COVID-19 дартынан сактануунун жолдору

Бишкектеги коомдук унаа дезинфекцияланып жатат

Коронавирус алгач Кытайда декабрь айынын экинчи жарымында Ухань шаарында катталган. Үч айдын ичинде дүйнөгө жайылып, пандемияга жетти. Интернеттен бул ооруга байланыштуу ар түрдүү маалымат таркап, анын кайсынысы туура же жалган экенин аныктоо да өтө кыйын болуп жатат.

Алдыда сиз окуй турган маалыматтар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сайтынан алынып, кыргызчаланды. Ошондой эле жергиликтүү адистин сунуштарын коштук.

Оорунун белгилери

Алгач дене табы көтөрүлүп, кийин буга кургак жөтөл кошулат. Бир жумадан кийин дем алуу кыйындап, ооруган адам сөзсүз ооруканага барышы керек! Кадимки сасык тумоодон айырмаланып, коронавирус жугузганда мурундан суу акпайт, адам чүчкүрбөйт. Негизги белгилери:

  • Баш ооруйт.
  • Жөтөлөт.
  • Дем алганда кыйналат, дем кыстыгат.
  • Булчуңдар ооруйт.
  • Дене табы көтөрүлөт.
  • Адам өзүн алсыз сезет.

Оорунун инкубациялык убактысы же бир кишиге жуккандан кийин курч формага өтө элек, билинбей эле турган маалы - 14 күн. Айрым окумуштуулар бул убакыт 24 күнгө созуларын айтышат.

Кытай илимпоздору ооруну жугузуп, дарыланып, айыккан адамдар деле вирусту ташып жүрө турганын билдиришти.

Дагы караңыз Абдраманов: Биздин медицина бул кырдаалга даяр эмес болчу

Канчалык коркунучтуу?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус жугузган 44 миң бейтапка назар салып, алардын көрсөткүчтөрүн эсептеп чыкты. Ага ылайык ооругандардын:

81% кадимки сасык тумоодой эле ооруп айыгат.

14% абалы начарлоодо.

5% өтө оор абалга түшүүдө.

1-2% каза болуп жатат.

Бирок бул көрсөткүч өзгөрүшү мүмкүн, себеби түмөндөгөн адамдар азыркы тапта ооруп, дарыланып жатат. Алардын канчасы айыгып, канчасы оор акыбалга түшөрү азырынча белгисиз.

Коронавирус дарыланабы?

Азыркы тапта ооруган адамдарды дарылоо кадимки сасык тумоого каршы күрөштөй эле жүрүп жатат. Алардын өпкөсүн жөнгө салып, дем алышына жардам беришүүдө. Бирок вакцинасы азырынча чыга элек. Дүйнө окумуштуулары 2020-жылдын аягына чейин аны иштеп чыгуунун үстүндө. Ошондой эле вируска каршы дарылардын канчалык таасирдүү экенин аныктоо иши жүрүп жатат. Андыктан вируска каршы дары же витаминдерди ашыгы менен сатып алууга негиз жок.

Качан токтойт?

Кышкысын башталган бул жугуштуу оору мезгил алмашып, жаз келсе токтоп калышы ыктымал деген божомолдор бар. Ошентсе да илимпоздор абасы ысык Жакынкы Чыгышта чыккан коронавируска окшош SARS оорусунан улам абанын температурасы көтөрүлсө, вирус токтойт деп так кесе айтуу мүмкүн эмес деп эсептешет.

Кантип башталды?

Бул вирус жаңы эмес, болгону адамга жукканы үчүн жаңы оору катары кабылданууда. Мурда бул оору жаныбарларда болуп келген. Көп кишилер аны Ухандагы деңиз азыктарын саткан базарга байланыштырууда. Кытайда элдин көбү деңиз, үй жандыктарына аябай жакын жашайт. Аларды күнүмдүк тиричиликте, азык-түлүк үчүн көп колдонот. Жакынкы Чыгышта мурда чыккан SARS оорусу да вирус жуккан келемишти жеп алган мышыктардан башталганы далилденген. 2002-жылы бул оору Кытайда 8098 кишиге жугуп, 774 адам өлгөн.

Дагы караңыз Пандемия деген эмне?

Коронавирус тууралуу айың кептер

- Колду кургатуучу электр машинелер вирусту өлтүрөбү?

- Жок! Бул вирусту өлтүрө албайт. Оорудан коргонуш үчүн колду самындап улам-улам таза жууп туруш керек. Кокус суу же самын жок болуп калса, курамында спирт бар салфеткалар менен тазаланыңыз. Колду жуугандан кийин таза сүлгү же кагаз салфетка менен кургатыңыз.

- Ультракызгылт нурлар вирусту өлтүрөбү?

- Ультракызгылт түстүү лампалар бөлмөнү тазалай алат, бирок аны адамдын денесине жакын жолотконго болбойт. Андан радиациялык нур бөлүнүп чыгып, аябай зыяндуу.

- Термосканерлер вирусту аныктай алабы?

- Бул сканерлер болгону адамдын дене табын гана өлчөйт. Вирус бар же жок экенин биле албайт. Ооруган адамдын шилекейинен же кан анализинен гана вирусту аныктаса болот.

- Спирт жана хлор шыбанып алса оору жукпайбы?

- Эгер вирус денеңизге кирсе аны спирт же хлор менен жууп чыгара албайсыз. Мындай каражаттарды себинүү же шыбануу менен көз, мурун, кулак, оозду күйгүзүп, катуу жараат алышыңыз ыктымал. Аларды дезинфекциялык каражат катары гана, колдонуу тартибине карай колдонуңуз.

- Малдан коронавирус жугабы?

- Үйдөгү малдан, үй жандыктарынан коронавирус жукканы каттала элек. Бирок малдын этин сатып алууда өтө абайлаш керек. Мал кармагандан кийин колду самындап жууп, коронавирустан тышкары да бир топ жугуштуу оорулар бар экенин унутпаңыз.

- Пневмонияга каршы вакцина коронавирустан сактайбы?

- Жок! Өпкөнүн катуу сезгенишине каршы жасалган эмдөө вирустан сактабайт. Анын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аныктаган өз эн белгиси "COVID -19" деп аталып, башка ооруларга окшобойт.

Дагы караңыз Вирустан сактануу жолдору

- Сарымсак, лимон жегенде вирус жукпайбы?

- Албетте, сарымсак - адамга өтө пайдалуу азык, микробдорду, бактерияларды өлтүрө турган күчү бар. Ошентсе да коронавирустан сарымсак, ар түрдүү майлар, дары чөптөр коргой турганы азырынча илимий аныкталган жок.

- Коронавирус жаштарга караганда карыяларда көп кездешеби?

- Бул вирус баарына жугушу мүмкүн. Бирок жашы улуу, ар түрдүү оорусу бар адамдар ооруга кабылса кыйналышат. Айрыкча астма, диабет, жүрөк оорулууларга жукса абалы оорлоп, өлүмгө чейин алып барат.

- Антибиотиктер оорунун алдын алабы?

- Жок, жугуштуу оору болгондуктан, бул дартка вируска каршы дарылар гана сунуш кылынат. Бирок адамдын абалы оорлоп, ооруканага жатып калса, антибиотик дарылар менен да дарылашат. Дагы эскерте кетели, бул ооруну дарылап, эмдей турган каражат азырынча чыга элек.

Коронавирустан коргонуунун жөнөкөй жолдору

Бул ооруга байланыштуу Интернеттен таркап жаткан маалыматтарды талдай билиңиз. Ишенимдүү булактардан гана кабар алыңыз. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун расмий веб сайты күнү-түнү коронавирус тууралуу жаңылыктарды чыгарып жатат. www.who.int сайтына кирсеңиз орус тилиндеги баракчасы да бар. Социалдык тармактар менен тараган кабарлардын чын-бышыгын ар дайым текшериңиз.

  • Колуңузду мүмкүн болушунча тез-тез жууп туруңуз. Эшиктен киргенде, дааратканадан чыкканда, тамак ичерде самындап жууганды унутпаңыз.
  • Эл көп чогулган жактарга барбаңыз. Кимдир-бирөө чүчкүрүп же жөтөлүп жатса 1 метрден жакын жолобоңуз.
  • Көзүңүздү, мурдуңузду, оозуңузду кармалай бербеңиз. Кол аркылуу көптөгөн вирустар жугат.
  • Дем алуунун гигиенасын сактаңыз. Башкача айтканда жөтөлүп, чүчкүрүп жатсаңыз оозу-мурдуңузду салфетка же жүз арчы менен жабыңыз.
  • Дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп жатсаңыз эртерээк дарыгерге кайрылыңыз. Бул оору өтө тез курчуйт.
  • Тамак жасаганда коопсуздукту сактаңыз. Өлүп калган малдын этин жебеңиз. Эт туураган тактай менен жашылча-жемиштерди туураган тактай, бычактарды аралаштырбаңыз. Базардан чийки эт алганда өтө этият болуңуз. Тамак-аштын баарын кайнатып жеңиз.
  • Көчөгө түкүрүп, какырбаңыз, бул суюктуктар аркылуу оору өтө тез күчөйт.
  • Беткап коронавирустан сактабайт. Аны тескерисинче, вирусту жайылтпаш үчүн кийиш керек. Бирок ар бир эки саат сайын жаңысына алмаштырып туруу зарыл.

Адистин жообу

Коронавируска байланыштуу суроолорго Руспубликалык жугуштуу оорулар клиникасынын директору Гүлжигит Аалиев жооп берди.

«Азаттык»: - Сасык тумоо менен коронавирустун айырмасы кандай?

Гүлжигит Аалиев: - Биринчиден сасык тумоонун башка түрлөрүндө чүчкүрүп, мурундан суу агып башталат. Коронавируста андай эмес, дене табы көтөрүлөт. Берки вирустарда да температура чыгышы мүмкүн, бирок коронавируста жөтөл катуу болот, дем алуу начарлап, дем кыстыгат. Жөнөкөй сасык тумоодо дем алуудагы кыйынчылык өтө күчөп кеткенде гана болот.

«Азаттык»: - Кооптуу топторго кимдер кирет?

Гүлжигит Аалиев: - Жашы өтүп кеткен адамдар, өнөкөт оорулар менен жабыркагандар, ошондой эле дем алуу органдарындагы өнөкөт дарттар менен жаш кезинен эле жабыркагандар кооптуу топтогулардын башында турат. Ошондой эле медициналык кызматкерлерге да оору жугуу коркунучу чоң, себеби биз вирусу бар адамдар менен түздөн-түз байланышабыз, аба майдандарындагы, чек ара көзөмөл пункттарындагы кызматкерлер да кооптуу топторго киришет.

«Азаттык»: - Балдарга кандай таасир этет?

Гүлжигит Аалиев: - Балдар бул вирустан оңой айыгышат. Себеби балдарда өнөкөт оорулар дээрлик жок. Бирок тубаса өнөкөт дарты бар балдарды баары бир абайлаш керек.

«Азаттык»: - Иммунитетти кантип көтөрүүгө болот?

Гүлжигит Аалиев: - Иммунитет жакшы болуш үчүн балдар төрөлгөндөн тартып аракет кылыш керек. Себеби, иммунитетти кайсы бир азык же витамин менен көтөрүп ийет деген туура эмес. Биринчи кезекте эне сүтү эң мыкты азык болуп саналат. Андыктан баланы 1 жылга чейин эмизип, таза абага тез-тез сейилдетиш керек. Туура азыктануу деген да өтө чоң маселе. Курамында С витамини көп азыктарды жеш керек. Ошол эле лимондо же малинада бул витамин көп. Сарымсак да пайдалуу, бирок аны жеген адам ашказаны тазабы - биринчи кезекте ушуну билгени дурус. Ашказанында кандайдыр бир өнөкөт оору болсо сарымсак зыян экенин унутпаңыздар.

«Азаттык»: - Арча, ысырык түтөтүү вирустан коргойбу?

Гүлжигит Аалиев: - Арча менен адырашмандын курамында эфир майлары бар. Алар жалаң эле вирусту эмес, башка микробдорду да өлтүрүүчү касиетке ээ. Биздин ата-бабаларыбыз илгертен эле үйдүн ичин арча же адырашман түтөтүп тазалап турушкан да. Албетте, туура дегенибиз менен вирустан толук коргойт деп кепилдик берүүгө болбойт.

«Азаттык»: - Коронавирустан антибиотик дарылар коргой алабы?

Гүлжигит Аалиев: - Вирустардын баарына эле антибиотиктер таасир этпейт. Жалаң эле коронавирус эмес, бардык түрүндө, сасык тумоодо антибиотикти ичүү туура эмес. Чүчкүрүп, мурдунан суу акса эле антибиотик иче калуу адамдарда микробдорго туруктуулукту пайда кылат. Кийин кокус сасык тумоо күчөп, антибиотик сайышка туура келсе адамдын организминде туруктуулук пайда болуп, дарыны тоготпой калат. Мындай дарыларды медициналык кызматкерлердин көзөмөлү жана көрсөтмөсү менен гана пайдалануу зарыл.

«Азаттык»: - Карантин деген эмне?

Гүлжигит Аалиев: - Эгерде бир үй карантинге жабылса, анда жашагандар эч жакка чыкпашы керек. Сырттан эч ким менен байланышууга болбойт. Мисалы, мектептер ж.б. жайлар карантинге жабыла турган болсо барбаш керек.

«Азаттык»: - Ооруга байланыштуу гигиеналык эң коркунучтуу адаттар кайсылар? Тазалыкты сактоонун жолдору...

Гүлжигит Аалиев: - Бизде азыр эң эле кооптуу көндүмдөрдүн башында кол алышып учурашуу турат. Анан акыркы убката өбүшүү пайда болду, карысы, жашы, эркеги-аялы дебей эле кучакташып өбүшүп жатышат. Анан калса жаш балдарды өпкүлөйбүз. Ушунун баары ооруну жайылтууга өбөлгө түзөт. Азыркыдай оор маалда ушундай адаттардын баарын токтото турган оң. Экинчиден, кол жууган маданиятты алсак, бизде ар дайым азыктанардын алдында кол жууган жакшы көндүм бар. Бирок колго эптеп эле суу тийгизип, нымдап койбой, самындап, жакшылап кеминде 30 секунддай жууш керек. Бугүнкү күндө жалаң эле коронавирус эмес, башка бардык жугуштуу оорулар, анын ичинде сарык, ич өткөк, жөнөкөй сасык тумоо деле дал ушул кир кол аркылуу элибизге жугуп жатат. Эгер колубузду таза жуусак, бир топ оорудан арылабыз. Азыр ушул коронавируска байланыштуу түшүндүрүү иштери башталгандан бери сасык тумоо менен ооругандар да азайды. Себеби эл өз саламаттыгына кам көрүп, колун жууп, таза боло баштады.

«Азаттык»: - Аш-тойлордо оору жугузуу коркунучу кандай?

Гүлжигит Аалиев: - Биздин мыйзамдар боюнча аларды таптакыр тыйып салууга мүмкүн эмес экен, бирок өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги ушундай көрсөтмө, сунуштарды берип жатат. Көбүрөөк эл чогулган жерге барбагыла, өзүңөр да топтобогула. Ал тургай биздин Саламаттык сактоо министрлиги өзү уюштурган конференция, семинарлардын баарын токтоттук.

«Азаттык»: - Кыргызстанда коронавирус катталса, иш-аракет ырааты кандай болот?

Гүлжигит Аалиев: - Ал сөзсүз түрдө ооруканага жаткырылат, башка адамдар менен байланышы таптакыр үзүлөт, изоляцияга алабыз. Атайын даярдалган палаталар азыркы тапта Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын клиникасында эле бар. Ошондой эле ал адам кайсы жактан учуп келди, кимдер менен учурашты, ал келген учактагы адамдар, үй-бүлө мүчөлөрү - айтор байланышта болгондордун баары 14 күндүк обсервацияга алынат.

«Азаттык»: - Өпкөнү сезгенткен ооруда адамга жардам берчү жасалма дем алдырган жабдуулар (ИВЛ) жетиштүүбү?

Гүлжигит Аалиев: Биздин эле оорукананы ала турган болсок, азыр 12 жабдуу иштеп жатат. Бир убакта 12 кишини ушундай аппаратка туташтыра алабыз. Ошондой эле биздин түштүк аймактардагы ооруканаларда да жабдуулар даяр. Кокус кырдаал курчуп, өтө эле көбөйүп кетсе, башка ооруканалардан да алып келүүнү пландап койдук.

Дагы караңыз Коронавирус тууралуу 12 суроого жооп

«Азаттык»: - Оорунун белгилери байкалса эмне кылыш керек?

Гүлжигит Аалиев: - Сөзсүз түрдө үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыш керек. Ал кайрылууну ишке ашыруунун тартиби: кокус жаран коронавирус эпидемиясы күчөп жаткан өлкөгө барып келсе же барган адам менен байланышы болсо, анан оорунун белгилери байкалса, үй-бүлөлүк дарыгерди үйүнө чакырышы керек. Дарыгер келип, диагнозу аныкталгандан кийин бейтапты атайын «Тез жардам» машинеси менен жугуштуу ооруларды дарылаган ооруканага алып барышат. Анын жакындарынын баары изоляцияга алынат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​