COVID-19 жана кыргыз медицинасы

Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын реанимация бөлүмүнө демөөрчүлөр тарабынан жасалма дем алдыруучу аппарат белекке берилди. Бөлүмдүн башчысы Рустам Хусеинов жабдууну иштетип көрүүдө. 

Медициналык жабдуу. 

Ушу тапта Баткен облустук ооруканасында коронавирус аныкталган бир бейтап дарыланууда. 

Дарыгерлер үчүн камдалган коргонуучу каражаттар.

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду жалпы дарыгерлер практикалык борборуна ушул айылдын тургуну, атын атабаган жеке ишкер «Тез жардам» машинесин белекке берди. Мындан сырткары бул оорукананын дарыгерлерине жугуштуу илдеттен коргонуучу каражаттарды сатып алыш үчүн 100 миң сом жардам көрсөттү.

Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдардын саны көбөйүүдө. 

Ноокаттагы аймактык оорукана. 

Коргоонучу кийимчен медайым. 

Коронавируска каршы республикалык штабдын 3-апрелде тараткан маалыматында COVID-19 вирусун жуктурган бир киши каза тапты. Алдын ала маалыматка караганда, каза тапкан киши Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургуну болгон.

Кыргызстандын медицина мекемелерине коронавируска каршы туруш үчүн берилип жаткан гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 2-апрелге карата 60 миллион сомго жетти.

Коронавируска каршы күрөш үчүн ачылган бирдиктүү эсепке түшкөн каражаттын бир бөлүгү медицина кызматкерлерине кошумча айлык акы катары төлөнөт. 

Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына чет элдик донорлор тарабынан берилген жасалма дем алдыруучу аппарат. 24-март, 2020-жыл.

Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында учурда коронавирус аныкталган 16 бейтап жатат. 

Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында иштеп жаткан дарыгерлерге тамак алып келген жарандык активист. 

25-мартта Кытай Кыргызстанга 10 миң респиратордук, 100 миң бир жолу колдонулуучу беткап жана 1 миң жеке коргоо каражаттарын берген.

"COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө медицина кызмактерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу" боюнча кыска мөөнөттүк окууга катышып жаткан дарыгерлер. 27-март, 2020-жыл. 

Жалал-Абаддагы дарыгерлер. 26-март, 2020-жыл.

Кыргыз-түрк ооруканасындагы жабдуу. Бишкекте курулушу 2016-жылы аяктап, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан ачылбай турган кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнө берилгенин Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги 25-мартта билдирди.

3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.