасында драма жазууга ынтызарлар бар экенине токтолду.
Ушундан улам кыргыз драматургиясына учкай кайрылууну туура көрдүм.
Дагы караңыз Кош тилдүү залкардын көркөм мурасыКезинде Ж.Садыков, Т.Абдымомунов, М.Гапаров, М.Байжиев, М.Тойбаев, Б.Өмүралиев өңдүү драматургдар театр репертуарын байытып келсе, 90-жылдары экономикалык оор кырдаал менен базар экономикасынын шартында чындыгында театрлар драмадан аксаган учурлар болгон. Бирок ошондой оор мезгилге карабай, драматургдардын өзгөчө мууну өсүп чыкканын белгилей кетели.
А.Мамбетов, Э.Эрматов, Б.Сейдакматов, С.Раев, Ж.Кулмамбетов, К.Иманалиев, кыз-келиндерден М.Мамазаирова, Ж.Өзүбекова, А. Темированын пьесалары театрларда коюлуп, көрөрмандардын купулуна толгон.
Акын Меңди Мамзаированын “Наристеге арналган хризантема” пьесасы Ош театрында, Жеңишгүл Өзүбекованын “Карагызы” “Туңгучта”, ”Кыял” Нарын театрында, А.Темированын “Теңир оту” “Учур” театрында зор ийгилик менен коюлган. Албетте ал драмалар түмөн түйшүк менен сахналаштырылганын айтпай койсок болбос.
Жаш драматург демекчи, кыргыз драматургиясынын алпы Бексултан Жакиевдин көзү барында баарлашканымда ал “Атанын тагдыры” пьесасын 21 жашында жазып, театрда 500 ирет коюлганын белгилеп, жаш драматургдарды мамлекет колдоого алышы керек деген эле.
Дагы караңыз "Ынтымактуу үй-бүлөдөгү энеден эзели жаман бала төрөлбөйт"Б.Жакиевдин “жашоонун өзү драма” деген сөзү бар эле, драматург болууну каалагандар кыйынчылыктарга моюн сунбай кажыбаган эмгек, өжөрдүк, чыдамкайлык менен ийгиликке жетиши керектигин белгилечү.
Балдар үчүн пьеса издеп, драматургия жанрына аралашкан айрым тааныштарыма байланышсам, алар балдар үчүн пьеса жазышпаганын кыйытты.
Кыргыз театр биримдигинин төрагасы, драматург Жаныш Кулманбетов
учурда драмалар көп жазылбай калганынын жүйөлүү себептеринин бири каражат маселеси экенине токтолду.
Кыргыз драматургиясын өнүктүрбөй жаткан биринчи фактор - авторлорго калем акы төлөнбөгөндүгү, экинчи фактор - жазган пьесалары театрларда коюудагы тоскоолдуктар экенин ачыктады.
Адабият айдыңында акындар, кара сөз жазгандар кудайга шүгүр. Айрымдарынын китептери чыгып жатат, бирок, жаштарда аз-аздан пьеса жазууга кызыкдар калемгерлер бар экенин белгиледи.
Ал ошондой эле мектеп түгүл театрлар да мыкты драмага муктаж экенин, бул көйгөйдү чечүүнү өкмөт колго алышы зарылдыгын айтып, үч-төрт жылдан бери “драматургдар лабораториясын” ачуу аракети ишке ашпай жатканына токтолду.
Кулманбетовдун пикиринде, Маданият министрлиги пьесаларды сатып алуу же калем акыга каражат бөлүү, театрларда койдуруу маселесин чечсе, жаштардын арасынан мыктылар суурулуп чыкмак. Ал өзүнүн шакирттери Гаухар Ажыгулова, Сезим Муктарбекова (орус тилинде жазат) жана Нурлан Абдырахманов өңдүү жаштардын дүбүртүнөн үмүттөнөрүн билдирди.
Дагы караңыз "Мата Хари" - аялзаттын зомбулукка каршы эркиЖаш акын, драматург Сайра Батыркулова учурда драматургия жазуу эрежелерин кимден үйрөнүп, кимден маалымат алып, кимди устат тутаары чоң көйгөй жаратарын, жазылган пьесаны театрда койдуруу түйшүктүү маселе экенин белгиледи. Анын “Мата Хари” драмасы Жаштар театрында ийгиликтүү коюлган.
Бейиши болгур театр сынчысы, профессор Сарман Асанбеков драма бир убакта адабиятка эле эмес, театрга да орток жанр экенин айткан эле.
Драмада өзгөчө сюжеттүүлүк, окуянын курч карама-каршылыктуулугу, анын сахна оюндарына бөлүнүшү, каармандардын диалогдорунун туташтыгы менен айырмаланарын, драматизм искусствонун бардык түрүндө жолукса да, драмада мыйзам ченемдүү түрдө басымдуулук кыларын, драма өз ичине көп жанрды камтый турганын, трагедия менен комедия драмада жашап келген түбөлүктүү тема экенин, драма жазгысы келгендер сахна сырлары менен тааныштыгы болсо ийгиликке жетерин айтканы бар.