3-октябрда Жогорку соттун алдындагы Конституциялык палата укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу тууралуу өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырды.
Укук коргоочу "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга каршы келет деп таануу өтүнүчү менен кайрылган. Мыйзамдагы бул норма экс-президенттердин кол тийбестигин абсолюттук түрдө камсыз кылат.
Конституциялык палата мыйзамдын 12-беренеси “Баш мыйзамга каршы келет” деп таап, бирок экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуунун жол-жобосунун жоктугун көрсөттү.
Токтакуновдун белгилешинче, Конституциялык палатанын чечимин "экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуунун процедуралары иштелип чыксын" деген мааниде түшүнсө болот. "Экс-президенттин кол тийбестигин алып салуунун процедурасы импичменттин процедурасынан жеңил болбошу керек деген бүтүм чыгарды", - деди укук коргоочу. "Эми процедураларды Жогорку Кеңеш аныкташы керек деп жоопкерчиликти кыйыр түрдө парламентке жүктөп койду", - Токтакунов Конституциялык палатанын чечимин "жоктон көрө жогору" деп баалады.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттин чексиз кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылышкан. Долбоордун авторлорунун бири Исхак Масалиев Конституциялык палатанын чечимин ишке ашырууну эми колго алыш керек деген пикирде.
"Экс-президентти жоопко тартыш үчүн жол-жобосун ойлонуп чыккыла, жөнөкөй жарандардай эмес, балким прокурордун сунушу менен Жогорку Кеңеш чечим чыгарабы же башка жолун иштеп чыккыла" деген окшойт" - деди эл өкүлү "Азаттыкка" берген комментарийинде. Ал ошондой эле "Конституциялык палатанын чечимин көңүл сыртында калтыра албайбыз" деп кошумчалады.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев экс-президенттердин кол тийбестигин алуу маселесин референдум аркылуу чечүүнү туура деп санайт. "120 депутат же жалгыз эле президент кабыл алып койгон чечим болбошу керек. Ал коллегиалдуу түрдө эмес, дал референдумдун жүрүшүндө кабыл алынышы зарыл"- деди Сагымбаев.
“Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесинде “экс-президенттер кылмыш жообуна тартылбайт, кармалбайт, камакка, тинтүүгө жана суракка алынбайт” деп жазылган.
Кыргызстанда экс-президент статусу Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевде гана бар.
Пост-советтик өлкөлөрдө экс-президенттердин макамы ар кандай тартипте аныкталган. Маселен, саясий тиреш күчөгөн Арменияда 1998-2008-жылдары мамлекетти башкарган Роберт Кочарян 10 жыл мурунку кагылышта 10 адамдын өмүрү кыйылган окуяга айыпталып, кылмыш иши козголду. Бир нече күн камакта да отуруп чыкты.
Анын адвокаты Арам Орбеляндын айтымында, Арменияда мурдагы президенттердин функционалдык иммунитети бар. "Экс-президенттер тууралуу сөз жүргөндө ал кызматта турган кезиндеги бардык аракеттери үчүн эмес, ыйгарым укугунан, башкача айтканда, жеке жаран эмес, президент катары жасаган аракеттери үчүн гана кол тийбестикке ээ дегенди билдирет деген адвокат Апелляциялык сот экс-президенттин функционалдык иммунитетин эске алып, Кочерянды үй камагына чыгарганын түшүндүрдү.
Грузин парламентинин мурдагы төрайымы Нино Буржанадзе экс-президент бийликтен кеткен соң функционалдык иммунитети да токтотуларын белгилейт. Иммунитет тигил же бул адам расмий бийлик ыйгарымын тикелей аткарган учурда гана аны башкалардын таасиринен, басым-кысымынан коргоо үчүн берилет. Бирок кылмыш проблемалары далилденген учурда иммунитет мурдагы президентте да жок" - деген таасирдүү саясий ишмер бийликтеги президент үчүн импичмент процедурасы бардыгын, аны менен бирге кылмыш жоопкерчилигинен эч ким корголбогонун эске салды.
Грузияда 2013-жылдан тарта президентти парламент шайлаган тартип киргизилди. Андай системада премьер-министр негизги саясий фигурага айланат.
Латвиянын 2007-2011-жылдардагы президенти Валдис Затлерс мурдагы мамлекет башчы катары ашыкча укугу жоктугун «Азаттыкка» берген комментарийинде айтып берди. "Иммунитет реалдуу түрдө сен президенттин милдетин аткарып жаткан учурда гана берилет, андан кийин жөнөкөй жарансың. Эгер кандайдыр бир кылмыш ишке барган болсоң, сени соттойт, жоопко мыйзамдын толук талабына ылайык тартышат", деген мурдагы мамлекет башчы мыйзам баары үчүн бирдей, бул - укуктук мамлекеттин негизги принциби" - деди "Азаттыкка" берген комментарийинде. Бул өлкөдө эгер бийликтеги президент кандайдыр бир укук бузууга барса, импичмент процедурасы каралган.
Борбор Азия өлкөлөрүндө бийликтеги президенттер келечектеги ыктымал тобокелдикти эске алуу менен кол тийбестикти бекемдешкен.
“Казакстан Республикасынын Биринчи президенти - Элбашы тууралуу” атайын мыйзамга ылайык, Нурсултан Назарбаевге 2010-жылы “улут көсөмү” деген да макам ыйгарылган. “Элбашынын” өмүрүнө коркунуч келтирүү - Казакстанда террористтик кылмышка барабар деп саналат.
Казак мыйзамы боюнча кол тийбестик биринчи президенттин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүнө да жайылтылат.
Эмомали Рахмон “Тажикстандын Жогорку кеңешинин төрагасы, Тажикстандын президенти, Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - улут көсөмүнүн ыйгарым укуктарын аткаруудагы аракеттери үчүн” жоопкерчиликке тартылбайт. Тажик лидеринин үй-бүлө мүчөлөрү толугу менен кол тийбестик макамына ээ.
Өзбекстанда “экс-президент кол тийбестикке жана иммунитетке өмүр бою” ээ болот. Президент катары ыйгарым укуктарын аткаруу менен байланышкан аракеттери үчүн кылмыш же башка жоопкерчиликке тартылбайт.
Батыш - Орусия: Киберчалгын жаңжалы
Батыштын беш өлкөсү Орусиянын Башкы чалгын кызматы - ГРУну хакерлик үчүн айыптап, Москвага басымды күчөттү.
4-октябрда Нидерланддын өкмөтү Орусиянын төрт аскердик чалгын офицерин өлкөдөн дароо депортациялаганын жарыяласа, АКШ орусиялык жети чалгынчыга расмий айып таккан. Москвага коюлган дооматка Британия, Австралия, Канада да кошулду.
Батыш мамлекеттеринин жаңы дооматтарына караганда, Орусиянын башкы чалгын мекемеси же мурдагы ГРУ соңку хакерлик чабуулдарында Химиялык куралга тыюу салган эл аралык уюмду, Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктерди, спорттук федерацияларды бутага алган.
Орусиянын чалгын кызматы киберчабуулду "үйүндө отуруп эле жасабастан, офицерлерин дипломатиялык паспорт менен чет өлкөгө да жибере алганын, мамлекет колдогон хакердик уюмдун ресурсу экенин анык көргөзүп турат. Ошондуктан бул олуттуу коркунуч,- деди Кошмо Штаттардын башкы прокурорунун орун басары Жон Демерс 4-октябрда Вашингтондогу басма сөз жыйынында.
Америкалык прокуролор даярдаган баяндамада айтылгандай, ГРУнун хакерлери Гаага шаарындагы Химиялык куралды иликтеген лабораторияны, АКШнын Пенсильвания штатында жайгашкан ядролук энергия компаниясын, дүйнө боюнча улуттук антидопинг агенттиктери менен спорттук федерациялардын 35 түйүнүн, анын ичинде Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин (WADA), АКШнын Кызытмага каршы агенттигинин (USADA), Канаданын спорттогу этика боюнча борборунун (CCES), Спорт боюнча эл аралык арбитраждык соттун компьютердик түйүндөрүн бузууга аракет кылышкан.
Айыптоо кортундусунда айтылгандай, мындагы башкы максат – “Орусиянын кызыкчылыктарын мыйзамсыз таасир этүү аркылуу камсыз кылуу жана жалган маалымат таратуу” болгон.
Ал эми Вашингтон айып коюп, ФБР издөө салган жети орусиялык жаран: Алексей Моренец, Евгений Серебряков, Иван Ермаков, Артем Малышев, Дмитрий Бадин, Олег Сотников, Алексей Минин экени айтылды. Булардын төртөөнү Нидерланд депортациялаган.
Бул өлкөнүн коргоо министри Анк Бейлевелд Гаагадагы басма сөз жыйынында "биздин аскердик чалгын кызматы кибер операцияны аныктап, Орусиянын төрт чалгын офицери ошол күнү 2018-жылдын 13-апрелинде өлкөдөн депортация болгон" деп билдирди. "Алардын жарак-жабдыгы ошол жерде табылды. Бул операция аркылуу Химиялык куралга тыюу салган уюмдун компьютерлик системасына коюлчу хакерлик чабуул токтотулду" - деди журналисттерге.
Мунун артынан Нидерланд жана Британиянын премьер-министрлери Марк Рютте менен Тереза Мэй биргелешкен билдирүү таратып, Орусияны “глобалдык баалуулуктарды тебелеп” жатканы үчүн айыпташты.
Европа кеңешинин президенти Дональд Туск, Еврокомиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер жана Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Федерика Могерини “мындай агрессивдүү аракет Химиялык куралга тыюу салган уюмдун максаттарын сыйлабастык” деп баалашты.
Европа Биримдигинин жетекчилери биргелешкен билдирүүсүндө «эл аралык укукка жана институттарга көлөкө түшүргөн мындай аракеттерди айыптайбыз» деп чыгышты.
НАТОнун баш катчысы, Йенс Столтенберг Орусияны “акылсыз жүрүм-турумду токтотууга чакырды. "Орусия мындай акылсыз жүрүм-турумун, аны менен катар коңшуларына каршы күч колдонуп, шайлоосуна аралашып жана дүйнөгө жалган маалымат жайылтууну токтотуусу керек" - деди аскердик альянстын жетекчиси.
Нидерландга чейин Лондон Орусиянын Башкы аскердик чалгын кызматын бир катар ири киберчабуулдардын артында турганы үчүн айыптаган.
Британиянын коопсуздук баяндамасында белгиленгендей, ГРУнун бир нече хакерлик топтор менен байланышы бар. Алар Батыштын спорттон тарта транспорттук мекемелерине чейин, шайлоо системаларынын компьютерлик түйүндөрүн бутага алган.
Лондон ГРУну "дүйнөдө башаламандык жаратып, пикир келишпестикти жайылтуу үчүн хакерлердин түйүнүн колдонгон кибер-агрессор” деп атаган.
Орус Тышкы иштер министрлиги соңку дооматтарды Батыштын “фантазиясы” катары баалады. Мекеменин өкүлү "ГРУну, кибертыңчыларды, Кремлдин хакерлерин, WADA - баарын бир бөтөлкөгө аралаштырып, уулуу парфюмерия жасашты" - деп Батышты шылдыңдады.
Расмий Лондон быйыл мартта Солсбери шаарында орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипалды жана анын кызы Юлияны химиялык зат менен ууландырып, өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн жоопкерчиликти ГРУнун офицерлерине жүктөгөн.
Буга чейин Вашингтон ГРУну 2016-жылкы президенттик шайлоо алдындагы киберчабуулдар үчүн айыптап, атайын кызматтын бир нече офицерине, анын ичинде башчысы Игорь Коробовго санкция салган.
Нобел сыйлыгы: Ракты ооздуктаган дарыгерлер, эзүүдөн бошонгон эзид кыз
Узап бараткан жумада дүйнөдөгү кадыр-барктуу Нобел сыйлыгынын медицина, физика, химия жана тынчтык боюнча лауреаттары жарыяланды.
Медицина жана физиология тармагы боюнча сыйлыгы америкалык илимпоз Жеймс Эллисон менен жапониялык окумуштуу Тасуку Хондзеге берилди. Алар рак илдетин дарылоодогу жаңы ыкманы ойлоп табышканы үчүн сыйланганын Швециянын падышалык академиясы 1-октябрда жарыялады.
Эки окумуштуу 1990-жылдары ар бири өз алдынча адамдын организминдеги рак клеткаларына каршы күрөшүүчү табигый иммундук системаны тоготпогон «зыяндуу» белокторду аныкташкан. Кийин илимпоздор ошол "зыяндуу" клеткаларга туруштук бере ала турган дарылоо ыкмасын да ойлоп табышкан.
70 жаштагы иммунолог Жеймс Эллисон сыйлык биринчи жолу рак илдетин дарылоо ыкмасы үчүн ыйгарылганын айтты. "Мен рак оорусунан жабыркап келген бардык бейтаптарга биз прогресске жетишип жатабыз" деди кубанычын жашыра албай.
Илимпоздордун айтымында, адамдын иммундук системасы организмдеги мутация болгон клеткаларды таап, алар көбөйүп кете электе жок кылганга жөндөмдүү. Бирок рак клеткалары бул табигый коргонуу системасын "алдап", шишиктин тез чоңоюшуна шарт түзө баштаган. Эллисон менен Хондзе рак клеткаларынын "амалын" алдын ала билип, иммундук системаны күчтөндүрүүнүн жолун табышкан. Муну менен рак илдетин дарылоодо чыныгы революция жасалып, анын негизинде бир катар дары-дармектердин жаңы түрү чыгарылган.
Эки иммунологго таандык бул ачылыштан кийин рак илдетинин акыркы, айыккыс деп саналган стадиясын да айрым учурда дарылоого мүмкүн болуп калганын башка окумуштуулар белгилешет.
Физика боюнча сыйлыкка Артур Эшкин, Жерар Мурр жана Донна Стрикленд оптикалык пинцет жана ультра кыска оптикалык импульстарды генерациялоо ыкмасын ойлоп табышканы үчүн алышты.
59 жаштагы Донна Стрикленд Нобелдин физика боюнча сыйлыгын алган үчүнчү аял. Буга чейин эки гана аялга: 1903-жылы Мария Склодовская-Кюриге, 1963-жылы Мария Гепперт-Майерге берилген.
Учурда өтө кыска импульстардын лазерлери ар кандай тармактарда кеңири пайдаланылат. Маселен, медицинадагы микроскопияда, оптикалык томографияда. Абдан кылдат анын ичинде адамдын көзүнө жасалган операциялар дал ушул лазелерди колдонуу менен ишке ашат.
Бул лазерлер маалыматты абдан тез ылдамдыкта таратчу жаңы системаларда пайдаланылат. Былтыр физика жаатындагы бул сыйлык гравитациялык толкундар жаатындагы иликтөөлөр үчүн тапшырылган.
Америкалык Фрэнсис Арнольд, Жорж Смит жана британиялык окумуштуу Грегори Уинтер химиялык өндүрүштө экологиялык технологияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Химия боюнчы сыйлыктын лауреаттары аталышты.
Фрэнсис Арнольддун ферменттердин эволюциясын, Жорж Смиттин жана Грегори Уинтердин пептиддер менен антителолорду иликтеген эмгектери жогору бааланды.
Нобелдин 2018-жылкы Тынчтык сыйлыгын лауреаттары болуп конголук дарыгер Денис Муквеге жана ирактык укук коргоочу Надия Мурад аталды. Бул тууралуу Норвегиянын Нобел комитети жума күнү жарыялады. Алар куралдуу жаңжалдар менен согуштарда сексуалдык зордук-зомбулукту колдонууну токтотуу үчүн жасаган эмгеги менен татыды.
Дарыгер-гинеколог Муквеге Африканын Конго Демократиялык Республикасында куралдуу кагылыштарда миңдеген сексуалдык зордук көргөндөргө жардам берип, жашоо тартуулаган. Сыйлык ыйгаруу комитети Муквегенин “өмүрүн согуштан жапа чеккен аялдарды коргоого арнаганын” жогору баалап, аны менен катар Конгонун бийлигин аялдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүүнү токтото албаганы үчүн такай сындаганын баса белгилейт.
63 жаштагы Муквеге өз мекенинде оорукана ачып, массалык зордуктоого кабылган аялдарды дарылап, гинекологиялык жараат алгандарды айыктырган. Жаңжал маалында 10-18 саат операция жасаган учурлары болгон. Талбас эмгеги үчүн 2008-жылы Улуттар Уюмунун Адам укуктары сыйлыгын, кийинки жылы укук коргоо жаатындагы абройлуу Улоф Пальме атындагы сыйлыкты алган. 2014-жылы согушта сексуалдык кордолгон аялдарды реабилитациялоодо сиңирген эмгеги үчүн Сахаров сыйлыгы ыйгарылган. Журналисттердин маалыматына караганда, Муквеге 10 жылдан бери сыйлыкка талапкер болуп көрсөтүлүп жүргөн.
Надя Мурад Баси Таха - "Ислам мамлекетти” террордук тобунун согушкерлеринин эзүүсүнө кабылган 3000 езид аялдын өкүлү. Экстремисттердин туткунунан качып чыккан Мурадга сыйлык “өз башынан өткөргөнүн жана башкалар көргөн кордугун дүйнөгө айтып берген чечкиндүүлүгү жана эр жүрөктүгү” үчүн ыйгарылды.
2016-жылы Мурад 23 жаш курагында Улуттар Уюмунун ак ниеттик элчиси болуп дайындалган. Эзиддердин өкүлү дүйнөлүк лидерлер менен жолугуп, террордук топтун аялдарды кордоп, адам сатканы жана башка кылмыштары тууралуу айтып берген.
Надия Мурад адам укуктары боюнча Вацлав Гавел сыйлыгын жана мекендеши Ламия Ажи Башар экөө Сахаров сыйлыгын алышкан. Эзид кызды “Time” журналы 2016-жылкы 100 таасирдүү адамдын бири деп тааныган.
Быйыл Тынчтык сыйлыгына АКШнын президенти Дональд Трамп, орусиялык “Новая газета” басылмасы, 20 жылга кесилип, орус абагында отурган украин режиссеру Олег Сенцов көрсөтүлгөн.
Нобел сыйлыгына быйыл 216 мамлекеттик жана коомдук ишмер, 115 уюм талапкер болуп көрсөтүлгөн.
Сыйлыктын акчасы – тогуз миллион швед крону (бир миллион доллар).
Тынчтык сыйлыгын буга чейин АКШнын президенти Барак Обама, америкалык укук коргоочу Мартин Лютер Кинг, католиктердин Тереза Энеси, Түштүк Африка Республикасынын президенти Нелсон Мандела, СССРдин президенти Михаил Горбачев алган.
Нобел сыйлыгын тапшыруу аземи 10-декабрда Альфред Нобел дүйнө салган күнү тапшырылат. Адегенде Ослодо башталып, анан Стокгольмдо физика, медицина, адабият жана химия боюнча лауреаттар сыйлыкты алышат.