Чехияда кызматтык унааны тойго айдашпайт

Акыркы жумаларда чех коому өлкөдөгү 13 крайдын (облустун) биринин башчысы - гетмандын кызматтык автоунаасын күйөөсү үй-бүлөлүк жана жеке иштерине пайдаланганын кеңири талкуулап, аягы эмне менен бүтөрүнө көз салып турат.

Илгери бир заманда кербен айдатып, товар жана жолоочу ташыган соодагер кербен башчы кылып бир чынчыл кишини дайындайт. Ал жолоочуларды бай-кембагал деп ылгабай, жол кирени бирдей алчу экен. Күндөрдүн биринде мансаптуу жолоочу мингенге төө алат. Кербен башы жолдо баратып төө минген төрө баласын учкаштырып алганын байкап калат.

- Эй, таксыр! Сиз бир кишиге эле акча төлөбөдүңүз беле? Бу балаңызга жок дегенде жарым пулду төлөңүз.

Кербен башынын сөзүнө итатайы тутулган төрө доңуз айбат кылып айтканы:

- Бул баланын эмне жүгү бар дейсиң? Бир улактай салмагы бардыр. Мындай кылганың Жаратканга да жакпайт, бачагар.

- Сизден: "Канча адам?" деп сураганымда: “Бир жан” дегенсиз. Азыр эки жан болуп баратпайсыздарбы?

- Экөөбүздүн салмагыбыз оо алдыда бараткан өгүздөй жоон эркектикине да жетпейт. Кудайга карабайсыңбы?

- Таксыр! Биз эмирге салыкты киши башына төлөйбүз. Биз шаарга кароол дарбазадан киргенде, уулуңуз да бир киши болуп эсептелет. Аны сиз билесиз да?

- Ушу силер эч тойбодуңар да. "Суу акы, тезек акы, чөп акы" деп да аласыңар. Бекер бир нерсе ташыйсыңарбы өзү?

- Сиздин кийимиңиздеги битиңизди бекер ташып жатпайбызбы!, – дептир ошондо чынчыл кербен башы.

Дал ушундай окуя ушул күндөрү Чехияда да болду. Орто Чех крайынын (Středočeský kraj) башчысы - гетман Ярослава Ерманованын күйөөсү басма сөз жыйынында аялынын кызмат машинесин пайдаланганын мойнуна алды.

“Мындан ары Ортолу Богемиянын менин аялымдан башка бир да затына колум тийбейт деп кепилдик берем”,- деп убада да берди ал кабарчыларга гетман аялы менен микрофон алдында туруп.

Покорны мырзаны минтип зар какшап ант берүүсүнө эмне себеп болду дебейсизби? Көрсө, ал жумушуна чейинки 2,5 чакырым жолду жөө баспай, гетман аялынын бош турган экинчи кызмат машинесине минип каттап калган экен. (Муну албетте, чех журналисттери таап чыгып, жамы журтка жараян кылып жатпайбы!)

Пан Покорнынын маалыматына караганда, гетмандын үй-бүлөсү кызматтык машинени облустук администрация менен түзүлгөн келишимдин негизинде пайдаланган. Ага ылайык, "Škoda Superb" автомобилин пайдаланганы үчүн (уулун зарыл учурда тияк-биякка ташыганы, кайнатасын догдурга жеткиргени, жумуштан тыш убакта мингени ж.б.у.с. ) крайдын казынасына ай сайын 3 миң 719 крон (болжол менен 186 доллар) төгүп турушкан. Ал эми бензин үчүн машине айдала баштагандан бери гетмандын чөнтөгүнөн 29 миң 826 крон төлөнгөнүн ырастаган дүмүрчөктөр да бар болуп чыкты.

1, 3 миллион калктуу аймакты башкарган гетмандын кызматтык эки машинесинин бирин үй тиричилигине пайдаланганы эмне үчүн чех коомчулугун дүүлүктүрдү? Биринчиден, "Škoda Superb" элдин салыгынын эсебинен алынган жана анын негизги чыгымын крайдын бюджети көтөргөн. Экинчиден, гетмандын үй-бүлөсү береги кымбат баа автоунааны кайсы бир фирмадан киреге алса, үйүндө кармаган ар күн үчүн кеминде 7 миң крондон (350 доллар) төлөмөк.

Бул окуя коомчулукка буга чейин анча белгисиз айрым фактыларды да шардана кылды. Айтсак, Чехиядагы 13 крайдын үчөөнүн гана гетманында экиден кызматтык автоунаасы бар экен; анын бири айдоочусу менен, экинчиси айдоочусу жок. Аймактык кеңештер орноткон тартипке ылайык, кээ бир аймактарда гетман кызматтык машинени уулуна, зайыбына же тууганына айдатса болот экен. Бирок андай учурда гетман сөзсүз машиненин ичинде болууга тийиш. Башка бир аймактарда гетмандын кызматтык автоунаасын өзү жана айдоочусунан башка эч ким мине албайт! Мингенге акысы да жок!

Мындан тышкары көңүл бурчу дагы бир жагдай бар. Гетманды коюңуз, райондун акимдери непадам кызматтык автоунаасын жеке иши үчүн же жумуштан тыш убакта минсе, болгон чыгымды өз чөнтөгүнөн төлөйт.

Бул 2017-жыл үчүн ички дүң өнүм киши башына эсептегенде 35 миң 223 долларды (улуттук акча кронанын долларга карата болгон сатып алуу кубатын (англ. purchasing power parity) эсептегенде) түзгөн Чехияда!

2015-жылы Кыргызстанда бул көрсөткүч 3200 долларга жакын болгон. Анткен менен биздин чоңдор кызмат машинесин расмий жыйынга да, тойго да, ашка да минери талашсыз. Аны кой, үй-бүлөсүн, кээде досторун да тейлейт десек жаңылбайбыз. Карызга кокодон баткан Кыргызстан айыл өкмөттөрүнүн башчыларынан тартып министрлерге, депутаттарга чейин темир тулпар мингизип, тайраңдатып жатканда, казынада кайдагы акча?

Мектептер менен университеттердин мугалимдерине татыктуу маяна бергенге, ооруканаларды заман талабына ылайык камсыз кылганга, бала бакча салганга, эли арыктан суу ичкен айыл-кыштактарга түтүк тартканга, пенсионерлердин жөлөкпулун көбөйткөнгө каражат кайдан табылат?

Ички дүң өнүмдүн көлөмү боюнча дүйнөдө 49-50 орунда турган Чехияда маалымат каражаттары жана коомчулуктун көзөмөлү күчтүү болгондутан, гетмандар жана башка чоңдор кызматтык автоунаасын жеке өзүнүн жумушу үчүн бекер айдай албай жатпайбы?! Эгер бекер мингизсе - сөз башында чынчыл кербен башчы айткандай, аткаминерлер битин гана мингизиши мүмкүн. Бирок, битти бүгүн Чехияны кой, Кыргызстандан да издеп таппайсыз...

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.