Донецкте жикчилдер жоготууга учурады

Өкмөттүк аскерлер салгылашууга аскерий жана тик учактарды колдонушкан.

Орусиячыл сепаратисттердин айтканы боюнча өлкөнүн чыгышындагы Донецк шаарында өкмөттүк күчтөр менен болгон кармаштан 35 жикчил каза болду.
26-майда сепаратисттер Донецк аэропортун басып алган соң, өкмөттүк аскерлер салгылашууга аскерий жана тик учактарды колдонушкан. Бул маалыматты расмий Киев тастыктаган.

24 саатка созулган куралдуу салгылашууда болжол менен 35 сепаратист жантаслим болгонун атын атабаган орусиячыл сепаратисттердин бири билдирди.

Өзүн өзү “Донецк элдик губернатору” атап алган Павел Губарев өкмөттүк күчтөр аэропорттон жараат алгандарды жүктөп бараткан унаага ок жаадырып, андан 35 адам өлүп, 15 адам катуу жараат алганын билдирди.

Аэропортту басып алган сепаратисттер чоң жоготууларга учураганын украин аскер күчтөрүнүн өкүлү да тастыктады.

Сепаратисттер Донецк шаарындагы аэропортко 26-май күнү кол салып, ал кармашуу шаарга дагы жайылып кеткен.

Ал арада орусиячыл жикчилердин лидери Денис Пушилин

- Cоңку тездик менен өнүккөн окуяларга байланыштуу Орус Федерациясынан жана жалпы орус элинен жардам суроого муктажбыз, - деп Москвага кайрылды.

Донецктин мэри Александр Лукьянченко кармашуулардан 40 адам өлгөнүн, жана алардын экөө жай тургундар экенин билдирди. Канча киши жикчилдерден, канчасы өкмөттүк аскер күчтөрдөн зыянга учураганын Лукьянченко тактаган жок.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков согушкерлер оор жоготууларга учураганын билдирип, бирок так санын айткан жок. Министр өкмөттүк күчтөрдөн өлгөндөр жок деп билдирип, Донецк аэропорту өкмөттүк күчтөрдүн колунда экенин тастыктады. Ал эми аэропорттун өкүлү бул маалыматты ырастаган жок.

Биринчи вице-премьер-министр Виталий Ярема болсо Украинанын аймагында акыркы террорист жоготулмайынча “антитеррористтик операция” улана берерин билдирди.

27-майда Донецкте сепаратисттер хоккей талаасынын теңин өрттөп жибергени маалымат каражаттарынан дайын болду. Өрттөн жабыркагандар жок.

26-майда маалымат жыйында жаңы шайланган президент Петро Порошенко өлкөнүн чыгышындагы абалды Москвасыз жайгаруу мүмкүн эмес экендигин белгиледи.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Украинанын жаңы президенти менен диалогго даяр экенин, ошол эле маалда Киев өз элине каршы курал колдонууну токтотуусу керек деп билдирди:

- Добуш берүү Украинанын дээрлик баардык аймактарында өттү жана бул жакшы жышаан. Орус президенти Владимир Путин билдиргендей, биз украин элинин тандоосун сыйлайбыз. Бирок жаңы бийликтер өз жарандарын сыйлап, бардык саясий, диний жана этникалык топтордун кызыкчылыктарын эске алуу менен бир чечимге келүүсү зарыл. Болбосо кырдаалды чечүү мүмкүн эмес.

Порошенко Украинанын чыгышына эл менен сүйлөшүүгө барууга, алардын укуктарын коргоону убада кылып, бирок террористер менен сүйлөшпөй тургандыгын кесе айтты.

Эл аралык байкоочулар 25-майдагы шайлоону эркин жана таза өттү деп баалашты.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Украинаны “коркутууларга жана орусиячыл сепаратисттердин провокациясына карабай” шайлоону таза өткөрүп алышы менен куттуктады.

Европарламенттин президенти Мартин Шульцтун маалымат катчысы Марцин Граевский:

- Өлкөдөгү кырдаалга карабастан, бийликтин аракети менен өткөн добуш берүү элдин чечкиндүүлүгүн көрсөттү. Эл өз тарыхындагы жаңы баракты ачты. Коркутуп-үркүтүүлөргө карабай калктын шайлоого катышуусу жакшы болду", - деп Украинадагы шайлоого европалыктардын баасын билдирди.

Шейшембинин кечинде Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Петро Порошенко президент болуп шайланганын жарыялады. Комиссия бюллетендердин 90% көбү саналып бүткөнүн, Порошенко добуштардын 54% ашуунун алганын, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко 13% добуш топтогонун билдирди.