Аргасыздан жана акы төлөнгөн эмгек өргүүнү узартууга май айындагы майрамдар да себеп. Андан да негиздүүсү коронавирус жугуу ылдамдыгынын басаңдабай жатышы. Акыркы үч күндөн бери күнүмдүк көрсөткүч 6 миңден кем болбой жатат. Натыйжада Орусия башында коронавирустан эң катуу жабыркаган Кытай менен Иранды ыкчам басып өттү. Акыркы расмий маалымат боюнча COVID-19 илдетине чалдыккандар 94 миңге жакын.
Ага карабастан президент Владимир Путин оорунун күнүмдүк жаңы катталуусу салыштырмалуу стабилдешти деп жатат. Бирок оор күндөр али алдыда экенин белгиледи:
"Кырдаал абдан татаал бойдон калууда. Адистер, окумуштуулар туу чокусунан али өтө элекпиз деп жатышат. Биз азыр эпидемияга каршы күрөштүн жаңы, эң чыңалган этабындабыз. Жугузуп алуу тобокелчилиги жогорку чекке жетүүдө".
Путин коронавирустун жайылуусу туу чокусуна качан жетип, качан басаңдай баштарына токтолгон жок. Бирок орусиялыктар 11-майдан тартып көндүм турмушка кайтышарын, ага чейинки бир аптада өкмөт чектөөлөр кандай этап менен алынары тууралуу план иштеп чыгышы керектигин белгиледи.
Мындай чечимди айрымдар таң калуу менен кабылдап жатышат. Алардын бири саясатчы, Москванын Тимирязев районунун депутаты Юлия Галямина кырдаал статистикада көрсөтүлгөндөр да оор, чыныгы абалды начар билебиз деген ойдо:
"Анткени биздин статистика менен реалдуулуктун айкалышы абдан эле кызыктай. Айдын башында мен дагы оорудум, бирок эч ким менден анализ алган жок. Чынында канча киши ооруп айыкты, канчасы коронавирустун айынан өлдү, так биле албайбыз. Биз кандайдыр жалпыланган сандарды гана билебиз", - деп билдирди депутат Галямина «Азаттыктын» орус кызматы уюштурган талкууда.
Путинге ишеним арткандар азаюуда
Коронавирус күчөп турганда президент Владимир Путиндин рейтинги кескин төмөндөп кеткени да маалымдалды.
Орусиянын коомдук пикирди изилдеген борбору – ВЦИОМдун эсебине караганда март айында Владимир Путинге ишеним арткандар 28,3% түштү. Бул борбор ушундай мындай ыкма менен сурамжылоо өткөргөн 13 жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч.
Оппозициячыл саясатчы Леонид Волков пандемияга байланыштуу батыштагы Польша, Германия, Чехия же Франция сыяктуу өлкөлөрдүн лидерлеринин кадыр-баркы жогорулап жатканына көңүл бурду:
"Анткени жалпысынан бардык европалык лидерлер катаал позицияны карманып, ачык болушту, эл менен көбүрөөк сүйлөшүштү, колдоо чараларын сунушташты. Тажрыйбалуу саясатчы болгонуна карабай Путин бул учурду колдон чыгарганы кызык. Кризис учурунда рейтинги катуу түшкөн жалгыз европалык лидер болгону - орусиялыктардын ал [коронавирусту] такыр эптей албады деген баасы. Бешинчи жолку кайрылуусунда да ал кандайдыр колдоо чаралары тууралуу айтпай жатат".
Колдоо чаралары дегенде, бийлик жумушсуздук жөлөкпулун 12 миң рублга көтөрүп, баласы 3 жашка чейинки үй-бүлөлөргө 5 миң рублдан бере турган болгон. Ошондой эле кризиске карабай жумушчуларын иштен бошотпогондорго да жардам убада кылган.
Бирок оппозиция бул чара жетишсиз деп эсептейт. Саясатчы Алексей Навальный «Орусия үчүн беш кадам» деген программасын жарыялап, анда чоң кишилерге 20 миң рублдан, балдарга 10 миң рублдан таратып берүүнү талап кылган.
Азырынча орус өкмөтү жалпы элге акча берүү тууралуу ниетин билдире элек. Коронавирус Орусияда саламаттык тармагында гана эмес, экономика тармагында да чоң көйгөй жаратууда.
Суроо-талаптын азайышына байланыштуу өлкөнүн негизги кирешесин берген мунайга баа 20 доллардан жогорулай албай турат. Орусиянын бюджети кабыл алынып жатканда мунайдын бир баррели 40 доллардан кем болбойт деп болжолдонуп, ошол ченем менен пайда түшөрү белгиленген эле.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.