Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:21

Пакистан Кытайдан коронавируска каршы 500 миң доза вакцина алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын аскердик учагы коронавируска каршы вакцинанын алгачкы партиясын алып келиш үчүн Кытайга учуп кетти.

Маалыматка караганда, учак Пакистанга «SinoPharm» вакцинасынын 500 миң дозасын жеткирет деп күтүлүүдө. Буга чейин Бээжин Исламабадга да ушул эле көлөмдө вакцина берүүгө убада берген.

Пакистанда кытай вакцинасы менен биринчи кезекте медицина кызматкерлери эмделет. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө 400 миң медик эмдөөгө жазылган.

30-январда Пакистандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкө «COVAX» эл аралык программасынын алкагында британ-швед фармацевтикалык компаниясынын өндүрүшүндөгү «AstraZeneca» вакцинасынан да 17 миллион доза аларын билдирген.

Пакистандын Дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө башкармалыгы (DRAP) буга чейин өлкө аймагында колдонуу үчүн «SinoPharm», «AstraZeneca» жана орусиялык «Спутник V» вакциналарын жактырган.

«Gallup Pakistan» уюму жакында жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык, пакистандыктардын дээрлик жарымы эмдөөдөн баш тартышы мүмкүн. Алардын көбү коронавирус тууралуу апыртылган маалыматтар берилип жатат деп эсептейт.

Бүгүнкү күндө Пакистанда COVID-19 илдетин жугузуп алгандар 544 813кө жетип, 11 657 бейтап каза болду.

XS
SM
MD
LG