Трамп Ким менен кездешүүсүн оң баалады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамп, Сингапур, 12-июнь 2018-жыл.

"Биз Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтабыз". Мындай пикирин бул өлкөнүн лидери Ким Чен Ын менен шейшембиде Сингапурда жолуккан АКШ президенти Дональд Трамп "Америка добушу" радиосуна курган маегинде айтты. Трамп кезинде кайым айтышып жаткан Ким менен тил табышканын да ишара кылды.

АКШ менен Түндүк Корея лидерлеринин Сингапурдагы тарыхый деп мүнөздөлгөн саммити аяктап, эми анын жыйынтыгы талкууланып жатат. Президент Дональд Трамп шейшембидеги жолугушуудан кийин "Америка добушу" радиосуна маек куруп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды "акылдуу жана сүйлөшүүнү мыкты алып бара алган" адам деп мүнөздөдү.

Ал баш-аягы 45 мүнөткө жетпеген сүйлөшүүнүн 90 пайызы Корей жарым аралындагы өзөктүк курал маселесине арналганын айтып, оң жылыштар болот деп убада кылды.

Трамп менен "Америка добушу" радиосунун кабарчысы Грете Ван Састерен.

"Биз жакшы келишимдин башатында турабыз деп ойлойм. Биз Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтабыз. Бул иш дароо эле башталганы турат жана көп нерселер болуп жатат. Алардын арасында Корей согушунда курман болгон америкалык аскерлердин сөөктөрүн алып келүү маселеси бар".

Трамп "Америка добушу" радиосунун кабарчысы Грете Ван Састерендин суроолоруна жооп берип жатып, Ким Чен Ын менен кездешүүсүндө Түндүк Кореядагы укук бузуулар тууралуу да маселе көтөрүлгөнүн белгиледи. Бирок анын чоо-жайын айткан жок.

Ошондой эле расмий Пхеньянды кепке келтирүүдө санкциялардын ролу маанилүү болгонун ишара кылып, Түндүк Корея өзөктүк куралын жок кылууну баштамайынча санкциялар кала берерин эскертти.

Трамп Сингапурдагы саммитте эч бир тарап ультиматум койбогонун кошумчалап, ондогон жылдардан бери касташып келе жаткан Түндүк Корея эмне үчүн азыр сүйлөшүүгө макул болгону тууралуу да оюн айтты:

"Себеби ал биз ишке басым жасаарыбызды билди. Ал мындайды мурда сезе албаса керек. Мурда башка адамдар болчу. Иш жылган жок. Биз Түндүк Корея менен абдан катаал маанайда сүйлөшүп келдик. Бирок менимче, бүгүн биз эл ойлогондон да мыкты жана кеңири документке кол койдук. Эч ким бул мүмкүн болот деп ойлогон эмес".

Cингапурдун Сентоса аралындагы кымбат баалуу мейманканада 12-июнда өткөн саммитте эки өлкөнүн лидерлери жаңы тарыхты баштоого даярдыгын билдиришкен. Трамп менен Ким кол койгон документте АКШ “коопсуздук кепилдиктерин”, ал эми Түндүк Корея “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууну” убада кылган.

"Бизде бүгүн тарыхый жолугушуу болду жана өткөндү артта калтырууну чечтик. Дүйнөдө олуттуу өзгөрүү болот. Мен президент Трампка ушул жолугушуу өткөнү үчүн ыраазычылык билдирем",-деди Ким Чен Ын расмий документке кол коюп жатып.

АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы ондогон жылдардан бери уланып келаткан чыңалуу былтыр расмий Пхеньян бир нече баллистикалык ракеталарын жана бир жолу өзөктүк бомбасын сынагандан кийин ого бетер күчөгөн эле. Мындай абал эки өлкө лидерлеринин кескин кайым айтышына да себеп болгон.

АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери.

Трамп Сингапурдагы саммитте Ким Чен Ын менен жакшы мамиле түзүлгөнүн баса белгиледи. Тарыхта биринчи жолу АКШ жана Түндүк Кореянын кызматтагы лидерлеринин жолугушуусун дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү кубаттап чыгышты.

Европа Биримдиги муну "маанилүү жана керектүү кадам" деп мүнөздөдү. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков да "алдыга маанилүү кадам ташталганын" айтып, бирок адатта маселелер деталдарга барып такалаарын эскертти.

Түндүк Кореянын узактан берки экономикалык өнөктөшү саналган Кытай Бириккен Улуттар Уюмуна расмий Пхеньянга карата санкцияларды алып салуу маселесин караштырууну сунуштады.

Иран болсо Тегерандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы кабыл алынган эл аралык келишимден АКШнын чыгып кеткенин эске салып, Түндүк Кореяны президент Трампка ишене бербөөгө үндөдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.