«Таң калтырып бүтпөгөн кыргыз демократиясы»

Бишкектеги аянттагы митинг. 5-октябрь, 2020-жыл

Кыргызстандагы соңку кырдаал тууралуу орусиялык, казакстандык жана беларус саясий серепчилеринин пикири.

Орусиялык басылмалар ушул тапта Кыргызстанда болуп жаткан саясий окуяларга сереп салып турат. Бири "Кыргызстан дагы толкуду" десе, экинчиси "Бул кырдаалга кайсы чет өлкөлөр кызыкдар?" деген өңүттө баяндарды жарыялады.

Ал эми "РИА Новости" агенттиги Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму Кыргызстандагы окуяларды тынчсыздануу менен кабыл алып, кырдаалга көз салып турганын кабарлады.

Орусиялык агенттиктин маалыматына ылайык, уюм Кыргызстандагы саясий кырдаалды "өлкөнүн ички иши, өз алдынча жөнгө салып кетет" деп эсептейт.

Кыргызстандагы окуяларга байкоо салган орусиялык саясий серепчилер болсо эки ача ойду айтышууда.

Мисалы, Москвадагы Жогорку экономика мектебинин профессору Андрей Казанцев Кыргызстандагы оппозициялык партияларга анык парламенттик өлкөнү түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү деп эсептейт.

"Жаңы түзүлгөн Координациялык кеңеш менен парламент убактылуу өкмөт түзүп, жаңы шайлоо өткөргөнү жатканы түшүнүктүү. Президенттин абалы суроо жаратат. Ал күчүн, таасирин жоготуп алды. Же ал азыр сүйлөшүүлөргө барып, кызмат ордунда калат. Кокус кызматынан кетсе, Кыргызстан анык парламенттик мамлекет болууга бет алат. Албетте, Жээнбековго бул окуялар күтүүсүз болду. Ал Кыргызстандагы экономикалык абалды, элдин маанайын жана пандемия кесепеттерин эске алып, шайлоо алдында бардык партия өкүлдөрү менен жолугуп, баарына бирдей шарт түзүп бергенде мынчалыкка жетмек эмес. Жээнбеков буга барганда шайлоодо азыркы бийликтин эки партиясы бирдей өтүп кетсе деле эч нерсе болмок эмес. Анткени, эл Жээнбековдун жеке өзүнө нааразы болуп, каршы чыккан жок. Ал оппозициялык партияларды четтетүүгө жол берип, ушул абалга жетти", - дейт серепчи Андрей Казанцев.

Андрей Казанцев

Ошол эле кезде орусиялык саясат талдоочу, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов Кыргызстандагы соңку окуяларды кескин сындагандардын бири.

"Бийлик эми гана компромисс издеп калды. БШКнын шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарганы туура кадам. Бирок буга жеткирбеш керек эле. Өлкөдө бир партиянын добуштарды ачык эле сатып алып жатканына көз жуумп, экинчисине бийликтин күчүн колдонууга жол берип койду. Бул азыркы бийликтин башкы катачылыгы. Ошол эле кезде элди көчөгө алып чыккан партия жетекчилеринин жоопкерчилигин унутпаш керек. Алар элди башкара албай, Ак үйдү басып кетерин, өлкөдө башаламандык болорун айдан-ачык түшүнгөн. Муну кыргыз демократиясы дегенге болбойт. Бул башаламандык. Эл аралык чөйрөдө Кыргызстан 7- классты бүтө албаган баладай эле түр көрсөтүп жатат".

Аркадий Дубнов

Эки айдан бери элдик толкундоолор токтобогон Беларустагы саясат талдоочу Валерий Карбалаевич "Кыргызстандагы окуя - бул саясий плюрализмдин жетишкендиги" деген ойдо.

"Беларус менен Кыргызстандагы саясий абалды салыштыруу бир кыйла оор. Кыргызстанда демократиялык саясий система түзүлгөн. Мамлекеттик институттар элдик нааразылыкты дароо кабыл алат. Анткени, алар эл менен байланышы бар, элдики десе болот. Беларуста абал такыр башка. Бардык мамлекеттик органдар бир колдо. Өкмөттүк бийликте же парламентте оппозициянын жана башка саясий күчтөрдүн өкүлдөрү жок. Ошондуктан, элдин аракеттеринен майнап чыкпай, Лукашенко дагы деле кетпей отурат".

Досым Сатпаев

Казакстандагы серепчи Досым Сатпаев Кыргызстандагы соңку окуялар коңшу мамлекет башчыларына сабак, элге үлгү деп эсептейт.

"Соңку окуялар Кыргызстандын өзгөчөлүгүн дагы бир жолу көрсөттү. Бул Беларус, Орусия же Казакстан эмес. Бул өлкөдө бир адамдын үстөмдүгү болгон эмес, болбойт дагы. Буга чейинки эки революция эле президент эч качан олигархтарга же күч түзүмдөрүнө таянып, өзүм билемдикке бара албасын көрсөтүп койгон. Президент элдин, саясий көпчүлүктүн колдоосуна артыкчылык бериши керек. Кыргызстанда оппозиция бир блокко биригиши зарыл. Азыр дагы деле ары-бери тартышып жатат. Саясий, социалдык-экономикалык программасы күчтүү оппозициялык коалиция түзүлүшү абадай зарыл. Бийликке келиш оңой, андан аркы кадамдар андан да маанилүү эмеспи. Кыргызстан пандемия маалында экономикалык каатчылыкка белчесинен батты. Мындай кырдаалда маалкатпай иш билги адамдардан турган күчтүү өкмөттү түзүп, жаңы парламент менен өлкөнү алдыга сүйрөп кетүү керек".

Ал эми Бишкектеги окуяларга байкоо салган орусиялык интернет колдонуучулар Кыргызстан таң калтырып бүтпөй койду деген маанайда. Социалдык медиаларда "Беларустар кыргыздарды конокко чакырышы керек" же "кыргыздар Москвада деле көпсүңөр, бизге жардам бергиле" деген тамаша-чыны аралаш постторду жазууда.

Кыргызстандагы окуяга расмий кошуна өлкөлөрдөн Нур-Султан гана оюн билдирди:

"Кыргызстандагы окуялар өлкөнүн өзүнүн ички иши. Казакстан боордош Кыргызстанга стратегиялык өнөктөштүктү жана салттуу достук алака-катышты бекемдөө жагынан гана карайт. Жагдай Кыргызстандын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жөнгө салынарынан үмүт артат. Кыргыз эли бул жөнөкөй эмес кырдаалдан өз мамлекетинин узак мөөнөттүү кызыкчылыгын эске алуу менен чыгат деп эсептейт", - деп жазды Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали 6-октябрда "Фейсбуктагы" баракчасына.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга оогон түнү президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон.

6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн.