Дача СУ: жообунан суроосу көп тергөө

Дача СУ боюнча коомдук комиссия укук коргоо органдарынын маалыматын угуп, тергөөнүн маалыматына канааттанган жок. Алар тергөө объективдүү жүрбөгөнүн жана кулаган учактагы сырдуу жүктөрдүн ээлерин аныктоодо толук кандуу иликтөө болбогонун сынга алды. Кийинки жыйында экспертизанын жыйынтыктары жана иштин башка материалдары менен таанышууну талап кылды.

"Тергөө көп суроолорго жооп бере элек"

2017-жылы 16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ конушуна кулаган учактын кесепеттерин иликтөө боюнча коомдук комиссия 23-майдагы жыйынында Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана Башкы прокуратуранын баяндамасын укту.

Бирок комиссия мүчөлөрү айтылгандар эски маалыматтар экенин, бул кандуу окуядагы орчундуу суроолорго толук жооп болбой жатканын белгилешти.

Комиссияга мурда козголуп, бирок кийин 2019-жылы кайра жанданган иштин айрым материалдары менен таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк берилбегени боюнча маселе көтөрүлдү.

Комиссия мүчөсү Төлөкан Исмаилова тергөөнүн иши боюнча маалыматтар бир жактуу экенин айтты:

“Мына азыр дагы деле имиш-имиштер эле болуп жатат. Даярданышкан эмес. Баягы эле биз билген фактыларды алып, окуп берип жатат. Эч кандай жаңылык жок. Эч бир жоопкерчилик да жок. ИИМ бардыгын ачык айтып берсе болмок. Анткени Ички иштер министрлиги окуя болгон жерге биринчи барган. Тергөө тобу иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча ал жакка дагы кайсы кызматтар барган, кандай болгон деген маалыматтарды толук айтып берүүгө тийиш. Бул жерде Боронов мырза да отурат. Анткени алар иштеген эмес. Булар буйрук берген тараптын ыңгайына жараша гана тандалма иш алып барган”.

Кыргызстан. Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу.

"Кылмыш ишин улантууга фактылар жетишсиз болгон"

Ички иштер министрлигинин өкүлү, учак кырсыгына байланыштуу кылмыш ишинин тергөө тобунун мүчөсү Максат Мусаев кулаган учакта 85 тоннадан ашуун жүк болгонун, күйгөндөн калган 630 килограмм жүк чогултулуп, тергөөчүлөр аны кийин далил зат катары кабыл алганын белгиледи.

Ал иликтөөдө кулаган учактагы жүктүн 28 өлкөгө таандык экени аныкталганын айтты. Анын ичинде Кыргызстанга караштуу дагы бир аз жүктөр болгонун тергөө тобу ырастаган.

Бирок Максат Мусаев карго менен алектенген авиакомпания аталган жүктөр Стамбулга барып, андан Кыргызстанга кайра ташууга ылайыкталган деп түшүндүрмө бергенин кошумчалады. Анткени аталган аба каттамынын Бишкекке жүк ташууга коммерциялык укугу болгон эмес. Учак май куюу үчүн гана “Манас” аба майданына конгону көрсөтүлгөн.

Максат Мусаев жүктөр аткезчиликке байланыштуу экенин тастыктай турган ынанымдуу фактылар жетиштүү болбогондуктан ал кылмыш иши экинчи ирет токтотулганын айтты:

“Коомчулуктагы шектенүүлөргө байланыштуу “Манас” аба майданындагы кызматтардын, анын ичинде бажы кызматынын өкүлдөрүн суракка алганбыз. Алардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде тергөө амалдары жүргөн. Табылган жүктүн 600 кг ашууну ар кандай оюнчуктар, оттуктар жана уюлдук телефондор болуп чыккан. Тергөө маалында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кымырып алган телефондор чыккан. Андан башка эч кандай жүк болгон эмес”.

"Аткезчиликтин агымы мурда да болгон"

Тергөөчүлөр окуя болгон жерден 108 даана уюлдук телефон алынганын таап чыгышкан. Бирок коомдук комиссия 85 тоннадан ашуун жүктүн 630 кг эле калып, калганынын бардыгы күйүп кеткенине ишенген жок.

Кыргыз тилинде нускамасы бар жүктөр делген «электр оттуктары» экени, алар JTI Kazakhstan LLC компаниясынын буюртмасы менен Стамбулдан Бишкекке жеткирилмек болгону тергөө учурунда аныкталганы айтылды.

“Учактагы жүк Стамбулга барып, анан кайра Бишкекке жеткирилмек” деген тергөөнүн версиясы коомдук комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүн ынандырган жок.

Анткени жүктөрдүн арасынан кыргыз тилиндеги нускамалар табылганы шек жаратып, алардын бир бөлүгү Бишкекке түшкөн болушу мүмкүн деген суроо коюлган.

Али Токтакунов, иликтөөчү журналист.

“Уюлдук телефондордун нускамасы кыргыз тилинде болгон. Дагы бир кызыктуу жагдай. 2016-жылы октябрь айында же аталган каргашалуу аба кырсыгынан 3-4 ай мурун аба майдандан аткезчилик менен келген уюлдук телефондор кармалып, бул боюнча териштирүү башталып, бирок аягына чыкпай калган. Демек, кулаган учакта дагы аткезчилик менен ташылып келе жаткан телефондор болушу мүмкүн", - деди комиссия мүчөсү Али Токтакунов.


Тергөө тобунун өкүлү Максат Мусаев жүктүн багытын жана толук ээлерин аныктоодо кыйынчылык болгонун белгиледи. Анткени Түркияга жана Гонгконго жиберилген суроо-талаптарга тергөө тобу жооп алган эмес.

"Жүктүн аткезчилик экенин аныктоого далил керек"

Бирок буга карабастан ишти иликтөөнү токтотуп салган тергөө тобунун аракеттери коомдук комиссия үчүн түшүнүксүз болгону айтылды. Ал эми комиссиянын башка бир мүчөсү Бактыбек Турусбеков аткезчиликти аныктоо үчүн жүктүн түшүп-түшпөгөнүн ырастоо керек экенин белгиледи:

Бактыбек Турусбеков, экс-депутат.

“Контрабанда деп, жалпылап эле урдура берген болбойт. Мына ошол 85 тонна жүктөн 600 кг эле жүк калыптыр. Ошол учакта эмне болгонун ырастап алып анан жүк, аткезчилик тууралуу сөз кылса болот. Учак кулагандан кийин маселе чыгып жатпайбы. Бирок ал кулаганга чейин, эгерде ырас болсо, “Манас” аба майданына түшүрүлгөн Кыргызстанга караштуу аткезчилик жүгү бар беле деген суроо туулат”.

2017-жылы 16-январда «Манас» эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна Boeing-747-412F үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак кулап түшкөн. Учакта экипаждын төрт мүчөсү жана 85 тоннадан ашык жүк болгон.

Түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing аэропорттун учуу тилкесине коно албай экинчи айлампага көтөрүлүп бараткан учурда калктуу конуштун үстүнө кулаган. Каргашада тынч уйкуда жаткан 35 тургун жана учактагы экипаждын төрт мүчөсү каза болгон. Эл аралык авиациялык комиссия аба кырсыгын учуу тилкесинен чыгып кеткен экипаждын катачылыгы деген корутунду чыгарган.

Президент Садыр Жапаров Дача СУ окуясын иликтөө жыйынтык бербей жатканын айтып, коомдук комиссия түзүү боюнча жарлык чыгарган.