Конституциялык палатанын чектелүү чечими

Башкы прокуратура.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы "башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугусуз коргой албайт" деген чечим кабыл алды. Бул чечимди кубаттагандар да, сындагандар да бар.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы 17-октябрда Медиа Полиси институту менен "Адилет" укук клиникасынын "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 4-беренесин мыйзамсыз деп табуу тууралуу арызын карап, чечим чыгарды.

Ага ылайык, мыйзамдын 4-беренеси Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, башкача айтканда тең укуктуулук принцибине карама-каршы келет деп табылды.

"Ушундан улам башкы прокурор президенттин ар-намысын коргош үчүн өлкө башчынын атынан жана анын уруксаты менен гана сотко кайрыла алат. Эгер доодо моралдык зыян үчүн кенемте каралса, каражаттын суммасын да президент аныкташы керек", - деп айтылат Конституциялык палата тараткан маалыматта.

Чечимде ошондой эле башкы прокурор тиешелүү адамдын эркине каршы анын ар-намысын коргош үчүн сотко кайрылып, моралдык чыгымды өз алдынча аныктай берсе “мыйзам жана сот алдында баары бирдей” деген конституциялык принцип бузулары белгиленген. Өкмөткө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуш жиберилди.

“Адилет” укук коргоо клиникасынын башчысы, экс-депутат Чолпон Жакупова алардын арызы жарым-жартылай канааттандырылганын белгилеп жатат. Укук коргоочу мамлекет башчы башка бардык жарандар сыяктуу эле өзү адвокат жалдап, сотко кайрыла ала турганын айтууда. Ал бүтүндөй бир институтут президенттин укугун коргоп чыкканы туура эмес көрүнүш деп эсептейт:

Чолпон Жакупова.

- Биз Башкы прокуратура президенттин атынан арыз берип, коргоп жатканын Конституцияга туура келбейт деп табууну суранганбыз. Алар "президенттин конституциялык-укуктук өзгөчө макамын эске алып, башкы прокурор анын атынан чыгыш керек, бирок анын макулдугу менен" деп жатышат. Ошондуктан бул жерде жарым-жартылай чечим чыкты деп жатабыз. Конституциялык палата өз чечиминде бир чети Башкы прокуратура өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткенин көрсөткөнү менен, экинчи жагынан ушундай чечим чыгарып жатат. Муну менен “бардык жарандар мыйзам алдында бирдей” деген принцип бузулуп жатат. Анткени президент жеке адам катары өзү сотко кайрылышы керек, ал башка жарандардай эле өзүнүн кызыкчылыгын коргой турган адвокат жалдашы керек, бирок ал Башкы прокуратура болбошу керек. Бүтүндөй институт бир кишинин ар-намысын коргоп жатканы нормалдуу көрүнүш эмес.

Былтыр мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева сөз болуп жаткан мыйзамга таянуу менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргош үчүн "Заноза" сайтынын журналисттерине, укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы сотко кайрылып, миллиондогон сом доо өндүрүүнү суранган. Бардык инстанциялар бул өтүнүчтү толук канааттандырган. Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев материалдык доодон баш тарткан.

Ал эми Чолпон Жакупова бийлик алмашпаса, Конституциялык палата укук коргоочулардын арызы боюнча мындай чечим чыгармак эмес деп эсептейт.

“Башкы прокурор президенттин ар-намысын өз алдынча коргоп, өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап жатат” деген маселе буга чейин да, "Занозага" байланыштуу өткөн соттук жыйындарда бир нече жолу көтөрүлгөн. Бирок сот аны эске алган эмес. Ошол кезде жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар ушундай эле арыз менен Конституциялык палатага кайрылып, кайра "бийликтин басымынан улам туура эмес чечим чыгып калышы ыктымал" деген кооптонуудан улам арызын кайтарып алышкан.

Алардын катарында жүргөн Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бул жолу деле саясий негизде чечим чыкты деп эсептейт:

Клара Сооронкулова.

- Өнүккөн өлкөлөрдө андай нерсе жок, президенттер башка жарандардай эле ар-намысын, аброюн өзү коргойт. Мамлекет президент үчүн атайын механизм түзүп бербейт. Буга чейин көрдүк да, президенттердин ичинен муну кыянаттык менен пайдаланып келген жалгыз Атамбаев эмес, Бакиев деле, Акаев деле ушинтип келген. Конституциялык палата ошол механизмди жойгондун ордуна сактап калып жатат. Болгону “президент өзү уруксат берсин” деп жатат. Эгер буга чейинки соттордо Атамбаев каршы болуп, “мен буга маани берген жокмун” десе сот деле болмок эмес. Башкы прокурор президент менен макулдашып туруп, анан ошол кадамга барды да. Эч нерсе өзгөргөн жок. Мурдагыдай эле президентке кандайдыр бир айтылган сөз жакпай калса, дагы эле башкы прокурорду колдонот, сөз эркиндигине басым кылууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү Кенжебек Бокоев Конституциялык палатанын чечимин колдоп жатат. Ал адегенде президенттин макулдугун алып, анан сотко кайрылган оң деп эсептейт:

Кенжебек Бокоев.

- Антпесе ар бир президенттин атынан берилген арыз “басма сөзгө басым кылып жатат” деп мамлекет башчынын да аброюн түшүрүп коюшу мүмкүн. Ошондо башкы прокурор эле эмес, президент да сотко берип жатканы билинет, ачык болот. Эртең "мен билген эмесмин, булар өздөрү эле берип салыптыр" деген сөз болбойт.

Буга чейин Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу жөнүндө укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүн карап, аны жарым-жартылай канааттандырган.

Токтакуновдун айтымында, ал өз кайрылуусунда кол тийбестикти таптакыр алып салууну өтүнсө, Конституциялык палата "кол тийбестик керек, бирок ага кошуп кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары да каралсын" деген мааниде бүтүм чыгарган.

Юрист, парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев бийлик бутактары бири-бирине көз каранды болбогон шартта гана тиешелүү чечимдер чыгат деп эсептейт.

Мукар Чолпонбаев.

- Ар ким өзүнүн иштеп турган ордун, эмгек акы алып, жан багып жаткан нерсесин сактоонун аракетин кылат да. Бийликтен көз каранды болуп турушат. Бардык нерсе ошондон. Конституциялык палатаны түзгөндөн кийин, ал Жогорку соттун курамында тургандан кийин аларды эч ким кызматтан ала албай тургандай кылып койгондо шарт башкача болот эле. Ошондуктан көз каранды эмес деп айтуудан алыспыз. Бийликтеги адамдардын кызыкчылыгы болгон жерде алар буйрук, өтүнүч болбосо дагы бийликке тартып жатканы көрүнүп эле турат.

Жыл башында эл аралык "Human Rights Watch" укук коргоо уюму дүйнөнүн 90 өлкөсүндөгү адам укуктарынын абалын талдап, жаңы баяндамасын жарыялаган. Анда Кыргызстандагы миллиондук доолор сөз эркиндигин артка тартканы баяндалган. Бул уюмдун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Хью Уильямсон "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берип, 2017-жылы Кыргызстандагы сөз эркиндиги катаал сыноого туш болгонун белгилеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.