Акыркы убакта эл өкүлдөрүнүн жүрүм-турумунун деңгээли, этикасы, сүйлөгөн сөздөрү талкууга алынып, нааразы пикирлер айтылып жүрөт. "Арай көз чарай" талкуусунда парламент депутаттарынын сүйлөө маданиятын, жүрүм-турумун жана эл өкүлдөрү кандай сапаттары менен коомго үлгү болушу керек экенин талкуулайбыз.
Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, "легендарлуу парламенттин" мүчөсү Жамин Акималиев жана активист Адил Турдукулов катышты.
"Азаттык": Абдывахап мырза, эл өкүлдөрүнө карата коомчулуктун “ойлонбой сүйлөй беришет” деген сындары канчалык жөндүү?
Абдывахап Нурбаев: Сындарды туура эле деп айтам. Сын канчалык көп болсо ошончолук жакшы. Ошентип тазаланат. Кийинки шайлоодо эл таразалап калат. Эми 120 депутат болгондон кийин арасында ар кандайы бар.
"Азаттык": Жамин агай, Бишкектин жылуулук борбору боюнча депутаттардын талкуусун уктуңузбу? Көпчүлүгү “ЖЭБ эмнеге бузулду, ким күнөөлүү, эл тоңду” деген сөздөр менен чектелип, эч ким документке таянып, кашкайган фактыларды атаган жок. Окуяга көз салгандар "өкмөттүн жоопторуна каршы жүйөлөрдү көрө алган жокпуз" деп жатышат...
Жамин Акималиев: Мен талкууну уктум. Эми маршруткада жүргөндөн уялган депутат 1 миллион адам үшүп отурганынан уялыш керек. Жогорку Кеңеш карап жатканда жыйынтыгы чыгат деп ишенгем. Эч бир жыйынтык жок. Күнөөлүүнү аныктоого чара көрүү маселесин карай албады.
"Азаттык": Адил мырза, итке кийгизилген калпак, анан каргалардын өлүшү сыяктуу окуялар депутаттар көтөрчү маселе деп ойлойсузбу?
Адил Турдукулов: Парламент популисттик орган, ошон үчүн элге жагынуу максатында ар кандай майда маселени көтөрүп чыгышат. Бирок "эл таразалап алат" деп Абдывахап мырза айтып жатпайбы. Ошол эле Жолдошбаев, Рысбаевдер кайра эле шайланып келет. Анткени аларда элдин алдында жоопкерчилиги жок. Алардын жоопкерчилиги партия жетекчисинен көз каранды болуп, ошого карашат.
"Азаттык": Жамин агай, "легендарлуу парламенттин" ичинде сөздөрү, жеңил-желпи демилгелери сынга кабылган депутаттар болгонбу?
Жамин Акималиев: Андай учур эсимде жок. Ошол кезде кыргыздын каймактары келген окшойбу дейм. Ал кезде тартип, бири-бирин сыйлоо күчтүү эле. Менин эсимде, бир жолу эки жигит айтыша кеткен. Анан Бегиш Аматов деген депутат тура калып, “эмне эле болуп атасыңар, силердин кыжылдашканыңар элге жакпай турат” деп койду. Ошентип эле токтотуп койчубуз.
Төлөгөн Касымбеков орой кишилерди акырын сүйлөп, кебез менен муунтуп койчу. Бакылдап сүйлөгөндөр көп болчу, бирок этикадан чыкчу эмес. Ошол кезде этика комиссиясы иштечү. Анын төрагасы Турдакун Усубалиев болчу. Ал киши тиктеп койгондо эле жерге кирип кетчүбүз. Масалиев “ай, мунуңар жарабайт” десе эле токтоп калчубуз. Анан ал кездеги депутаттардын 30-35% аялдар болчу. Аялдарды сыйлагандыктан жаман сөздөрдү айтуу болбойт эле.
"Азаттык": Парламент депутаттарынын жүрүм-туруму, интеллектуалдык деңгээли сынга кабылып жүрөт. Мындан партиялар жыйынтык чыгарат деп ойлойсуздарбы?
Абдывахап Нурбаев: Депутаттарды эл эмне үчүн көбүрөөк сындайт? Ошондой эле чыгым, ошондой эле сөздөр башка мамлекеттик органдарда болот. Бирок алардыкы билинбей калат. Ал эми бизди баары угуп, көрүп турат. Депутат эл сынында болуп жатпайбы.
Эми бизде деле кээде комитеттерде жабык эшик артында бири-бирибизди тартипке чакырган учурлар болот. Бирок ар бир депутат өзүнүн деңгээлине жараша ой жүгүртүп, сүйлөйт эмеспи. Азыр парламенттик системадагы экинчи чакырылыш болуп жатат. Мына, социалдык тармактардагы сын пикирлерди талдап, эмки шайлоодо партиялар деле ойлонуп талапкерлерди тизмеге алат. Баары акырындап нукка түшүп келатат.
Адил Турдукулов: Жолдошбаевдин бул биринчи сөздөрү эмес. Ал жакында чыккан маегинде "менин уул-кыздарым да депутат болот" деп айтып жатпайбы. Бул эң негизгиси "менин акчам бар" деп ишенип жатпайбы. Анткени партиялар жылдап түзүлүп, талапкерлерин иргебейт. Шаардык кеңешке “Мекеним Кыргызстан” деген белгисиз партия келди. Ал кимдики экени белгилүү. Демек акчаң болсо депутат болуп келе бересиң.
Жамин Акималиев: Эң негизгиси - шайлоочулардын алдында жоопкерчилигин сезиши керек. Ошондо депутат кийин элдин астына келгенде "эл эмне дейт" деп коркуп калат. Баарын эл, коомчулук көрүп турат. Шайлоодо ошол нерсе эске алынса дейм.