Коронавирус: кыргыз өкмөтүнүн даярдыгы

Ирандагы коомдук транспортту дезинфекциялоо учуру.

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жугузгандар жок экени маалымдалды. Ошол эле маалда Кыргызстан эпидемияны ооздуктай алабы деген суроо жаралды.

26-февралда өкмөт Жогорку Кеңеште коронавируска байланыштуу маалымат берди.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова дүйнөнү каптап жаткан эпидемияга Кыргызстандын даярдыгы кандай деген суроого мындай жооп узатты:

"Чек ара өткөрмө бекетинде 22 санитардык карантиндик пункт ачылган. Обсервация үчүн 964 орун даярдалды. Учурда стационардык шартта 158 адам медициналык байкоодо турат. 28-январдан бери Кытайдан 1083 адам келди, анын 415и кытай жараны".

Өмүрбекованын айтымында, Кытайдан келгендердин баары обсервациядан өтүп, анализдери таза чыккан.

Ошондой эле ал учурда Кытайда Кыргызстандын 271 жараны бар экенин, алардын 77си кайтып келүү ниетин билдиргенин кошумчалады.

Кыргызстан коронавируска байланыштуу төрт өлкөдөн келген жарандарды 14 күндүк карантинге алууну чечкен. Эгер буга чейин Кытайдан келгендер гана карантинге алынып жаткан болсо, эми Түштүк Кореядан, Жапониядан, Ирандан жана Италиядан келгендер боюнча да чара көрүлөт.

«26-февралга карата Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жугузгандар катталган жок. 158 адам стационардык негизде, дагы 408 адам жашаган жеринде дарыгерлердин көзөмөлүндө турат», деп билдирди Саламаттык сактоо министрлиги.

Бул отурумда Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны күн сайын көбөйүп жатканына байланыштуу чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады.

Депутат сырттан кирип жаткандарды текшерүү кандай жүрүп жатканын сурап, вирус катталган өлкөлөр менен карым-катышты токтото турууну сунуштады.

"Вирус катталган өлкөлөрдүн жетекчилерине Тышкы иштер министрлиги аркылуу сүйлөшүп, түшүндүрсөңүздөр, алар деле туура кабыл алат го дейм. Убактылуу жарандарыңар кирбейт десе, туура эле түшүнөт да. Эмнесинен чочуйбуз? Бизге элибиздин ден соолугу, өлкөдөгү акыбал биринчи орунда турат", - деди Зиядин Жамалдинов.

Коронавируска байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы жабылганына бир айдан ашты. Ал арада базардагы айрым товарлардын баасы көтөрүлүп жатканы кабарланды.

Экономика министри Санжар Муканбетов 26-февралда өкмөткө маалымат берип жатып, кырдаалга байланыштуу кыргыз өкмөтү соода-сатыктын башка жолдорун караштыра баштаганын билдирди.

Анын айтымында, ишкерликти коргоо максатында атайын программа даярдалып жатат.

«Индияны, Пакистанды, Индонезияны, Түштүк Кореяны, Өзбекстанды, Түркмөнстанды жана Бириккен Араб Эмираттарын альтернатива катары караштырып жатабыз. Мартта Түркия менен чоң жармаңке өткөнү турат. Импорттун ордун толтурууну ошол жакка жылдыруу боюнча элчиликтерге тапшырма бердик. Негизинен синтетикалык кездеме Кытайдан эле чыгат экен. Өкмөт программа даярдап жатат», - деди Муканбетов.

Коронавирус же COVID-19 Кытайдын Ухань шаарында январь айында катталган. Эпидемияга байланыштуу шаар карантинге алынган. Учурда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 80 миңден ашты. Каза болгондордун саны 3000ге чукулдады.

Учурда вирус Кытайдан тышкары 30дан ашуун өлкөдө катталды. Айрымдарында киши өлүмү менен коштолду. Адистер коркунучтуу вирустун тарап кетишинин алдын алуу аракеттери ишке ашпай, пандемия жакындап келе жатканын айтышууда.

«Коронавирустун жайылуу коркунучу күч алды, дүйнөнүн башка бөлүгү анын алдын алууга даяр эмес», - деди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Брюс Эйлвард.

Үстүбүздөгү жумада Африканын Алжир, Европанын Хорватия, Франция, Швейцария, Германия өлкөлөрүндө вирус жуккан адамдар катталды.

Италияда бул илдеттен көз жумгандардын саны 11 кишиге жетти. 332 адам ооруну жугузуп алган. Иранда 15 адам набыт болуп, жүз киши ооруга чалдыкканы расмий кабарланды. Бирок көз каранды эмес маалымат каражаттары Иранда вирустан өлгөндөрдүн саны 70ке чукулдаганын жазышууда.

Ал эми Орусияда Жапониядагы саякат кемесинен алынып келген үч адам карантинде жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​