Днепрде Орусиянын соккусунан кырктай киши мерт болду

Куткаруучулар окуя болгон жерде иштеп жатышат.  Украина, Днепр. 15-январь, 2023-жыл.  

Уранды алдында калгандарды издөө учуру. Днепр, 15-январь, 2023-жыл.

Куткаруу иштерине 550дөн ашык киши катышууда. Ракета тийген үйдө 72 батир талкаланып, 230дан ашыгына зыян келтирилген. 

Днепрдин жашоочулары окуя болгон жерде турушат. 

15-январда 40тай адам куткарылды, анын алтоо балдар. Ооруканада 30дай киши жатат, 12синин абалы оор. 30дан ашык киши каза тапты, дагы кырктай адамдын дайыны белгисиз.

Куткаруучулар жергиликтүү жашоочулардын биринин сөөгүн чыгарып жаткан учур. 

Днепрдин жашоочусу куткаруучулар чыгарып берген мышыгын кармап турат. 

Куткаруучуларга жергиликтүү тургундар жардам берип жатышат. Орусия Днепрге сокку ургандан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский орусиялык жарандарга кайрылды:

"Силердин коркоктугуңар, үн катпаганыңар, күтө туралы деген оюңар бул террорчулардын силерге да барышы менен аяктайт. Ошондо силерди эч ким коргобойт",- деди Зеленский. 

Днепрде Орусиянын соккусунан кийин бир тарабы кыйраган көп кабат үйдүн тургундарын куткаруу иштери уланууда. Соңку маалымат боюнча каза тапкандар 40тан ашты. Турак жайда 72 батир талкаланып, 230дан ашыгына зыян келтирилди. Бул үйдө жалпы 1700дөй киши жашаган.