Стамбул: "Айя-София" ажайыпканадан кайра мечитке айланды

"Айя София" имараты -- Кичи Азиядагы ар кыл цивилизациялардын күбөсү.

 

"Айя София" имаратынын тарыхына кылчаюу.
XIX кылымдагы француз сүрөтчүсү Жан-Жозеф Бенжамен-Констан Константинополдун осмон султаны Мехмет Экинчи тарабынан 1453-жылы каратылышын ушундайча көркөм чагылдырган. 

"Айя София" имаратынын тарыхына кылчаюу.
Ал жамы мечит кезинде 1852-жылы намазга жыгылып жаткан мусулмандар.

Бул имарат дээрлик 500 жылдай жамы мечит болгон. Келгин мусулмандар мындагы кооз иконаларды боёп салышкан же аларды таптакыр ойрон кылышкан.
 

"Айя София" имаратынын тарыхына кылчаюу. 1857-жыл.

Имаратка мусулман жамаатын намазга чакыруучулар үчүн атайын бийик мунаралар кошумча курулган. 
 
 

XVII кылымда курулган "Көгүлтүр мечит" (оңдо) жана  "Айя-София"  2014-жылы.  

"Айя-София" дүйнөдөгү ар кыл диндердеги көп ыбаадатканаларга архитектуралык өрнөк болгон.
 
 

"Айя София" имаратынын тарыхына кылчаюу.
Терезелер.

1934-жылы бул имарат Ататүрктүн айдыңдык (секулярдык) өкмөтүнүн чечимине ылайык жамы мечиттен музей макамына өткөрүлгөн. 

 
 

"Айя София" имаратынын тарыхына кылчаюу.
Ортодогу христиандык мозаика мусулмандык тексттер менен айкалышып калган.

Музей -- ар кыл диндердин жамааттарын элдештирген айдыңдык маданий жай кызматын аркалап келген.
 

"Айя София" имаратынын тарыхына кылчаюу.

Иисус Христостун (исламда -- Ыйса пайгамбардын) болжол менен 1261-жылы тартылгандыгы жоромол кылынган сүрөтү чагылдырылган мозаиканын сакталган бөлүгү.

 
 

"Айя София" имараты.

IX же X кылымда (чыгышта Энесай Кыргыз каганаты гүлдөгөн доордо) кынаптап жасалган бул мозаикада китепчен Иисус Христостун сүрөтү тартылып, "Тынчтык өзүңө жар болсун! Мен дүйнөнүн шамчырагымын" деген сөздөр жазылган.

 

"Айя София" имаратынын көөнө таш устундары.

Түркиянын исламчыл партиясынын өкүлү, президент Режеп Тайып Эрдоган "Айя София" музейин кайра жамы мечитке айлантуу тууралуу 2018-жылдан бери кеп кылып келди.
Ал өз өлкөсүнүн негизги калкы болгон мусулман жамаатынын колдоосуна ээ болуунун ар кыл айлаларын жасоодо.
 

"Айя София" имаратынын залдары. 

2019-жылы мартта шайлоо өнөктүгү маалында президент Эрдоган өз тарапкерлерине "Айя София" имаратынын аталышын кайрадан жамы мечитке айлантабыз деп айткан болчу.

"Айя София" имараты.

2020-жылдын 10-июлундагы сот чечиминен соң, мусулман жамааты бул имаратка сыйынуу үчүн агылмакчы.

"Айя София" имаратындагы расмий түрдө алгачкы ири намазга жыгылуу 2020-жылдын 24-июлуна белгиленүүдө.

"Айя София" имаратынын ичи.

Сурамжылоолорго караганда, түрктөрдүн дээрлик 73 пайызы бул имаратты кайра жамы мечитке айландыруу сунушун жакташкан.

"Айя София" имаратындагы чырым.

Түркиялык ЖМКлар бийликтер мындагы христиандык символдорду кайрадан көздөн далдаа кылып калкалап салышы ыктымал деп кабарлашты. 

"Айя София" имаратынын кайрадан жамы мечитке айлангандыгы тууралуу 10-июлдагы сот чечимин кубануу менен кубаттаган стамбулдук айым. 

Дүйнө коомчулугу болсо бул соттук чечимди айыптап чыкты.  Рим папасы Франциск бул кабарды күйүт менен кабыл алганын айтты.

"Айя София" имаратынын күмбөз шекилдери жана мунаралары. Оңдо -- "Көгүлтүр мечит".

Президент Эрдоган сынга жооп кайтарып, "Айя София" имаратынын эшиги, башка мечиттердегидей эле, мусулмандарга гана эмес, мусулман эместерге да ачык бойдон калат, деп билдирди.
Анын жергиликтүү журналистке айтканы бул болду:
"Ал эми "Айя София" имаратынын макамы тууралуу биротоло чечим кылуу -- башка элге эмес, түрк элине таандык [укук]. Бул  -- биздин ички ишибиз".

Стамбул шаарындагы айтылуу "Айя София" музейи сот чечими менен кайрадан жамы мечитке айландырылды. Бул окуя Түркиядагы айдыңдыктын азыркы абалын чагылдырат.