Кечирим чыры: прокуратура УКМКга болушту

Дизайнер Нурбек Насыранбековдун «Кыргыз дарыгеринин портрети» аттуу сүрөтү. Анда Ысык-Ата райондук ооруканасынын дарыгери Бектур Апышев тартылган.

Башкы прокуратура жарандар жана дарыгерлер туура эмес маалымат таратканы үчүн өз каалоосу менен эле кечирим сурап жатканын билдирди. Мекеменин бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратып, дарыгерлердин укук маселесин күн тартибине алып чыкты.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) айрым медицина кызматкерлерин «жалган маалымат таратты» деген негиз менен мажбурлап кечирим суратканын айтып, буга укуктук баа бериш үчүн Башкы прокуратурага кат жиберген.

30-апрелде Бекешев Башкы прокуратурадан жооп алганын «Твиттердеги» баракчасына жарыялады.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дарданов жиберген бул катта «Улуттук коопсуздук органдары жана Ички иштер министрлиги туура эмес маалымат тараткан жарандар менен дарыгерлерди коомчулуктан мажбурлап кечирим суратканы тастыкталган жок. Алар өз каалоосу менен кечирим сурашкан. Буга мыйзам тыюу салбайт», - деп жазылган.

Бекешев «эми башкы прокурор менен кеңешме өткөрүп, өзүнөн жооп алабыз» деди.

Дастан Бекешев.

«Өздөрү кечирим сурады деген жообу чындыкка дал келбейт. Анткени эч ким өз каалоосу менен мындай кадамга барбайт. Эми биз башкы прокурордун баяндамасын угабыз. Өз оюбузду ошол жерден айтабыз. Биз муну менен токтоп калбайбыз».

Апрель айынын орто чечинде дарыгерлердин билдирүүсү жана алардын коомчулуктан кечирим сураганы тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) да атайын билдирүү тараткан.

УКМК «Айрымдар дүйнө жүзүндө жайылып жаткан коронавирус боюнча такталбаган маалыматтарды таратып, COVID-19га каршы күрөшүп жаткан бардык мекемелердин ишин жаман көрсөтүп, өзүнө жеңил пиар табууга аракет кылууда», - деп билдирген.

Апрель айынын башында Бектур аттуу үй-бүлөлүк дарыгер жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн «Твиттерге» жарыялаган. Бирок көп өтпөй анын бул платформадагы аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектур «жалган айтып койгом» деп видео кайрылуу аркылуу кечирим сураган. Бул үчүн социалдык тармактын колдонуучулары жана айрым депутаттар УКМКны айыпташкан эле.

Дагы караңыз Коомчулук дарыгерлерге болушту

Айрым аймактарда өзгөчө абал жарыялангандан бери атайын кызмат «жалган маалымат таратты» деген негизде бир нече адамды кармады. УКМК кармалгандар туура эмес маалымат таратканын айтып, элден кечирим сураган видеолорун жарыялап турду.

Соцтармактарда «буга биринчи кезекте акыйкатчы көңүл буруп, реакция кылышы керек болчу» деп сындагандар аз эмес.

Акыйкатчы Токон Мамытов кечирим сураган медиктер Омбудсмен институту менен кызматташпай жатканын айткан.

Токон Мамытов.

«Ал адамдар биз менен байланышка чыгуудан, окуянын чоо-жайын айтып берүүдөн баш тартып жатышат. Эгер кимде-ким укугу бузулса, алардын маалыматы өкмөткө керек болууда. Республикалык штабга жеткириш керек. Адамдарды өз укугун коргоодон коркпоого чакырам. «Биз дайыма силер мененбиз, силердин укугуңарды коргойбуз» деген билдирүү таратканбыз. Бирок аларга "арыз менен бизге кайрылыңыз, келиңиз" десек «жок, ушуну менен эле токтосун, болор иш болду, мен бул маселеге кайра кайрылгым келбей, кечирип коюңуздар» деп баш тартышты. Биз бул тууралуу коомчулукта маселе көтөрүп чыккандан кийин кечирим сураткан учурлар токтоду».

Акыйкатчы минтип «кечирим сураган жарандар жана медиктер токтоду» деп жаткан чакта көйгөйдү көтөргөн активисттер менен медкызматкерлердин тасмалары да кошо токтоду.

Бирок COVID-19 илдетин жугузган дарыгерлердин агымы токтойт элек. Күнүгө бирден-экиден дарыгерден коронавирус табылып жатат. 1-майга карата коронавирус жугузган дарыгерлердин саны 200гө чамалды.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова адамдар атайын кызматтын жазасынан коркуп жатат деп божомолдойт.

Динара Ошурахунова.

«Коркуп жатышат. Ишибизден бошоп калбайлы деп жатышат. Болбосо дагы эле көйгөй көп. Эгер чындап маселе жөнгө салынса, алар жалган айтып жатышса анда дарыгерлерге жукпайт эле да. Андай болгон жок. Дарыгерлер дагы эле корголбой жатат».

1-майга карата Кыргызстанда коронавирус илдети 756 адамга жукту, алардын сегизи кайтыш болду, 504 бейтап сакайып кетти.

756 адамдын 198и медицина кызматкери, алардын 114ү айыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​