Пандемияда байыган миллиардерлер жана жакырчылык

Оогандык ички бозгун үй-бүлө эптеп башпаана там салып жашоодо. Герат. 2020-жылдын 22-январы.

Коронавирус пандемиясы маалында дүйнөдөгү өзгөчө бай он кишинин байлыгы андан ары көбөйүп, ал эми 500 миллиондой адам жакырчылыкка кептелип, кедей-кембагалдар каржылык мүшкүлгө ого бетер белчесинен батты.

Үч кишинин эле байлыгы менен дүйнө элин эмдесе болот

“Фейсбуктун” негиздөөчүсү Марк Цукерберг, “Амазон” компаниясынын түптөгөн Жефф Безос жана “Тесланын” ээси Илон Маск үчөөнүн пандемия маалында тапкан каражатка дүйнө элин коронавируска каршы эмдесе болот.

Бул тууралуу эл аралык "Oxfam" кайрымдуулук уюму 25-январда жарыялаган баяндама айтылат.

«“Теңсиздик вирусу” деп аталган баяндама көрсөткөндөй, пандемия башталгандан бери дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде ажырым тереңдеди. Бирок ушул эле маалда 10 киши – 10 миллиардер жарым триллион АКШ долларын табышты. Бул бүткүл дүйнө элин эмдөөгө жете турган каражат. Жарым триллион акча менен Жер төгөрөгүндөгү ар бир жакыр кишини кедейчиликтен куткарса болот» ​, деди "Oxfam" уюмунун аткаруучу директору Габриела Бухер.

Пандемия башталгандан бери 500 миллиондой адам жакырчылыкка кептелген. Бухер айымдын айтымында, муну менен кедейчиликке каршы соңку 20 жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан эмгек текке кетти.

Дүйнөдөгү эң бай адам, "SpaceX" компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск. 2019-жылдын 2-марты.

Oxfam уюму социалдык теңсиздик тууралуу таасын белгилейт: Бразилиядагы түпкү теги африкалык тургундардын COVID-19 илдетинин айынан өлүмгө учуроосунун ыктымалдыгы өлкөдөгү ак түстүү кишилерге караганда 40 пайызга жогору.

"Кошмо Штаттарда каза болгон дээрлик 22 миңдей кара түстөгү киши, эгерде, аларда деле ак түстөгүлөрдүн өлүм көрсөткүчүндөй жагдай болгон болсо, анда алар азыркыга чейин тирүү калмак. Франция, Индия жана Испания сыяктуу өлкөлөрдө жакырыраак тургундар байырлаган жерлерде коронавирус илдетинин жайылышы жана өлүм көрсөткүчү башка аймактардан алда канча жогору. Улуу Британияда жакыр аймактардагы бул илдеттин айынан болгон өлүм-житимдин саны өлкөдөгү бай аймактардагыга караганда эки эсе көп", - деп жазылган баяндамада.

Дал ушул баяндамада белгиленгендей, дүйнөдөгү миңге жакын миллиардер пандемия маалында жоготкон чыгашаларын тогуз айдын ичинде калыбына келтиришкен.

Ал эми дүйнөдөгү миллиондой жакыр кишилерге эптеп бутуна туруш үчүн дагы он жыл керек. Бухер айым вакцинанын коомдогу бардык катмарларга тегиз жетишиажырымды кыскартуу үчүн абдан маанилүү экенин белгилейт.

Дагы караңыз Дүйнөдө жакырлар 115 миллионго көбөйөт

Ажырымды кыскартуу үчүн "Oxfam" уюму мамлекеттердин жетекчиликтерин “мега-байларга” көбүрөөк салык салууга чакырды. Уюмдун эсебинде, өткөн жылдын соңунда миллиардерлердин жалпы байлыгы 12 триллиондой долларды түзгөн.

"Теңсиздик вирусу" деп аталган баяндамада, ошондой эле, COVID-19 пандемиясы калктын эң аялуу жана кедей катмарларына өзгөчө катаал сокку урганы жазылган. Көбүнчө аялдар жана аз айлык акыга иштегендер жумушсуз калышканы да белгиленет.

Дагы караңыз

2021: Коронавирустан кийинки экономикаКыргыз экономикасын кыйнаган жылАймактар жакырчылык сазынан чыга элек

Пандемияда байыган Маск, Цукерберг жана Безос

Байлык демекчи, 2021-жылдын 7-январында Илон Маск дүйнөдөгү эң бай ишкер болуп калды. Анын байлыгы 185 миллиард АКШ долларына тете деп жарыяланды.

Былтыркы эсептөөлөргө караганда, Безостун «Amazon» компаниясынын сатыгы 2020-жылдын март, апрель жана май айларында 40% өсүп, 88,9 миллиард долларга жеткен. Бул соңку жылдардагы эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

Дүйшөмбү шаарындагы базар. Тажикстан. 2020-жыл.

Цукербергдин «Фейсбук» компаниясынын кирешеси үч айда 5,2 миллиард долларга чамалаган. Ошондой эле бул компанияга караштуу «Facebook», «WhatsApp» жана «Instagram» социалдык тармактарынын колдонуучулары пандемия башталган март айынан июнга чейин 15% көбөйгөн.

Дагы караңыз COVID-19: ЮНИСЕФ өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ажатын ачуу ниетинде

"Oxfam" дүйнөдө жакырчылыкты жоюу багытында иш жүргүзгөн кайрымдуулук уюмдарынын эл аралык бирикмеси.

"Oxfam" уюмунун аткаруучу директору Бухер айым өзүнүн "Твиттердеги" 25-январдагы жарыясында да уюмдун акыркы баяндамасынын өзөгү тууралуу белгилеп, Давос экономикалык шеринесине катышуучуларды Жер жүзүндөгү жакырлардын пандемия маалындагы оор акыбалына көңүл бөлүүгө чакырды.

Уюм жыл сайын өз баяндамасын Давостогу дүйнөлүк экономикалык форумдун ачылышын утурлай жарыялап келет. Быйыл Давостогу жыйын пандемияга байланыштуу онлайн өтөт.