Вирус кыргыз дарыгерлерин кыйнады

Жамал Тазабекова.

Жамал Тазабекова - Кыргызстанда коронавирустан каза болгон дарыгерлердин үчүнчүсү. Кызы жана кесиптештери азыр жоготуу азабынан кыйналып турган учуру. Ал ортодо Бишкек менен Чүйдө оорунун көптүгүнөн кыйналган дарыгерлер медицина системасын талкалаган реформаларга нааразы.

71 жаштагы Жамал Тазабекованы жоготуп алганына жакындары, кесиптештери дагы эле ишенбей жатышат. Үч баланын энеси, 40 жылдан ашуун дарыгерлик кесипте иштеген апасын кызы Үмүт көз жашына муунуп мындайча эскерди:

«Алтын апам, биринчи кезекте ишин аябай жакшы көрчү. Канча айттык, «иштебеңиз» дедик. Бирок көп жылдык тажрыйбасы, билген билими менен бөлүшкүсү келип, ишинен калбай барып жүрүп, ушинтип ооруп калбадыбы. Апам катардагы аскерден тартып генералга чейин дарылаган, медицинадагы абдан тажрыйбалуу дарыгер болчу. Жардамын эч кимден аянчу эмес.

Жамал Тазабекова балдары менен.

Ооруп жатканда өтүп кетерин сезгендей болду. Улуу эжем ооруканада, жанында эле. Бизге видео менен телефон чалып, баарыбызды бир карап алды. Ошол бойдон 30-июнда саат 12ден өтүп жүрөгү токтоп калды. Ишене албай, балким комадабы десек да болбоду.

Апам күчтүү аял болчу, бирок бул оору менен күрөшө берип, жеңилип калды. Өзүн эч качан биринчи планга койчу эмес. Кыялдарын бир чоң кагазга жазып, «Каалоолордун картасы» деп илип койгон эле. Анда «Балдарым бактылуу болсо экен. Үйлөнүп, жайланып, неберелерим болсун» деп, аягына гана өзүнүн кыялын жазып коюптур. Ажыга баргысы келчү, ажылык кылып, жок дегенде умрага барсам дечү. «Каалоо картасы» илинип турат. Бирок апам жок...»

«Уулун үйлөнтөм деген кыялы ишке ашпай калды...»

Жамал Тазабекова ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча бейтапканасынын ординатор дарыгери болуп эмгектенип келген. 1949-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулуп, эки кыз, бир уулдун энеси эле.

Жамал Тазабекова жана президент Сооронбай Жээнбеков.

22-июнь күнү Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө коронавирус диагнозу менен жаткан. Ал ооруну иштеп жүрүп жугузган. 1990-жылдардан бери ИИМдин Медицина борборунда чогуу иштеген кесиптеши Элмира Бердикулова Жамал Тазабекова менен далай оор күндөрдү, 2010-жылдагы Ош окуяларын да башынан өткөрүшкөнүн, пандемияда андан айрылып калары үч уктаса түшүнө кирбегенин айтып отурду:

«Жамал эже менин устатым десем да болот. 1992-жылдан бери, башкача айтканда 28 жыл бою чогуу иштедик. Бир да жолу жаман сүйлөгөнүн көрбөдүм. Элдин баарына жардам берейин эле деп турчу. Мен окууну бүтүп, ички иштер кызматына дарыгер болуп жаңы дайындалганда бул жакта жалаң орус улутундагылар иштечү. Кыргыздардан алар менен теңтайлашып иштеген ушул Жамал эже эле болчу. Мени канатына калкалап, көп нерсени үйрөттү. Жарандык медицинага караганда аскердик медицина бир топ айырмаланат. Ошол өзгөчөлүктөрдү Жамал эжеден үйрөндүм.

Аны акыркы жолу 12-июнда көргөм. Кадимкидей эле ишинде болчу. Менин нөөмөтүм бүтүп, обсервацияга кетип жаткам. Эжеге «үйгө эле карантинге чыгыңыз, ден соолугуңузду караңыз» деп айтсам, иштей берерин айткан эле. Жамал эже кечирээк балалуу болуп, уул-кыздарын аябай жакшы көрчү. Бизге айткан жалгыз кыялы – уулун үйлөндүрүп, небере көрсөм дечү. Кыялына жетпей калды».

«Күлкүсүн сагынамын...»

Тазабекова 2010-жылдагы Ош окуяларынан тышкары 1999-жылы Баткен окуяларында да аскердик дарыгер катары кызмат өтөгөн. Бир топ мамлекеттик жана мекемелик сыйлыктарга, алкыштарга ээ болгон. Дарыгерликте жогорку кызматы эске алынып, Кыргыз Республикасынын медицинасына эмгек сиңирген ишмер, медицина тармагынын мыктысы наамын президент Сооронбай Жээнбековдун колунан алган эле.

Жамал Тазабекова кызы менен.

Бир бөлмөдө 14 жылдан ашуун чогуу отуруп иштеген кесиптеши Айгүл Ибраимова жашы улгайганына карабай өтө сергек, сулуу устатынан айрылганына капа болуп турат.

«Абдан мээримдүү, жаркын айым эле, - деди ал. - Ата-энеси кулакка тартылып, Ысык-Көлдөн Баткенге айдалып кеткенин көп айтып берчү эле. Эже өзү Көлдө төрөлүп, кичинесинде Баткенге келип, мектепти Баткенден бүткөн экен. Бишкекте да көп жыл иштептир. Кийин Оштогу ички иштер бөлүмүнө келип иштеп калган экен. Эжени Ош облусундагы күч түзүмүндөгү ар бир адам тааныйт. Баары сыйлап, урматтап турчу. Жамал эже өтө сулуу болчу, 70 жашына карабай жаш көрүнчү. Ден соолугуна, сулуулугуна кам көрчү. Күнүгө эртең менен дене тарбия көнүгүүлөрүн аткарчу.

Мен 2010-14-жылдары башка жакка иштеп кетип, кайра келсем, эже баягыдай эле жапжаш, супсулуу экен. Ага суктанчубуз. Экөөбүз бир кабинетте 10 жылдан ашуун чогуу иштедик. Эртең менен кофе ичет элек, үйдөгү майда-чүйдө сырыбызды бөлүшүп, анан кечке жаныбыз тынбай иштейт элек. Жамал эжемдин эми күлкүсүн сагынам. Шаңкылдаган, айланасын шаңга бөлөп жиберген сонун күлкүсү бар эле. Эми анын күлкүсүн сагынып жүрүп өтөм го».

Дагы караңыз Чамасы чак медицина, чарчаган дарыгерлер

«Акыркы бейтап айыккыча кетпейбиз!»

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери вируска чалдыккан медицина кызматкерлери 700гө чукулдады. Алардын 35% – дарыгерлер, калганы орто медициналык кызматкерлер. Үч дарыгер оорудан көз жумду. Акыркы эки жумадан бери Саламаттык сактоо министрлиги ыктыярчыларды иштөөгө чакырууда. Өлкөдө дарыгерлер, медайымдар жетишпей, эс алуудагы улгайган адистер да ишке тартылып жатат. Айрыкча инфекциялык оорулар менен күрөшүүдө тажрыйбасы жок дарыгерлер деле ишке тартылууда.

Бишкектеги шаардык биринчи ооруканада коронавирус диагнозу коюлбай, бирок өпкөсү кагынгандар үчүн 100дөн ашуун орун ачылары менен 1-июлда анын баары толуп калды. Ооруканага жата албагандар кире бериште тыгылып, дарыгерлердин шаштысы кетти. Бул оорукананын имараты толугу менен кызыл зонага айланып, жалаң өпкөсү кагынгандар дарыланууда.

Кыргызстандагы ооруканалардын бири.

Кызыл зонада 24 саат бою жаны тынбай иштеген хирург-анестезиолог Кубаныч ар бир дарыгерге азыр 20дан оорулуу туура келип, абал саат сайын курчуп жатса да ишин таштап кетпей турганын айтты:

«Ооругандар улам көбөйүп жатат, аябай эле көбөйдү. Алардын баарын жаткырганга орун жетпей калды. Министрлик «оорунун курч симптомдору менен эле жаткыргыла» деп көрсөтмө берген. Бизге таң атпай эле машине менен ооругандар өздөрү келишип, эшиктин алдына тыгылып, симптому катуусу деле, жеңили деле «жаткыргыла» деп кыйнап жатат. Бирок биз коронавирус аныкталбаган пневмония болгондорду эле ала алабыз. Ар бир дарыгерге 20дан бейтап туура келүүдө.

Элге келген балакетти дарылашыбыз керек. Болгону бизге түшүнүү менен мамиле кылышса. Орун жок болсо жаткыра албайбыз да? Аны билбей эле бизге кол салганга чейин барып жатышат. Аябай чарчадык, бирок үйгө кетип кала албайбыз. Дүйнөгө келген бул апаатты жеңип, акыркы бейтап айыккыча кызмат кыла беребиз».

«Кереги жок реформалар системаны талкалады»

Коронавирус менен ооругандардын таза айыгып чыгышына Кыргызстандын ооруканасындагы инфратүзүм да тоскоол болууда. Дарыгерлердин айтымында, вируска чалдыккан бир киши дааратканасы, жууна турган жери бар бир палатага өзүнчө жатып дарыланса тезирээк айыгып, инфекцияны көзөмөлдөө да оңой болмок. Ооруканадагы палаталарда жаткан көп кишилер коридорго же башка жактарга чыгып, оорунун дарыгерлерге жайылышына чоң себеп болууда.

Сокулук райондук ооруканасынын дарыгери, хирург Эркинбек Осмоналиев январь айынан бери коронавируска каршы күрөштүн очогунда. Ухандан биринчи кыргызстандык студенттер келгенден тартып обсервацияда, кызыл зонада иштеп жатат. 3-4 күндөн бери сыркоолоп үйүнө келген.

Эркинбек Осмоналиев.

Ал Кыргызстанда 30 жылдан ашуун өкүм сүргөн саламаттык секторундагы түрдүү, натыйжасыз реформалардан улам ушундай оор кырдаалга кабылып, азыр медицина кызматкерлери гана негизги соккуга учурады деген ойдо турганын жашырган жок:

«Медицина менен билим берүүгө таптакыр көңүл бурулган эмес. «Оптимизация, реформа жасайбыз» дегендер канча жылдан бери ооруканадагы керебеттин санын азайтып отуруп, мына азыркыдай оор абалга келдик. Биздин медицинаны пилоттук долбоорлордун тажрыйба талаасына айлантып салышкан. Кайсы донор эмнени айтса, ошонун баарын кылышкан. Азыркы кырдаал көрсөттү, эч качан медицинаны тажрыйбага айлантпаш керек. Эми министрлик, бийлик ойлонсо жакшы болот эле. Кереги жок эле долбоорлорду таңуулап, саламаттык тармагын реформалай албайбыз.

Бир эле мисалды айтайын, мурунку министр Космосбек Чолпонбаевдин учурунда «лабораторияларды оптимизациялайбыз» деп, райондук лабораториялардын баарын жоюп салышкан. Бул долбоорго акчаны кайдан алышканы түшүнүксүз. Бишкек менен Ошто эле лаборатория калып, райондук анализдөөчү жайларды жаап салуу деген эмне? Бул кыргыз элин кырганга барабар да! Азыр эми ооруну аныктаган лаборатория жок, ПЧР тесттерди аныктаган жерлер жок, тескерисинче ар бир райондо лаборатория иштеп, тест системаларды көбөйтүш керек эле да. Түштүк Кореянын деле тажрыйбасынан пайдалансак болмок. Эми тести жок эле ооругандарды жапырт карамайга өттүк. Диагноз аныктоо деген нерсе жок калды».

Бирок Саламаттык сактоо министрлиги сөз болуп жаткан чечимди лабораторияларды борборлоштуруу максаты менен түшүндүргөн жайы бар.

Министрликтин адиси Анара Ешходжаева «Азаттык» радиосундагы талкууда 2018-жылы лабораториялар боюнча маалымат берип: «Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун жана ооруканаларды оптимизация долбооруна ылайык оорукана ичиндеги жана бейтапканалардагы лабораториялар жоюлуп, баары борборлоштурулган, сапаты заманбап лабораторияларга айланат», - деген. Бул планга ылайык үй-бүлөлүк борборлор анализ алуучу гана ишти аткарып калган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Вирустан ажал таап, кыйналган кыргыз дарыгери

2017-жылдагы эсеп боюнча Кыргызстанда 16 миң дарыгер, 35 миңдей орто билимдүү медициналык кызматкер эмгектенүүдө. 10 миң калкка 22 дарыгер туура келет. Бирок Жалал-Абад, Талас, Нарын облустарында 10 миң калкка жети дарыгерден гана бар. Азырынча коронавирус Бишкек, Чүй облусу менен Ош шаарында көп катталууда.

Саламаттык сактоо министрлиги адистер тартыш эмес, медиктер жетиштүү дегени менен, басма сөз кызматы ыктыярдуу иштөөгө дарыгерлерди, медайымдарды чакырып жаткан убагы. Ал эми оору жугузуп, андан каза болгон дарыгерлерге кенемте төлөө тууралуу так маалымат алуу мүмкүн эмес болуп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​