COVID-19: Кыска-нуска дүйнө кабарлары

Индиялык жаран COVID-19 илдетин элестеткен тулдун жанында турат. Мумбай (мурдагы Бомбей), Индия. 2020-жылдын 30-декабры.

Дүйнөнүн чар тарабындагы коронавируска каршы күрөшкө байланыштуу кабарлар топтому. 2021-жылдын 6-февралы.


* * * * * * *
Дүйнө өлкөлөрү COVID-19 пандемиясына каршы күрөштү улантууда. “Worldometer” интернет барагындагы маалыматка караганда, коронавирус илдети планетанын 106 миллиондой кишисине жуккан, алардын 77 миллиондою айыгып чыккан, 2,3 миллиондой киши каза болгон.

* * * * * * *

Дагы караңыз “Жэй-энд-Жэй” (J&J) компаниясы бир гана жолу эмделчү вакцина сунуштайт

АКШнын коргоо министрлиги 1100дөн ашуун жоокерди коронавируска каршы эмдөө борборлоруна көмөк көрсөтүү үчүн жибермекчи. Президент Жо Байден бүт өлкө боюнча 100 эмдөө борборун бир айдын ичинде курууга буйрук берди.

АКШ калкынын 2 пайыздайы эки жолку эмдөөдөн өттү.

Бул өлкөгө дүйнөдөгү өлкөлөргө салыштырмалуу коронавируска чалдыккандардын көпчүлүгү туура келет (27,35 миллион киши). Өлкөдө 469 миңден ашуун киши ушул алааматтуу илдеттен улам көз жумду.

* * * * * * *

Орусия июнь (кулжа) айына чейин эле өзүн COVID-19 илдетине каршы эмдетүүнү каалаган бардык жарандарын эмдеп чыгат. Бул тууралуу Орусиядагы тикелей инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев билдирди.

Венгрияда келээрки аптада Орусия өндүргөн “Sputnik V” вакцинасы менен эмдөө иштери башталаары күтүлүүдө. Венгриянын тажрыйбасын анын коңшусу Чехия үйрөнүүдө.

Дагы караңыз Пакистан Кытайдан коронавируска каршы 500 миң доза вакцина алат

* * * * * * *

Кытай Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун изилдөө тобуна Ухан шаарындагы бардык жайларды кезүүгө жана кишилерге жолугууга мүмкүнчүлүк берди.

Бул тууралуу ДССУнун тобунун өкүлү Питер Дашака маалымдады. Бир нече күндөн соң бул иликтөө тобу өз тыянагын жарыя кылмакчы.

Жалпысынан, КЭРдин материктик бөлүгүндө соңку күн-түнү жаңы 12 кишиден коронавирус табылды. Ал кишилердин 8өө – чет өлкөлөрдөн жаңы келгендер. Бул тууралуу КЭРдин Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясы маалымдады.

* * * * * * *

Дүйнөдө коронавируска каршы сунушталган айрым вакциналардын салыштырма жадыбалы. Би-Би-Си. 23.11.2020.

6-февралда таңга маал Чехияга Оксфорд университети менен AstraZeneca компаниясы биргелешип даярдаган вакцинанын алгачкы топтому жеткирилди. Бул “Oxford/ AstraZeneca” вакцинасын Европа комиссиясы өткөн аптада Евробиримдикте колдонууга расмий уруксат берген болчу.

Дагы караңыз Чехия “Sputnik V” вакцинасын жактыруу боюнча венгр тажрыйбасына кызыгууда

Чехиянын ЧТК агенттиги маалымдагандай, “Oxford/ AstraZeneca” вакцинасынын алгачкы топтому 19 200 дозадан турат. 8-февралдан тартып бул вакцина калайыкты эмдөөдө колдонула баштамакчы.

Чехия “Oxford/ AstraZeneca” вакцинасынын 3 миллион дозасына тапшырык берди. Анын 130 миң дозасы февралдын ичинде өлкөгө жеткирилет. Бул вакцинаны сактоодо өзгөчө суук температура талап кылынбайт.

Дагы караңыз Индия неге Oxford / AstraZeneca вакцинасын жактырды?

* * * * * * *

5-февралда “Pfizer” компаниясы германдык “BioNTech” компаниясы менен биргелешип чыгаып жаткан өз вакцинасын Индияда чукул кырдаалда колдонуу боюнча уруксат берүү арызын кайтарып алды. Индиянын дары-дармек көзөмөлдөө мекемеси бул вакцинаны караштыруу үчүн кошумча убакыт талап кылууда.

Ушул тапта Индияда “Oxford/ AstraZeneca” вакцинасынын индиялык варианты болгонCovieshield” вакцинасы жана жергиликтүү “Covaxin” вакцинасы гана чукул кырдаалда эмдөө үчүн тандалып алынган. (TT)