Туугандарды касташтырган кенебестик

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Рашид Байымбеков аттуу тургуну жеңеси үйүн сот аркылуу тартып алганын айтып, калыстык издеп жүрөт.

Ал 20 жыл мурун салып, төрт баласы менен жашап жаткан үйүнө байланыштуу сот туура эмес чечим чыгарды деп эсептеп, бийликке кайрылуу жолдоду. Сот чечиминин үстүнөн Конституциялык палатага да арызданган. Турак жай талашка "туугандар да эсептешмек беле" деген түшүнүктөн улам менчик укугу өз учурунда документтештирилбей калганы себеп болгон.

Жогорку соттун чечимин көтөрүп "Азаттыкка" келген Рашид Байымбеков талашка түшкөн турак жай толугу менен өзүнө таандык экенин айтып жатат. Ал Бишкектин Ак-Өргөө конушунда жайгашкан жерди туура 20 жыл мурун бир тууган жеңесинен сатып алып, бир жыл ичинде там салып көчүп кирген экен. Бирок жерге болгон менчик укугун 10 жылдан кийин гана каттаган. Муну ал бир тууганына ишенгени менен түшүндүрдү:

Рашид Байымбеков.

- Жеңемден жерди 1997-жылы сатып алып, үй кургам. Байкемдин көзү тирүүсүндө жерге уруксат берүү кагазын жеңем ар кайсы шылтоону айтып бербей жүрдү. Эгер берсе убагында эле документтештирип алмакмын. Байкем "жеңең силерден үй талашмак беле, жазып берет" деп койчу. Бир тууган болгондон кийин ишенесиң да! Анан агам каза болуп калгандан кийин 2006-жылы гана жерди мага каттоо тууралуу жеңемден нотариус аркылуу ишеним кат жаздырып, кол койдуруп алгам. Ошол ишеним кат аркылуу жерге уруксат кагазды алып, андан кийин үйдү өзүмө каттаткам. Эми жеңем "ишеним катка кол койгон эмесмин, нотариуска мен барган эмесмин" деп танып чыкты. "Үйдү күйөөм менен чогуу салганбыз, андан кийин Ысык-Көлгө көчүп кеткенбиз, биз курган үй" деп жалган жалааларды кошуп, догурунуп сотко үч жыл мурда доо арыз жазган. Мен бул үйдүн пайдубалынан бери өзүм кургам. Аны тегерегимдеги коңшуларымдын баары билет. Айрымдары ошол кезде мага пайдубал түптөшүп жүргөн.

Эки соттун эки башка чечими

Үч жылдан бери уланып келаткан соттук териштирүүдө Бишкектин Ленин райондук соту Асанкадырованын, шаардык сот Байымбековдун пайдасына чечим чыгарган. Бирок ага макул болбогон жеңеси Жогорку сотко кайрылып, былтыр декабрда анын арызы канааттандырылган. Туугандар ортосундагы араздашууга баштан-аяк күбө болгон Рашид Байымбековдун эжеси Гүлмира Жогорку соттун чечимине нааразы:

- Эгер үйдү Атыркүл салган болсо 18-20 жыл мурун кайда жүрдү? Эмнеге эми келип талашып атат? Төрт баласы менен менин иним кайда барат? Соттук иш эки жолу айланды. Биринчисинде райондук, шаардык сот биздин пайдага чечим чыгарып, Жогорку сот "эч негизсиз ушунча убакыт бул аял кайда жүрдү, эмнеге 20 жылдан бери кайрылган эмес?" деген негизде ишти кароону кайра райондук сотко кайтарган. Ленин райондук соту болсо жеңемдин ишеним каттагы кол белгисин экспертизага жөнөттү. Биз "макул" деп көндүк, сүйүндүк. Себеби, ишеним катта жеңемдин кол белгиси коюлган, эмнеге коркмок элек? Бирок экспертиза "ишеним катка коюлган кол белги аныкы эмес болушу мүмкүн" деген корутунду чыгарып коюптур. Ошонун негизинде инимдин үйүн тартып алуу жөнүндө чечим чыкты. Бул эмне деген сот, эмне деген система, кандай мамлекетте жашап атабыз? Жогорку сотто ишти караган судья Исаковадан: "Кантип ушундай чечим чыгардыңар?" деп сурасам: "Жеңеңер менен эле сүйлөшүп албайсыңарбы" деп койду.

Талашка түшкөн үй.

Туугандар арасындагы мүлккө байланышкан чатакта аты аталган Атыркүл Асанкадырова менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анын адвокаты Муктарбек Сулайманов сот чечимин туура деп баалады:

Иш боюнча эки экспертиза жүргүзүлдү. Экөөндө тең "Атыркүл Асанкадырованын кол белгиси жасалма" деген тыянак чыкты.

- Иш боюнча эки экспертиза жүргүзүлдү. Экөөндө тең "Атыркүл Асанкадырованын кол белгиси жасалма" деген тыянак чыкты. Булар жасалма кол белги менен ишеним кат алып, ошонун негизинде үйдү башка адамдарга которуп жиберишкен. Экспертиза дайындалып, сот үйдү кайра Атыркүл эжеге өткөрүп берди. Чечим адилеттүү, мыйзамдуу болду. Эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. Үй Асанкадыровага таандык болчу. Күйөөсү тирүү кезинде рак болуп ооругандыктан Ысык-Көлгө көчүп кетип, бул үйгө кайнисин киргизип кеткен экен. Күйөөсү өлгөндөн кийин кайниси ишеним катты жасап, белек кылуу келишими аркылуу үйдү өзүнө которуп алыптыр. Биринчи бул ишти райондук сот карап, Атыркүл Асанкадырованын пайдасына чечип берген. Андан кийин шаардык сот аны туура эмес деп тапты. Мен шаардык соттун үстүнөн даттанып, натыйжада Жогорку сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Байымбековдор Жогорку соттун чечимине каршы президентке, Жогорку Кеңешке жана Конституциялык палатага кайрылышты. Ошондой эле укук коргоо органдарына да арыз жазып, үйдү ким салганын жана анын мыйзамдуу ээсин аныктап берүүнү өтүнөрүн билдиришти.

Мүлк талашкандар көп

Негизи Кыргызстанда милицияга расмий арыз жазылбаганы менен тууган-туушкан, куда-сөөк өзгөчө бир туугандар арасында үй жана мал-мүлк талашып кол үзүшкөн учурлар жүздөп саналат. Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаровдун баамында, буга кыргыздардагы "жазылбаган мыйзамдар" менен кошо элдин документтерге олуттуу мамиле кылбаганы себеп:

- Бул өңдүү чыр-чатактар кенебестиктен чыгып жатат. Бардык нерсени өз убагында, так, мыйзамга ылайык жасап койсо эч кандай араздашуу болбойт. Айылдарда мурас укугу же үйдү бири-биринен өткөрүп алганы, каттаганы тууралуу документтер көп үйлөрдө жок.

Ал эми адвокат Нурбек Абдалиев өз ишинде туугандар арасындагы мүлк талашка көп жолу күбө болгон. Анын байкоосунда, үй жана жер талашкан учурлар кыргыздарда көп байкалат:

- Менчикке болгон укукту, керээз жазып мурас калтыруу боюнча мыйзамдарды Бишкекте орус улутундагы жарандар бүт эле колдонот. Ал эми аны билген кыргыз улутундагылар 50-60 пайыздын тегерегинде. Айыл жергесинде дээрлик 90-95 пайыз эл муну ойлоп деле койбойт. Ата-эне, үй-бүлө ээлери баарын мыйзам чегинде жазып, бөлүштүрүп койсо мындай көрүнүштөр болмок эмес.

Кыргыз коомчулугунда бир туугандар арасында атасынан калган мүлккө ээлик кылуу мыйзамда көрсөтүлгөндөй бөлүштүрүлбөйт, ал үйдүн кенжесине калат деген түшүнүк калыптанып калган. Дал ушундай көз караштын аягы айрым учурда терс көрүнүштөргө кептеген учурлар да болгон. Эки жыл мурун Баткенде мүлк талашкан иниси агасы менен жеңесин өлтүрүп койгону ачыкка чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.