Таласты баккан төө буурчак
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Таласта ушу тапта дыйкандар төө буурчактын акыркы түшүмүн чогултуп жатат. Жыйырма жыл мурда колго жулунуп, сорттолгон фасоль азыр эми техниканын жардамы менен оруп-жыйналып, экспортко чыгат. Таласта жылына 90 миң тоннанын тегерегинде төө буурчак өндүрүлөт. Расмий маалыматтарга караганда, Талас облусунун калкынын 80% төө буурчак менен жан багат. Бул тууралуу “Данисте” түрмөгүндө айтып беребиз.