Доллар үчүн үстөк алуу сүткордукпу же аргасыз чарабы?

Иллюстрация

Кыргызстанда коммерциялык банктар банк эсептеринен жана банкоматтардан чет элдик валютаны накталай берүүдө 3-5% чейин комиссия алууга өтүштү.

Ар бир коммерциялык банк банктык операциялардын тарифтерин жогорулатуу боюнча өз алдынча чечим кабыл алганы белгилүү болду.

Күнүмдүк валюталык төлөмдөр менен иштеген жеке компаниялар жана жарандар депозиттеги чет элдик валюталарын накталай алганы үчүн үстөк пайыз төлөткөн чечимди ашкере сүткордук катары айыпташууда.

Улуттук банк болсо накталай чет элдик валютанын таңкыстыгы бар экенин, коммерциялык банктар чет элдик акча ташып келүүгө кеткен чыгымдарын жабуу үчүн комиссиялык үстөк пайыздар киргизилгенин жарыялады. Бирок мекеме мунун депозиттик валютага тиешеси жоктугун билдирди.

Өтүп бараткан аптанын ортосунда өлкөнүн коммерциялык банктары жеке адамдардын, ишкерлердин жана башка юридикалык жактардын банк эсептериндеги чет элдик валютасын кассадан нак алууга, банкоматтардан же POS-терминалдардан чыгарууга айына 5 миң АКШ долларынан ашкан сумма үчүн 3-5% чейин үстөк алууну чечишкен.

Дагы караңыз “Кызыл кулактыкка жол ачылды”. Банктарда доллар тартыш

Ишкерлерди нааразы кылган жагдай

Мындан чет өлкөдөн товар импорттоп, сырткы соода жүгүртүү менен алектенгендер жана өлкө ичиндеги коммерциялык ишмердигинде чет элдик валютаны керектегендер жабыркап жатканы айтылды.

Жеке менчик компаниянын жетекчиси Жакшылык Матанов ишкерлер сырттан которулган акчасын гана эмес, банк эсептеринде убактылуу сакталган валютасын накталай алуудан дагы олчойгон чыгымга дуушар болуп жатканын айтууда.

Жакшылык Матанов, "Интеллек" жеке менчик мектебинин жетекчиси.

"Азыр сырттан гана эмес, өлкө ичиндеги ири алды-саттылардын бардыгы доллар менен жүрүп жатпайбы. Анан мына ошол долларды накталай салабы же накталай эмес түрүндө которобу, биздин эсептерден ал акчаны кайра чыгарган учурда 3-5% чейин үстөк акы алына баштады. Жеке ишибиздин же төлөмдөрүбүздүн кайсы бир бөлүгү доллар менен жүргүзүлгөн учурда, аны накталай алып, кайра которууда биздин ишкерлер өтө чоң чыгымдарга дуушар болот. Менимче, бул доллар менен иш кылуудан баш тарттыруунун бир жолу окшойт. Ошол эле кезде 20-30 миң доллар акчасын банк эсептеринде сактап келгендерге деле акчасын накталай бергенде 5% кармап калышууда . Бул анын акчасы да. Мына ошол жери түшүнүксүз болуп жатат".

Коммерциялык банктар мындай чараларды Кыргызстанда накталай чет элдик валюта берүүдө жаралган таңкыстык менен түшүндүрүп, накталай чет элдик акча чыгаруу банктын комиссиялык чыгымдары катары кабыл алынган. Буга чейин банк эсептеринде убактылуу сакталган депозиттеги чет элдик валютаны накталай алууга үстөк пайыз коюлган эмес. Адатта, коммерциялык банктар накталай эмес которулган чет элдик валютаны накталай берүүдө же бир эсептен экинчисине өз ара төлөмдөр жүргүзүлгөн учурларда 0,5% өлчөмүндө үстөк акы алынып турган.

"Тарифтер менен комиссияларды туура эмес чечмелегендер болууда"

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева валютаны депозиттерден накталай берүүдө үстөк алынбасын, бул үчүн чара көрүлөрүн айтып, жаңы киргизилген тарифтер туура эмес чечмеленип жатканын белгиледи:

Аида Карабаева, Улуттук банктын расмий өкүлу.

"Сырттан төлөм катары которулуп келген валюта болсо, аны накталай берүүдө комиссия алынышы мүмкүн. Бул мыйзамдуу эле көрүнүш. Анткени биздин банктар чет өлкөлөрдөгү өнөктөштөрүнөн накталай валютаны ташып келүүдө мурдагы каналдар бузулуп, алар жаңы логистиканы ачууга аргасыз болушууда. Бул учурда алардын чыгымдары да өстү. Ошондуктан аны жабуу үчүн коюлган комиссиялык үстөктөр негизинен туура. Бирок анын дагы ченеми болушу шарт. Банк эсептери аркылуу келген валютаны накталай берүүдө, мыйзамга ылайык үстөк тарифтерди, комиссияларды, насыялар боюнча пайыздарды банктар өз алдынча коё алат. Бирок ошол эле кезде депозиттерден алынчу валютадан комиссия алынбашы керек. Бул туура эмес. Эгерде, чындап эле мына ошондой мыйзам бузуулар болсо, анда аталган банктарга чара көрүүгө туура келет".

Дагы караңыз Тышкы карыз: бийликтин коңгуроосу, оппозициянын сыны

Кап менен доллар чыгаргандарды токтотуу чарасы

Улуттук банк буга чейин өлкөдө накталай чет элдик валютанын таңкыстыгы түзүлгөнүн моюнга алган. Ошол эле кезде ал Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөр үчүн чет элдик валютанын өлчөмү жетиштүү экенин белгиледи. Накталай жана накталай эмес чет элдик валютанын курсунун ортосунда айырмачылык чыгып жатканы айтылды.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев валюта рыногундагы кызыл кулактар Орусиядан накталай эмес валюта которууларды жүргүзүп, бул жактан накталай акчаны чыгарып кетип жатканын буга чейин парламентте билдирген.

Кубанычбек Бөкөнтаев, Улуттук банктын төрагасы.

"Орусияда жаралган накталай жана накталай эмес доллардын ортосундагы маселе эми бизге келип жетти. Биздин өлкөдө накталай эмес доллардын өлчөмү кескин өсүп кетти. Биз накталай долларды сатып алып жаткан жокпуз. Мында биз накталай эмес түрдө долларды сатып алып, валюта рыногундагы кырдаалды жөнө салып келе жатканбыз. Бирок коммерциялык банктар накталай долларды көп өлчөмдө сыртка чыгарып жатышат. Бул миллиондогон доллар. Бирок аларды кызыл кулактар сатып алып, Орусияга мүшөктөп чыгарып кетип жатышат. Анткени бизде накталай акчаны чыгарууга тыюу салынган эмес".

Улуттук банк мына ушуга байланыштуу өлкөдөн накталай валютанын чыгып кетип жатканын ооздуктоо үчүн коммерциялык банктардан, банк кассаларынан, банкоматтардан жана POS-терминалдардан айына 5 миң доллардан ашкан накталай чет элдик акчаны чыгарууга чектөө киргизип, андан ашыгына үстөк пайыз киргизгени белгилүү болду. Улуттук банк Орусиядагы ири финансалык оюнчулардын өлкөдөн накталай акчаны чыгарып кетип жаткан кызыл кулактык аракеттерин мына ушундай жол менен токтотууну көздөй турганы белгиленди.

Дагы караңыз Бээжин-Бишкек: бажыдагы эки башка эсеп

"Акчанын агымын акмалап турган жакшы"

Коммерциялык банктар чет өлкөлөрдөгү банк корреспонденттери аркылуу накталай эмес эсептешүүлөрдөн сырткары, евро менен долларды накталай сатып алып турган. Банк иши боюнча адистер өлкөдө накталай жана накталай эмес акчанын ортосундагы баланс бузулганын байкап, кризис учурунда өкмөт менен Улуттук банк өлкөдөгү чет элдик валютанын акча массасын көзөмөлгө алууга тийиш экенин айтышууда.

"Улуттук банк тууралуу мыйзамда ал накталай эмес акчанын айлануусун гана карап, ал эми накталай акчанын жүгүртүлүүсүнө көзөмөл жүргүзбөй турганы көрсөтүлгөн. Бул деген Улуттук банк өлкөнүн ичиндеги чет элдик валютанын массасына байкоо салып, анын агымына таасир эте албай турганын билдирет. Буга жоопкерчиликти ала турган мамлекеттик орган болушу керек. Анда өлкөдөгү айланган акча базасын көзөмөлдөөгө болобу же жокпу, өкмөт ага таасир эте алабы деген суроолор турат", - дейт банк жана финансы иши боюнча эксперт Нүргүл Акимова.

Кыргызстанда товарларды импорттоп, сырткы соода жүгүртүүлөрдө жана өлкө ичиндеги накталай эмес же накталай валюталык операциялар үчүн канча өлчөмдө доллар же евро керектелип, айланып турганы боюнча такталган расмий маалымат чыга элек.

2018-жылы мына ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бир жылда Кыргызстандан 90,5 млрд. доллар чет өлкөлөргө которулуп турганын билдирген. Бирок Улуттук банк анын сөзүнө тактоо киргизип, бул акча банктардын бардык транзакциялар боюнча жүгүртүүдөгү каражаты экенин билдирген.

Ошондо финансисттер өлкөдөгү накталай жана накталай эмес айланган доллардын орточо базасы канча миллиард доллардын тегерегинде экенин эсептеп чыгуу татаал экенин белгилеп, накталай төлөмдөрдү каттоого мүмкүн эместигин айтышкан.

Адистер Орусия Украинага кол салып, буга байланыштуу ага эл аралык санкциялар салынганда алардын оор кесепеттери Борбор Азияга, анын ичинде ЕАЭБге мүчө Кыргызстанга дагы тиерин буга чейин эле эскертишкен.

Учурда Финансисттер валюта рыногунда накталай доллардын азайышы өлкөнүн экспорттук-импорттук операцияларына терс таасирин тийгизерин, мындан улам чет элдик акчанын көмүскө жана расмий курсунун ортосунда кескин айырманын алдын алуу милдети турганын эскертишүүдө.