- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
Мындан 15 жыл мурда Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрынын репертуарына көз жүгүртүп калып, бул жайга ысымы берилген залкар драматургдун бир дагы чыгармасы жок экенин байкадым.
Театрдын ошол кездеги жетекчиси Эл артисти, маркум
Марат Алышпаев менен макулдашып, Абдымомуновдун акыркы пьесасы - "18
жашты" сахналаштыруу тууралуу оюмду ортого салдым. Ага чейин өзүмчө актерлорго роль бөлүштүрө баштагам. Негедир айрым артисттер пьесага ичи чыкпай, көңүл кош мамиле кылышты.
Бир күнү Марат Алышпаев мени чакырып, "театрдын репертуарында Абдымомуновдун чыгармасы болушу керек. Сен "Абийир
кечирбейт" драмасын сахналаштырбайсыңбы деген сунушун айтты. Мен моюн
толгоп, "18 жаш" пьесасына даярдык башталганын айттым. Марат байке да өз оюнан кайтпай, жаштар менен иште деп көгөрдү.
Чынында "Абийир кечирбейт" театрда мурда эки жолу коюлуп, дөө-шаа артисттер ойногон болчу. Эмнегедир кайра коюлса, начар болуп калабы деген кооптонуу болду. Баары бир деректир өзүнүн айтканынан кайтпагандыктан, ушул драманы коюуга камылга көрө баштадым.
Баш каарман Нурдиндин ролуна актер Марат Козукеевди ылайык көрдүм. Бирок ал жашы дал келбестигин, жумуштары көп болуп жатканын жүйө келтирип, ролдон сыпайы баш тартып койду.
Мурдараак жаш режиссер менен жаш театроведдердин бири өткөн доордун 60-жылдарындагы драманы азыр кайра коюштун кандай зарылчылыгы бар, абийир, мораль тууралуу айтып кереги барбы деп каршы чыгышкан эле. Ошондон кийин айрым артисттер да "Абийир кечирбейт" драмасына салкын мамиледе болгон өңдүү.
Кийинки репетицияда "абийир мурдагы доор, азыркы доор деп бөлүнбөйт, абийирди эстемейинче коом өнүкпөйт, көз караш өзгөрбөйт эмеспи" деп артисттерди араң ынандырдым.
Мындай пикирге башкы ролдогу Азиз да кошулду, Марат Козукеев болсо
"Абийири жок коомдо жашап жатпайбызбы, ошон үчүн оңолбойбуз" деп жаш
актерлорду шыктандырды.
Ошентип "Абийир кечирбейт" спектаклин чыгарууга маркум Марат Козукеевдин көмөгү зор болгон. Премьера биз күткөндөн да
жогорку деңгээлде өтүп, зал жык толуп, көрүүчүлөр спектакль бүткөндөн кийин да кол чаап турушту. Он жылдан ашык убакыт өтсө да азыр спектаклге
көрүүчүлөр көп келишет.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев Санкт-Петербургдагы Н.Черкасов атындагы театр жана кино институтунда Дмитрий Астрахандын курсунан окуган. Эмгек жолун Жаш жеткинчектер театрынан баштап, өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз драма театрында иштеп, ондогон
образдарды жаратып, 2000-жылдардан тартып режиссурага өттү. Бир нече мыкты спектаклдерди сахналаштырып, Орто Азиядагы абройлуу режиссерлердун бири катары таанылган талант эле. Аттиң, өмүрү кыска экен. 2017-жылдын декабрында 47 жашында гана мезгилсиз дүйнөдөн өтүп кетти.
Бейиши болгур Дүйшөн аба (Байдөбөтов) менен башкы роль тууралуу
кеңешсем, "жаштардан Азиздин арышы арымдуу, ошону көрчү" деген сунушун берген эле.
Анын кеңеши менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевге Нурдиндин ролун ойноону сунуштап, ал макул болуп, кызуу даярданууга кириштик. Экинчи курамга Жеңиш
Смановду бекиттим, спектаклдеги ролдорду дээрлик жаштар ойноду.
Азиз менен иштөө майнаптуу болду. Ал өз алдынча көп иштеп, изденип ролду
мыкты аткарды. Спектаклдин премьерасында зал толгон көрүүчү келди, эки
капталындагы бош жерде да шыкалып тургандар болду. Жаштар көп келип, ар бир спектаклде шатыра-шатман кол чабуулар менен сүрөп, колдоп турушту.
Ал спектакль азыр дагы театрдын репертуарынан түшпөй, эл арбын келет, байма-бай коюлуп жатат. Азиз жакында эле кейип калды.
"Абийир кеткенде адамдар ыпылас иштерге барат тура. Азыр коомчулукта талкууланып жаткан 13 жашар кыздын окуясын окуп алып, жанымды коерго жер таппай кеттим", - деп ой бөлүштү.
Азиз Мурадилаев театрдагы спектаклдердин дээрлик баарында ойнойт.
Өзгөчө анын аткаруусундагы Семетейдин ролун баса белгилөөгө болот.
"Курманжан датка" тасмасында Алымбек датканын ролун дагы мыкты аткарды.
Азиз өзү 1978-жылы чыгармачыл үй-бүлөдө туулган. Атасы Үсөн Мурадилаев убагында Ташкенттеги Островский атындагы театралдык институттан билим алган. Аксыдан чыккан талант чыгармачылыгын Нарын театрынан баштаган. Кыргыз драма театрындагы таланттуу актерлордун бири болчу. 1998-жылы октябрда 42 жашында оорудан улам бул опасыз дүйнөнү таштап кете берди.
Апасы, Эмгек сиңирген артист Анара Сыдыгалиева Кыргыз драма театрындагы алдыңкы актрисалардын бири, жакында Токтогул
атындагы сыйлыктын лауреаты болду.
2016-жылы Азиз сыркоолоп, өлүм менен өмүрдүн ортосунда оор сыноодон
өттү. Учурда саламаттыгы кудайга шүгүр, спектаклдерде ойноп, клип, тасмаларга тартылып жүрөт. 60тан ашуун спектаклде, ондогон кинофильмдерде кайталангыс образдарды жаратты.
"Ак илбирс" жана Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыктарынын ээси. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти. Шаа, Саади деген эки уулдун атасы.