COVID-19 дүйнөдө нааразылыкты күчөттү

Украинанын артисттеринин жана көңүл ачуу тармагынын кызматкерлери нааразылык акциясына чыккан учурда шаардын үстүнүнөн көрүнүп турган прожекторлор. Митингге чыккандар карантин шарттарын жеңилдетүүнү жана мамлекеттен каржылык колдоону талап кылышкан. Киев. 12-май, 2020-жыл. 

 

Атайын бөлүктүн кызматкерлери карантинге каршы митингге чыккандарды таратууга аракет кылууда. Владикавказ, Орусия. 20-апрель, 2020-жыл. 

Исламабаддын жашоочулары алардын үйүнүн жанында орнотулган карантин борборунун ачылышына каршы акцияга чыккан учуру. Пакистан. 19-апрель, 2020-жыл. 
 

Нааразылык акциясына чыккан аялды полиция кызматкерлери кармап жаткан учур. Грузиянын «Гирчи» оппозициялык партиясынын тарапташтары өлкөдөгү өзгөчө абал режиминин узартылышына каршы акцияга чыгышкан. Тбилиси шаары, Грузия. 

 

Тель-Авивде шаар тургундары Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга жана коронавирустун жайылышын токтотууга көрүлүп жаткан чараларга каршы «Кара желек» аттуу нааразылык акциясына чыгышты. Израиль. 19-апрель, 2020-жыл.

Ресторан, кафелердин жайкы террасаларынын жабылышына каршы акцияга чыккандар. Киев, Украина.

 

«Кичи бизнести сакта» деген жазуусу бар беткап кийген украиналык аял. Киев. Украина. 2-май, 2020-жыл. 

Дортмунд мэриясынын имаратынын астындагы кафе-ресторандардын ээлеринин нааразылык акциясы. Германия. 24-апрель, 2020-жыл.

 

Беткапчан кишини кармап жаткан полиция кызматкерлери. 24-апрелде Вена шаарынын 200гө жакын тургуну бийликтин коронавирусту токтотуу үчүн көрүлүп жаткан чараларына нааразылыгын билдирип митингге чыгышкан. 


 

Белграддын жашоочулары Сербия бийлиги киргизген карантинге каршы акция чыккан учуру. 1-май, 2020-жыл. 

Кытайда калган пакистандык студенттерди мекенине кайтарууну талап кылып акцияга чыккан Карачи шаарынын тургундары. 

Венециядагы Риальто көпүрөсүндө турган сатуучулар. Алар каршылык акциясы катары уюштурулган флешмобго катышып жаткан учуру. 4-май. Италия. 

Австралиянын опера театрынын музыканттары театрдын имаратынын алдында каршылык акциясын өткөрүүдө. Алар акы төлөбөй музыканттарды жумуштан кетиргенине нааразылыгын билдирип, театр жетекчилигинен бул чечимин кайрадан карап чыгуусун талап кылууда. 

 

«Силерде план барбы?», «Мен аны билсем болобу?» жана «Акылдуу тестирлөө качан башталат?» деген жазууларды кармап турган митингчилер. Прага шаары. 29-апрель, 2020-жыл. 
 

Киевде өткөн нааразылык акциясы учурунда автобус, унааларын жолго токтотуп койгон ишкерлер. Алар бийликтен жумушка чыгарууну талап кылып митингге чыгышкан. Киев, Украина. 13-май, 2020-жыл. 

 

Дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттерде коронавирус пандемиясынын улам киргизилген карантинге нааразылыктар күчөп жатат. Айрым өлкөлөрдө киргизилген өзгөчө абалга карабай митингге чыккандар болууда. Алар карантиндин шарттарын талап кылышууда.