Деканоидзе: "Чет элдик агент" мыйзамы жарандык коомду жок кылат

Грузин парламентинин депутаты, Грузиянын мурдагы билим берүү министри, Украинанын Улуттук полициясынын мурдагы башчысы Хатия Деканоидзе.

Кыргызстанда “чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам долбоорунун айланасында талкуу уланууда. Орусиянын “чет элдик агент” мыйзамына окшош мындай мыйзам долбоору жыл башында Грузияда да күн тартибине чыккан. Бирок Тбилисидеги февралдын аягындагы жана март айынын башындагы нааразылык акцияларынан кийин грузин бийлиги бейөкмөт уюмдардын ишин чектей турган бул документти артка чакыртууга аргасыз болгон. Грузияда “чет элдик агент” мыйзамын кабыл алуу аракеттеринин сабактары тууралуу грузин депутаты Хатия Деканоидзе “Азаттыкка” маек курду.

- Хатия айым, Грузияда “чет элдик агент” мыйзамы толук четке кагылды деп айтсак болобу? Же кайра күн тартибине коюлушу мүмкүнбү?

Хатия Деканоидзе: Мыйзам долбоору күн тартибинен алынды. Демилгечилер жарандык акциялардан улам, өзгөчө жаштар көчөгө чыкканынан улам долбоордон баш тартууга аргасыз болушту.

Биздин эл аралык өнөктөштөр эгер бул мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, анда ага добуш берген ар бир депутат жана ага кол кабыш кылган ар бир адам жооптуу болорун эскертишкен. Менимче, демилгечи тарап ар бир кишиге санкция салынып калат, же эки жакка чыгууга чектөө коюлат деп кооптонушту окшойт. Бирок алар эң башкысы парламенттин алдында көчөгө нааразылык билдирип чыккан көптөгөн жаштардан сүрдөп кетишти.

Бул мыйзам долбоору грузин бийлиги Орусия салган чыйырга түшкөнүн так көрсөтүп турат. Ошондуктан биз аны “Орусиянын мыйзамы” деп атаганбыз.

- Демилгечилер Грузиядагы бул мыйзам долбоорун АКШдагы чет элдик агенттерди каттоо боюнча FARA аттуу мыйзамдын көчүрмөсү катары көрсөтүүгө аракет кылышкан. Грузияда сунушталган “чет элдик агент” жөнүндө мыйзам долбоорунда эң көп кайсы жагдайлар тынчсыздануу жараткан?

Хатия Деканоидзе: Чынында Грузияда сунушталган мыйзам долбоор Америкадагы FARA мыйзамы эмес. Демилгечилер “биз бул мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдар алган каражаттарды көзөмөлдөө үчүн керек” деген жүйөнү келтиришкен. Негизинен бул документ жарандык коомго жана бейөкмөт уюмдарга каршы багытталган.

Бирок азыркы грузин мыйзамдарына ылайык, өкмөт ансыз деле жарандык уюмдарга жана коммерциялык эмес уюмдарга чет жактан канча грант же техникалык жардам келип жатканын биле алат.

Соңку мыйзам долбоорунун Америкадагы FARA мыйзамына эч кандай тиешеси жок. Себеби 11 жыл мурда бийликке келген азыркы грузин өкмөтү “Орусия” деген сөздү колдонбойт. Алар Орусияга каршы чыгышпайт. Тескерисинче грузин өкмөтү АКШ жана Евробиримдик менен каршылашып жатат.

Менимче, бийлик жарандык коомду маргиналдаштырууну көздөгөн. Ошондой эле өкмөт европачыл адамдарды “агенттер” деп жаманатты кылгысы келген. Азыр алар баарыбызды, оппозицияны жана жарандык активисттерди “агенттер” деп атайт. Алар Евробиримдикке каршы пропаганданы ушунтип жүргүзүп жатат. Менимче, бул аракеттердин баары Орусияга жакындыктан кабар берип турат.

Эгер кимдир бирөө сизди “тыңчы” деп атаса, сиз өзүңүздү жаман сезериңиз бышык. Менимче, бийлик бул багыттагы пропаганданы тереңдеткиси келген. Алар бул мыйзам долбоорун парламентте биринчи жана экинчи окууда кабыл алышты. Үчүнчү окууга келгенде баш тартышты.

Тбилисидеги "чет элдик агент" мыйзамына каршы нааралызык, 1-март 2023-жыл.

- Мыйзам долбоору талкууланып жатканда грузин коому бул документти каалабай турганын өз акциялары менен так көрсөттү окшойт. Буга карабастан бийликтеги партия мыйзамды өткөрүүгө аракет кылды. Эгер мыйзам кабыл алынса, ал грузин бийлигине эмне бермек? Алар эмнени көздөшкөн?

Хатия Деканоидзе: Жарандык коомду жок кылуу максаты болгон. Себеби алар жарандык коомдун өкүлдөрү мыйзам үстөмдүгү жана демократия үчүн техникалык жардам аларын билишет. Бийлик күчтүү жарандык коомду, күчтүү оппозицияны, өзгөчө батышчыл оппозицияны каалабайт.

Ушундай эле окуялар Орусияда да болгон. Бир нече жылдын ичинде Орусияда жарандык коом жок болуп кетти. Активисттер качууга аргасыз болушту.

Грузияда балким кийинки кадам катары “чет элдик агенттердин” ишин кылмышка теңөө жана аларды камоо аракети көрүлмөк. Биринчи кадам Орусиянын мыйзамын кабыл алуу, экинчи кадам “Грузин кыялы” партиясына каршы чыккандарды камоо болмок.

- Орусиянын мыйзамдарын көчүрүп алуу аракети айрым мурдагы советтик республикаларда утур-утур байкалып келет. Юристтер Кыргызстандагы “чет элдик өкүлдөр” жөнүндө мыйзам долбоору да Орусиянын “чет элдик агент” мыйзамына окшош экенин белгилеп жатышат. Грузин бийлигинин бул мыйзамды кабыл алуу аракетинде Орусиянын кандайдыр бир таасири бар деп ойлойсузбу?

Хатия Деканоидзе: Орусия өзү менен эсептешүү керектигин, аларга каршы чыкпоо керектигин сездирип, бул багытта басым жасап келет. Кайсы бир мыйзамдарды кабыл алуу маселесинде Орусиянын канчалык ролу бар экенин айта албайм. Бирок “Грузин кыялы” партиясы бийликке келгенден кийин өлкөдө Орусиянын таасири күчөгөнүн айта алам. Себеби мамлекетти башкаруу ыкмасы окшошуп жатат.

Орусияда мамлекет кандай башкарылат? Кеп диктатура, бийликтин монополиясы жана болушунча бийликте узак убакытка калуу аракети тууралуу жүрүп жатат. Мындайды Орусия, Беларус сыяктуу башка диктатуралык мамлекеттерден көрүп жатабыз.

Орусиянын стилин башка дүйнөнүн башка жерлеринде деле байкаса болот. Менимче алар Орусиянын башкаруу системасын көчүрүп алгылары келет. Себеби алар бийликте болушунча узакка калууну каалашат. Менимче, [“Грузин кыялы” партиясынын негиздөөчүсү, миллиардер Бидзина] Иванишвили жеке өзү Путинден катуу коркот.

- Кыргызстан сыяктуу башка өлкөлөрдө Орусиянын мыйзамдарын көчүрүп алуу аракеттери тууралуу эмне айта аласыз? Бул аракет эмнеси менен кооптуу?

Хатия Деканоидзе: Менимче, бул жерде да жарандык коомдуу жок кылуу, бийликти монополия кылып алуу аракети жөнүндө сөз кылса болот. Мындай аракеттердин кесепети кандай болорун, эл канчалык нааразы экенин билбейм.

Биз үчүн бул мыйзам долбоорун кабыл алуунун кесепети өтө оор болчу. Себеби биздин өнөктөштөр “эгер бул документ кабыл алына турган болсо, анда Грузия Евробиримдикке кирбейт” деп так кесе айтышкан. Айтор, биз үчүн оор кесепеттер болмок.

Бул мыйзам жарандык коомду жок кылуу дегенди билдирет. Кыргызстандын эли түшүнүшү керек. Мындай аракеттерди кылмышка теңөө кийинки этап болот. Бул мыйзам каалаган адамга каршы колдонулуп калышы мүмкүн. Бул – эркиндик аралдары жок болот дегенди билдирет.

Тбилисидеги нааразылык, 6-март 2023-жыл.

- Азыр Грузиянын жарандык коому канчалык күчтүү деп айтса болот? Жарандык коом Орусиядагыдай сыяктуу авторитардык ыкмаларга каршы турууга канчалык чама-чаркы жетет?

Хатия Деканоидзе: Менимче, биз каршы туруп келе жатабыз. Биз көчөгө мушташка чыкпай, өкмөттү тынч жол менен алмаштырганды үйрөнүшүбүз керек.

Себеби бизде ири нааразылык акциялары болуп келет. Өткөн март айында да бул анык көрүндү.

Бирок “Грузин кыялы” бийликте кала берсе, алар буга окшош мыйзамдарды, медиа эркиндигин жана жарандык коомду чектеген мыйзамдарды кабыл ала берерин түшүнүшүбүз керек. Болушунча аларга каршы экенибизди көрсөтүшүбүз зарыл. Кийинки шайлоолордо “Грузин кыялы” партиясынан кутулушубуз керек.

- “Роза ыңкылабынан” кийин Грузияда жүргүзүлгөн реформалар мурдагы советтик республикалардын көбүндө кызыгуу менен кабыл алынган. Сиз дагы мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвилинин командасынын курамында бул реформаларга активдүү катышкансыз. Бул реформалардын азыркы натыйжасына кандай баа бересиз? Реформа уланып жатабы?

Хатия Деканоидзе: Дээрлик бардыгы токтоп калды. Грузия демократиялык көрсөткүчтөр жагынан артка кетти. Эгер демократиялык көрсөткүчтөр начарласа, ал башка реформаларга да таасирин тийгизет. Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы полицияны жана сот системасын толук ээлеп алды. Мисалы Иванишвилинин жеке жансакчысы ички иштер министри болуп иштеп жатат.

Азыр Грузияда бир дагы мамлекеттик институт көз карандысыз эмес. Маселен Конституциялык сот президент Саломе Зурабишвилиге импичмент жарыялоого макул болду. Бул Конституциялык соттун эркин эмес экенин көрсөтүп турат.

- Сиз “Грузин кыялы” партиясын сындап жатасыз. Бирок партия шайлоолорду жеңип келип жатпайбы.

Хатия Деканоидзе: Менимче, аларды элдин 30 пайызы гана колдойт. Мамлекеттен каржыланган мекемелерде иштегендер, социалдык жөлөк-пул алгандар колдошот. Алардын колдоосу 30 пайыздан ашпайт. Алар өздөрүнө каршы чыккандардын үнүн өзгөчө шайлоонун алдында басууга аракет кылышат.

Мисалы мен эки жолу шайлоого катыштым. 2020-жылы жана 2021-жылы талапкер болдум. Мен экинчи ири шаардын мэрлигинде алдыга чыктым. Бирок экинчи айлампада утулуп калдым. Алар шайлоону бурмалоого болгон күчүн жумшашты.

Ошондуктан алар чоң колдоого ээ деп эсептебейм. Эң жакшы дегенде 35 пайыз болушу мүмкүн.

Эгер оппозициянын абалы жакшы болсо, анда 55-60 пайызга чейин колдоого ээ болот.